11 Ekim 2020 Pazar

КИРИШ СӨЗ: ТҮСТҮҮ ДҮЙНӨ

Бир дагы түс болбогон, капкараңгы дүйнөдө жашасак кандай болоорун ойлонуп көрдүңүз беле? Бир саамга буга чейин билгендериңиздин баарын унутуп ойлонуп көрүңүз. Денеңиздин, айланаңыздагы адамдардын, деңиздердин, асмандын, дарактардын, гүлдөрдүн, кыскасы, бүт нерсенин капкара экенин көз алдыңызга элестетүүгө аракет кылыңыз. Айланаңызда эч кандай түс жок деп элестетиңиз. Айланаңыздагы адамдардын, мышыктардын, иттердин, канаттуулардын, көпөлөктөрдүн, мөмө-жемиштердин эч биринин түсү болбосо, сезимдериңиз кандай болот эле, элестетип көрүңүз. Андай дүйнөдө жашоону эч качан кааламак эмессиз, туурабы?

Көп адамдар ушул күнгө чейин канчалык түстүү бир дүйнөдө жашап жатканын, айланасындагы түстөрдүн кантип мынчалык көп түрдүү болоорун эч ойлонбогон болушу керек. Түссүз дүйнөнүн кандай болоору эч оюна келбеген чыгаар. Анткени көзү көргөн ар бир адам көзүн ачаары менен түстүү дүйнөнү көрүп баштаган. Бирок жер жүзүнүн капкараңгы, түссүз болушу ыктымалдыктан алыс эмес, тескерисинче азыркыдай түркүн түстүү дүйнөдө жашап жатышыбыз таң калыштуу.

Түссүз бир дүйнө дегенде оюбузга кара, ак жана боз түстөрдөн турган бир жер элестеши мүмкүн. Бирок кара, ак жана боз дагы бир түс. Ошондуктан түссүз дүйнөнү элестетүү абдан кыйын. Түссүздүктү сүрөттөө үчүн да сөзсүз бир түстү колдонууга мажбур болобуз. «Бүт тарап түссүз, капкара болчу; жүзүнүн өңү кетип, бозоруп калган эле» деген сыяктуу сөзсүз кандайдыр бир түстү колдонушубуз керек болот. Бирок булар түссүздүктү эмес, ак-кара дүйнөнү сүрөттөйт.



Бир саамга айланаңыздагы бүт нерсенин түсүнүн жоголуп кеткенин элестетип көрүңүз. Анда бүт баары бири-бирине аралашып, буюмдарды бири-биринен айырмалай албай калабыз. Мисалы, күрөң жыгач столдун үстүндө турган кызгылт сары апельсинди, кызыл кулпунайларды же түркүн түстүү гүлдөрдү көрө албайбыз; анткени апельсин кызгылт сары, стол күрөң, кулпунайлар кызыл болбойт... Сүрөттөп түшүндүрүү да ушунчалык кыйын болгон мындай түссүз дүйнөдө кыска убакыт жашоо да адамды чоң азапка салат. Адамдын сырткы дүйнө менен байланыш түзүшүндө, эс-тутумунун иштешинде, мээсинин үйрөнүү функциясын аткарышында түстүн мааниси чоң. Себеби адам окуялар менен жерлердин, кишилер менен буюмдардын ортосунда сырткы көрүнүштөрү жана түстөрү аркылуу гана туура байланыш курат. Буюмдарды таанууда бир гана үн же кармап көрүү жетиштүү болбойт. Адам үчүн сырткы дүйнө түстөрү менен гана бүтүн көрүнөт.

Түстөрдүн көп түрдүүлүгүнүн бизге пайдасы бир гана айланабызды таанышыбыз эмес. Табияттагы түстөрдүн кемчиликсиз шайкештиги адамдын рухуна терең ырахат тартуулайт. Бирок бул жерде бир нерсеге көңүл буруу керек: адамдар бул кооздукту көрүп, андан ырахат алышы үчүн адамдарга өзгөчө долбоорлуу көздөр берилген. Жандыктар дүйнөсүндө түстөрдү эң жакшы байкай алган эң функционалдуу көз – бул адамдын көзү. Адамдын көзү миллиондогон түстү сезе алат.1 Көрүнүп тургандай, адамдын кемчиликсиз иштеген көз механизми атайын түстүү дүйнөнү көрүшү үчүн долбоорлонгон. Ошондуктан ааламда ушундай тартиптин бар экенин түшүнө алган жер бетиндеги жалгыз жандык – бул акылы бар адам баласы. Бул маалыматтардан төмөнкүдөй жыйынтык чыгат:

Жер бетиндеги жана асмандагы ар бир нерсе, ар бир дизайн, ар бир түс адамдар аны түшүнүп, алар жөнүндө ой жүгүртүшү үчүн жаратылган. Табияттагы бардык түстөр адамдын рухуна ырахат тартуулай тургандай кылып жасалган. Жандыктарда да, жансыз дүйнөдө да кемчиликсиз симметрия жана түстөрдүн шайкештиги орун алган. Буларды көргөндө ой жүгүрткөн адамдын оюна маанилүү суроолор туулат.

Жер жүзүн түстүү кылган эмне? Дүйнөнү укмуш кооз кылган түстөр кантип пайда болот? Жер жүзүндөгү ар түркүн түстөрдүн жана алардын ортосундагы шайкештиктин долбоору кимге тиешелүү? Булардын баарын көптөгөн кокустуктардын жана максатсыз өзгөрүүлөрдүн натыйжасында пайда болгон деп айтууга болобу? Албетте, эч ким минтип айта албайт. Башаламан кокустуктар миллиондогон түс мындай турсун, эч нерсени пайда кыла албайт. Мисалы, бир көпөлөктүн канаттарын ойлонуп көрүңүз; же ар бири искусство шедеври болгон түркүн түстүү гүлдөрдү. Буларды «өзүнөн-өзү, эч кандай плансыз пайда болгон» деп эч бир акылдуу адам айта албайт.

Бул чындыкты төмөнкүдөй мисал менен оңой эле түшүнүүгө болот. Бир адам табияттагы дарактарды, гүлдөрдү чагылдырган бир сүрөттү көргөндө, ал сүрөттөгү түстөрдүн шайкештигин, белгилүү тартиптеги формаларды кокусунан пайда болгон дебейт, ал тургай, мындай нерсе оюна да келбейт. Ал адамдын алдынан бир киши чыгып: «мобул сен көрүп турган краскалар шамал болуп кулап түштү, андан соң жамгыр жана башканын таасири менен, арадан көп убакыт өткөнүнө байланыштуу ушундай бир сүрөт пайда болду» десе. Ал кишиге эч кимдин ишенбеши анык. Бул жерде абдан кызыктуу бир жагдай бар. Мындай акылсыз сөздөрдү айтууга эч ким батына да албайт, бирок эмнегедир табияттагы кемтиксиз түстөр менен симметрия ушундай кокустуктардын натыйжасында пайда болгон деп айтылат, ал тургай, бул тууралуу эволюционисттер тарабынан «кокустук гипотезалары» даярдалып, ар кандай изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу негизсиз теорияларды чыгаруудан эч тартынышпайт.

Көрүнүп тургандай, бул анык сокурдук. Жана муну түшүнүү да абдан кыйын. Бир аз ой жүгүртүп бул сокурдуктан кутулган киши болсо бул дүйнөдө абдан кереметтүү чөйрөдө жашап жатканын түшүнөт. Ошондой эле, ал киши жашоо үчүн эң ыңгайлуу шарттары бар бул чөйрөнүн кокусунан пайда болбой тургандыгына толук ишенет. Ой жүгүрткөн адам бир сүрөттүн сүрөтчүсү бар экенин бир караганда эле түшүнгөндөй, айланасындагы түркүн түстүү, кулпурган, симметриялуу жана абдан кооз чөйрөнүн да бир Жаратуучусу бар экенин түшүнөт. Ал Жаратуучу – жаратууда эч бир шериги жок, бүт нерсени бири-бирине шайкеш жараткан, бизди миллиондогон түстөр менен кооздолгон сансыз сулуулуктары бар бул дүйнөгө жайгаштырган Аллах. Аллах жараткан нерселердин баары бири-бирине төп келет. Аллах теңдешсиз жаратуу чеберчилигин Куран аяттарында төмөнкүчө кабар берет:

Бул эки сүрөттү салыштырганда, түстүү дүйнөнүн канчалык маанайыбызды көтөрөөрүн эң жакшы түшүнөбүз.



Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» таба албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн үзүп чарчаган абалда сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)

 

АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ

Аллах жаратуу үчүн план, долбоор түзүүгө муктаж эмес.

Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Курандын аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)


Булактар:

1. Bilim ve Teknik Dergisi, Mart 1985, s.23

ТҮС ДЕГЕН ЭМНЕ? КАНТИП ПАЙДА БОЛОТ?

Кээ бир жагдайлар адамдын эсинде жакшы сакталат жана эч өзгөрбөйт. Мисалы, эң тааныш нерселер болгон дарактардан баштайлы. Бардык дарактардын түсү жашыл жана жашыл чалыш. Күз келгенде алардын түсүнүн өзгөрөөрүн баарыбыз билебиз. Асмандын түсү көгүлтүр же бозомук түстөрдө болот. Мөмө-жемиштердин түстөрү да эч өзгөрбөйт, мисалы өрүктүн түсү менен, алчанын түсү ар дайым белгилүү, тааныш өң. Кыскасы жарыктын астында турган ар бир жандыктын, ар бир буюмдун бир түсү бар. Айланаңыздагы буюмдарды көңүл коюп караңыз. Эмнелерди көрүп жатасыз? Стол, отургучтар, терезеңизден көрүнгөн дарактар, асман, үйүңүздүн дубалдары, айланаңыздагы адамдардын жүздөрү, жеген мөмө-жемиштериңиз, окуп жаткан бул китебиңиз... Булардын баарынын бир түсү бар. Бул түстөрдүн кантип аныкталаарын, кантип жөнгө салынаарын жана кантип пайда болоорун ойлонуп көрдүңүз беле?


Жашоодо абдан маанилүү рольду ойногон түстөрдүн пайда болушуна эмнелер керек жалпысынан карайлы. (Булар алдыда тереңирээк каралат.) Бир түс, мисалы бир кызыл же бир жашыл пайда болушу үчүн төмөнкү процесстердин баары ушул кезек менен ишке ашышы шарт.

1-Түс пайда болушу үчүн эң биринчиден жарык (нур) болушу керек. Ошондуктан эң алгач күндөн келген нурлардын кандай өзгөчөлүктө болушу керек экендигинен баштайлы. Түстөр пайда болушу үчүн күндөн жер бетине келген нурдун толкун узундугу белгилүү бир аралыкта болушу шарт. Күндөн чыккан бардык нурлардын арасынан бир гана «көрүнгөн нур» деп аталган бул нурдун жер бетине келүү ыктымалдыгы 1025тен бирге барабар. Ушунчалык төмөн ыктымалдуулук ишке ашат жана түстөрдүн пайда болушуна керектүү нурлар күндөн жерге келет.

2-Күндөн космоско тараган нурлар чындыгында көзгө зыяндуу өзгөчөлүктөргө ээ. Ошондуктан жерге келген нурлар көз кыйналбай кабыл ала турган жана зыян көрбөй турган абалга келиши керек. Ал үчүн нурлар бир сүзгүчтөн (чыпкадан) өтүшү шарт. Бул эбегейсиз чоң сүзгүч дүйнөнү курчап турган «атмосфера».

3-Атмосферадан келген нур жер бетине тарайт жана алдынан чыккан заттардын баарына урунуп чагылат. Нур урунган заттар нурду жутпай, чагылдыра турган өзгөчөлүктө болушу шарт. Көрүнүп тургандай, заттардын түзүлүшү да жер жүзүнө келген бул нур менен түстөрдү пайда кылууга шайкеш болушу керек. Бул шарт да аткарылат жана күндөн келген нур заттарга урунганда, алардан жаңы бир жарык толкуну тарайт.



4-Түстөрдүн пайда болушунун кийинки баскычында жарык толкундарын кабылдай турган бир кабылдоочу, б.а. бир көз керек болот. Жарык толкундары көрүү органдарына да шайкеш келиши шарт.

5-Күндөн келген нурлар көзүбүздүн катмарларынан өтүп, тордомо чел аймагында электрдик сигналга айландырылышы керек. Андан соң ал электрдик сигналдар адамдын мээсиндеги сүрөттөлүштү өздөштүрө турган көрүү борборуна жеткирилиши шарт.

6-Биз кандайдыр бир түстү көрдүк деп айта алышыбыз үчүн дагы бир баскыч ишке ашышы керек. Түстөрдүн пайда болушунун акыркы баскычы – бул көрүү борборуна келген элетрдик сигналдардын ал жердеги нерв клеткалары тарабынан «түс» катары кабыл алынышы.

Көрүнүп тургандай, бир эле түс пайда болушу үчүн бири-биринен көз-каранды, бир катар процесстер ишке ашышы шарт.

Түс тууралуу алынган бардык маалыматтар түстүн пайда болушундагы ар бир процесстин абдан кылдат тең салмактуулуктарга таянаарын көрсөтөт. Бул тең салмактуулуктар болбосо, түстүү дүйнөнүн ордуна күңүрт жана караңгы бир дүйнөдө жашамакпыз, ал тургай, көрүү жөндөмүбүздөн ажырамакпыз. Жогорудагы тизмеден бир эле тордомо чел аймагындагы электрдик сигналдарды сезе турган клеткалардын болбогонун элестетели. Анда күндөн келген нурлардын тиешелүү өзгөчөлүктөрдө болушу да, көздүн башка бөлүктөрүнүн толук болушу да, атмосферанын бар болушу да жетиштүү болбойт.

 

Көрүү процессинде тордомо челдин ролу

Тордомо челди тереңирээк карайлы. Тордомо челде кызмат кылган «родопсин» аттуу пигмент затын жок деп элестетели. Родопсин күчтүү жарыкта өзгөчөлүгүн жоготуп, караңгыда кайра пайда болуучу бир зат. Көздө родопсиндердин саны жетиштүү деңгээлге жеткенге чейин көз караңгыда тунук көрө албайт. Родопсиндин өзгөчөлүгү – жарыктын натыйжалуулугун жогорулатышы. Бул зат дал керектүү учурда керектүү көлөмдө иштелип чыгат. Родопсин тең салмактуулугу түзүлгөндө формалар байкала баштайт. Көрүү процессинде абдан маанилүү болгон родопсин заты болбогондо эмне болмок? Анда адамдар жарыкта гана көрө алышмак.2 Көрүнүп тургандай, көздө бүт тарабынан ойлонулган кемчиликсиз бир система бар.

Бизди караңгылыктан куткарып, бизге түстүү дүйнөнү тартуулаган бул система кимдин чыгармасы?



Бул жерге чейин айтылган бардык процесстер акылды, эркти жана күч-кудуретти талап кылат. Мындай кезектин жана шайкештиктин кокусунан пайда болбой тургандыгы айдан ачык. Мындай система убакыт аралыгында да эч качан пайда болбойт. Бул процесстерди кокусунан пайда болот деп миллиондогон, ал тургай, миллиарддаган жыл күтүлсө да, баары бир жыйынтык өзгөрбөйт. Күтүп отуруудан же кокустуктардын натыйжасында, түстүү дүйнөнү пайда кыла турган системалар эч качан пайда болбойт. Бул кемчиликсиз система атайын бир долбоор менен гана пайда болушу мүмкүн, бул болсо ал жаратылган деген мааниге келет. Аллахтын  чексиз күч-кудурети жана акылы бүт ааламды курчап турат. Ааламдагы системалардын бүт баарында Аллахтын теңдешсиз жаратуу чеберчилигинин мисалдары бар. Түстөрдүн пайда болушундагы теңдешсиз чеберчилик да Аллахтын теңдешсиз жаратуусунан келип чыккан. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү.

Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)


Булактар:

2. Jillyn Smith, Sense and Sensebilities, Willey Science Edition, s.60-61

ТҮСТӨГҮ ДОЛБООР

Биз үчүн түс заттардын өзгөчөлүктөрүн белгилеп, аларды жакшыраак сүрөттөөгө жардам берген бир түшүнүк. Айланасындагы заттардын түстөрүн бир-бирден ойлонгон адам чындыгында түстөрдүн канчалык көп экенин оңой эле түшүнөт. Жандуу-жансыз бүт нерсенин бир түсү бар. 


Ошондой эле, дүйнөнүн бүт тарабында бир түргө тиешелүү жандыктардын түстөрү бирдей болот. Кайсы жакка барбаңыз, дарбыздын түсү ар дайым кызыл, киви жашыл, деңиз көк же көгүлтүр, кар ак, лимон сары, пилдердин түсү да дүйнөнүн бүт тарабында бирдей, дарактардын түсү да бирдей, эч өзгөрбөйт. Жасалма жол менен алынган түстөр да бирдей болот. Дүйнөнүн кайсы тарабына барбаңыз, сары менен кызылды аралаштырсаңыз кызгылт сары, кара менен акты аралаштырсаңыз боз түстү аласыз. Бул дагы эч качан өзгөрбөйт. Мына ушул жерде башкачараак ойлонуу керек.

Эң биринчиден заттардагы түстөр кантип пайда болот деген суроодон баштайлы. Муну төмөнкүдөй бир мисал менен түшүндүрүүгө болот. Бир дүкөнгө кирип, ал жерде түркүн түстүү, ар кандай оймо-чиймелери бар, түстөрү бири-бирине абдан шайкеш кездемелерди көрдүңүз дейли. Албетте, ал кездемелер ал жерге кокусунан келип калган эмес, аң-сезимдүү кишилер тарабынан оймо-чиймелери чийилип, түстөрү долбоорлонуп, тиешелүү бойокторго бойолгон жана дагы көптөгөн баскычтардан өткөн соң ал дүкөнгө коюлган. Кыскасы, ал кездемелер аларды долбоорлоп, даярдаган кишилердин эмгегинен пайда болгон. Сиз аларды көргөндө, «булар бул жерге кокусунан келип калыптыр», «кездемелердин үстүнө бойоктор төгүлүп, оймо-чиймелер кокусунан пайда болуп калыптыр» дебейсиз. Акылы бар эч бир адам минтип айтпайт. Ошол сыяктуу эле, табиятта биз ар дайым көргөн сүрөттөлүштөрдү, көпөлөктөрдү, гүлдөрдү, деңиздин астындагы кооз жайларды, дарактарды, булуттуу асманды жана башка нерселерди, ушул кездемелер сыяктуу, көз алдыбызга тартуулаган аң-сезимдүү бир Эрк бар. Ааламдагы кемчиликсиз сансыз түстөр атайын бир долбоордун натыйжасы. Бул долбоорду күндөн келген нурдун пайда болушунан баштап, ал нурдун мээбизде түстүү бир сүрөткө айланышына чейинки бардык баскыстардан көрүүгө болот. Бул болсо түстөрдөгү долбоордун бир ээсинин, б.а. бир долбоорчусунун бар экенин көрсөткөн эң чоң далилдердин бири. Албетте, абдан улуу акылга жана өтө улуу жаратуу кудуретине ээ болгон Аллах ааламдагы бардык түстөрдү жана адамды таң калтырган оймо-чиймелерди жаратууда.

Түстөрдүн пайда болуу баскычтарын жогоруда санап көрсөттүк. Бул бөлүмдө түстөгү улуу долбоор нур, мээ жана көз кезегинин негизинде каралат.

 

1- Нур, жашоо жана түс

Күн ааламдагы орто көлөмдөгү миллиарддаган жылдыздын бирөөсү. Күндү биз үчүн ааламдагы эң негизги жылдызга айланткан өзгөчөлүктөрү – бул анын көлөмү, айланасындагы планеталар менен болгон байланышы жана чыгарган өзгөчө нурлары. Күндүн бул өзгөчөлүктөрүнүн бирөөсү эле азыркы өлчөмүнөн башкачараак болгондо, жер бетинде жашоо болмок эмес. Чындыгында күн жер бетинде жашоо пайда болуп, уланышы үчүн эң идеалдуу көрсөткүчтөргө ээ.3 Ошондуктан илимпоздор күндү жер бетиндеги организмдердин «жашоо булагы» деп аташат.

Жер бетиндеги жылуулуктун эң ылайыктуу температурада болушунун жана өсүмдүктөрдүн фотосинтез жасашынын бирден-бир булагы – бул күндүн нуру. Белгилүү болгондой, организмдер жылуулуксуз жана фотосинтезсиз жашай албайт. Мындан тышкары, жердин бетин жарык кылган жана түстүү дүйнөнү пайда кылган да – бул күндөн келген нурлар. Бул жерде дүйнөнүн эң негизги энергия булагы болгон бул нурлар кантип пайда болот деген суроо туулат. Жер бетиндеги организмдердин жашоосунун ачкычы деп атоого боло турган бул нурлардын ушунчалык маанилүү кызматтарды аткарышы жана ага керектүү бардык өзгөчөлүктөргө бирдей ээ болушу кокустук эмес. Мунун себебин нурдун түзүлүшүн изилдегенде жакшыраак түшүнөбүз.

Космостогу жылдыздардан тараган энергия космос мейкиндигинде толкун формасында кыймылдайт. Күндөн да энергия катары толкун формасында нур жана жылуулук келет. Жылдыздардан тараган бул энергиянын кыймылын бир көлдүн бетине ыргытылган таштан анда пайда болгон толкундарга салыштырууга болот. Көлдөгү толкундар ар кандай узундукта болот, ошол сыяктуу эле жылуулук менен нур тараганда да ар кандай толкун узундуктары келип чыгат.

Бул жерде ааламдагы нурдун толкун узундуктары тууралуу маалымат берүү туура болот. Ааламдагы жылдыздардын жана башка жарык булактарынын баарынан бирдей нур тарабайт. Ал нурлар толкун узундугуна жана жыштыгына жараша класстарга бөлүнөт. Ааламдагы толкун узундуктарынын аралыгы абдан чоң. Мисалы, эң кыска толкун узундугу эң узун толкун узундугунан 1025 эсеге кичине. (1025 деген сан 1 санынын жанына 25 даана нөлдү жазуудан келип чыккан эбегейсиз чоң сан.)

Ааламдагы 10дун 25-даражасынчалык чоң аралыкты камтыган нур спектринин ичинде күндөн тараган нурлардын баары абдан тар бир бөлүмгө батырылган. Күндөн тараган толкун узундуктарынын 70%ы 0,3 микрондон 1,5 микронго чейинки өтө тар интервалдын ичинде жайгашкан. Күндүн нурларынын эмне үчүн ушунчалык тар интервалга батырылганын изилдегенибизде, кызыктуу бир жыйынтык чыгат: ушул интервалда жайгашкан нурлар гана жер бетиндеги организмдердин жашоосуна жана түстөрдүн пайда болушуна шарт түзөт.

«Energy and the Atmosphere» аттуу китебинде англис физик Ян Кэмпбелл бул улуу долбоорду «укмуш таң калыштуу» деп сыпаттап, буга төмөнкүчө көңүл бурган:

Күндөн тараган нурлардын жер бетиндеги жашоону колдоого керектүү абдан тар интервалга батырылганы чындыгында абдан кереметтүү көрүнүш.4

10дун 25-даражасынчалык электромагниттик спектрден күндөн чыккан бул бир бирдиктик нур интервалынын көпчүлүк бөлүгү «көзгө көрүнгөн нур» деп аталат. Бул бирдиктин бир аз астындагы жана үстүндөгү аралыкта жайгашкан нурлар болсо жер жүзүнө инфра кызыл жана ультра кызгылт көк нурлар катары келет. Кыскача бул эки нур түрүнүн өзгөчөлүктөрүн да карайлы.

Инфра кызыл нурлар жер жүзүнө жылуулук толкундары катары келсе, ультра кызгылт көк нурлар жогорку энергиялуу болот жана жандыктарга зыян тийгизиши мүмкүн. Инфра кызыл нурлар атмосферадан өтүп, жерге жылуулук берет, ошентип жерди организмдердин жашоосуна ыңгайлаштырат. Ультра кызгылт көк нурлар болсо белгилүү өлчөмдө гана жер бетине жете алат. Эгер андан көбүрөөк келсе, организмдердин кыртыштары жабыр тартып, өлүмдөргө себеп болот. Аз болсо организмдерге керектүү энергия жетпей калат.

Булардын баары организмдердин жашоосу үчүн абдан маанилүү. Күндөн келген нурлардын функцияларынан да көрүнүп тургандай, дүйнөдөгү бардык системаларда бир тартип жана көзөмөл бар. Бул жерде кыскача сүрөттөлгөн ушунчалык кылдат тең салмактуулукка таянган бир системанын кокусунан пайда болушу, албетте, мүмкүн эмес. Бул кемчиликсиз системанын дагы бир функциясын карап, анын кокусунан пайда болбой тургандыгын дагы бир жолу көрөлү.

 

2- Жер жүзүн курчаган соот: атмосфера

Күндүн нурларынын кээ бирлеринин организмдерге зыян алып келиши мүмкүн экенин жогоруда айттык. Бул зыянга бөгөт коюунун бир жолун табуу керек.

Келиңиздер, мунун жолун чогуу табууга аракет кылалы жана күндүн нурларын электен өткөрө турган натыйжалуу системаны пландоого аракеттенели. Бирок бул системанын бүт жер шарын күндүн зыяндуу таасирлеринен коргоп, үзгүлтүксүз иштей турган, кароону талап кылбаган, ошол эле учурда космостон келген башка коркунучтарды да заматта жок кыла турган, көп функциялуу бир система болушу керек экенин унутпайлы. Мындай жагдайда оюбузга ар кандай альтернативалар келип, долбоорлор иштелип чыгат. Бирок иштелип чыккан долбоорлордун эч бири азыркы жер шарын курчап турган чыпкалуу коргоочудай көп тараптуу жана натыйжалуу болбойт. Бул чыпкалуу коргоочу – биздин атмосферабыз. Жердин атмосферасы зыяндуу нурларды фильтрлөөдө 100% ийгиликтүү жана жерди коргошу үчүн Аллах тарабынан атайын долбоорлонгон.

Атмосферанын өзгөчө катмарларынан улам мындай нурлар керектүү өлчөмдө гана жер бетине жетет. Себеби атмосфера күндөн келген нурлардын баарын толкун узундугуна жараша белгилүү процесстерден өткөрөт. Атмосферабызды нурлардын баарын фильтрлөө үчүн долбоорлонгон эбегейсиз чоң тазалоочу курулмага салыштырууга болот. Дүйнө жүзүндө бир дагы үлгүсү кездешпеген бул эбегейсиз тазалоочу курулма Аллах жараткан өзгөчө түзүлүшүнүн жардамы менен бул процесстерди жасай алат. Аллах асмандардын жаратылуусуна төмөнкүчө көңүл бурат.

Албетте, асмандардын жана жердин жаратылышы адамдардын жаратылышынан жогорураак (татаалыраак). Бирок көп адамдар билишпейт. (Момун Сүрөсү, 57)

Күндөн келген нурлар абдан өзгөчө нурлар. Ал нурлар жер бетине жете алышы үчүн атмосферадан өтө ала турган өзгөчөлүктө болушу шарт. Ошондой эле, атмосфера да ал нурларды өткөрө турган түзүлүшкө ээ болушу керек. Антпесе, атмосферанын бар болушу да, нурлардын түзүлүшүнүн ыңгайлуу болушу да эч маанисиз болуп калат. Атмосферанын нурларды өткөрүү касиетинен улам күндөн келген нурлар жер бетине тоскоолдуксуз жете алат. Бирок бул жерде абдан маанилүү бир жагдайга токтолуу керек.

Атмосфера бир гана организмдердин жашоосуна керектүү көзүбүзгө көрүнгөн жана ага жакынкы инфра кызыл нурларды өткөрүп, өлүмгө себеп боло турган башка нурлардын өтүшүнө толугу менен бөгөт койот. Ошентип күндөн жана күндөн башка булактардан, б.а. космостун башка аймактарынан жер планетасына келген зыяндуу нурларга карата жердин атмосферасы абдан маанилүү бир «электин» (фильтрдин) функциясын аткарат.5 Белгилүү астроном Майкл Дентон бул акыйкатты төмөнкүчө белгилеген:

Атмосферанын газдары көзгө көрүнгөн нурдан жана ага жакынкы инфра кызыл нурдан сырткары, калган бардык нурларды абдан күчтүү сиңиришет. Көңүл бурулган болсо, атмосфера электромагниттик спектрдин абдан масштабдуу альтернативаларынын арасынан көзгө көрүнгөн нурларды жана ага жакынкы инфра кызыл нурларды камтыган өтө тар интервалга гана өтүүгө уруксат берет. Дээрлик бир дагы гамма, ультра кызгылт көк жана микротолкундуу нурлар жер бетине жетпейт.6

Көрүнүп тургандай, атмосферанын түзүлүшүндө да абдан улуу бир долбоор бар. Күн 1025да 1 ыктымалдыктын арасынан бир гана бизге пайдалуу болгон жана дүйнөнү түстүү кыла турган нурларды жиберүүдө, ансыз да атмосфера бир гана ошол нурлардын жер бетине өтүшүнө жол берүүдө. Ошондой эле, атмосферанын ичиндеги газдардын касиеттеринен улам күндүн нурлары менен түздөн-түз байланышта болгон организмдердин көздөрү да коркунучтардан корголууда. Булардын баары Аллахтын бүт нерсени белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткандыгын көрсөткөн далилдерден.

Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Анын) баласы жок. Мүлктө Анын шериги жок, бүт нерсени жаратып, аны калыпка (тартипке) салган, белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)


 

3- Затка тийген нур

Күндөн чыккан нур секундасына 300 000 километрлик укмуш чоң ылдамдык менен жол жүрүп, жерге жетет. Нурдун бул ылдамдыгы себептүү үзгүлтүксүз түрдө түстүү бир дүйнөнү көрөбүз. Бул үзгүлтүксүз сүрөттөлүш кантип пайда болот?

Атмосферадан өтүп, эбегейсиз чоң ылдамдык менен жер бетине келген нур жер бетиндеги заттарга урунат. Нур ошондой ылдамдык менен затка урунганда, атомдору менен өз ара аракеттешип, түстөрдү пайда кыла турган толкун узундуктарына ажырайт. Ошентип колуңуздагы китеп, китептин саптары, сүрөттөрү, сырттагы пейзаж, дарактар, имараттар, унаалар, асман, канаттуулар, мышыктар, кыскасы, көзүбүз көргөн нерселердин баары өзүнүн түстөрүн чагылтат.

Түстөрдү чагылткан молекулалар пигменттер деп аталат. Башкача айтканда, ар бир заттын чагылткан түсү анын курамындагы пигмент молекулаларынан көз-каранды. Ар бир пигмент молекуласынын атомдук касиеттери ар башка. Тагыраак айтканда, ал молекулалардагы атомдордун саны, түрү жана тизилиши ар башка. Бири-биринен ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган пигменттерге нур урунганда, ар кандай түстөрдүн чагылуусуна себеп болот. Бирок түс түшүнүгүнүн пайда болушуна бул дагы жетиштүү болбойт. Заттан чагылып, белгилүү бир түстүн касиетин камтыган нур өздөштүрүлүп, көрүлүшү үчүн аны өздөштүрө турган бир көз системасына жетиши керек.

 

4- Көзгө келген нур

Заттардан чагылган нурлар түс катары кабылданышы үчүн көзгө жетиши керек. Көз болсо эле маселе чечилип калбайт. Нурлар көздөн кийин, көз менен шайкеш иштеген бир мээге барышы шарт.

Эң жакын мисал болгон өзүбүздүн көзүбүз менен мээбизди карап көрөлү. Адамдын көзү көптөгөн органеллдерден жана бөлүктөрдөн турган, абдан татаал түзүлүшкө ээ. Алардын баарынын бирдей жана шайкеш иштешинин натыйжасында көрөбүз жана түстөрдү кабылдайбыз. Көз жаш бездери менен, айнекчели менен, чел кабыгы менен, түстүү чели жана кареги менен, чечекейи менен, тордомо чели менен, тамырдуу чели менен, көз булчуңдары жана кабактары сыяктуу кыртыш жана органеллдери менен теңдешсиз система. Мындан тышкары, мээ менен байланыштырган нерв тармагы жана абдан комплекстүү визуалдык талаасы менен бир бүтүн катары, эч качан кокусунан пайда болбой турганчалык өзгөчө түзүлүшкө ээ.

Көздү кыскача сүрөттөгөн соң көрүү кубулушунун кантип ишке ашаарына да көз чаптыралы. Көзгө келген жарык нурлары алгач айнекчелден, анан каректен, андан соң чечекейден өтүп тордомо челге барат.

Түстүн өздөштүрүлүшү тордомо челдин кумганчаларынан башталат. Нурдун белгилүү түстөрүнө интенсивдүү түрдө реакция көрсөткөн үч негизги кумганча клетка тобу бар. Алар көк, жашыл жана кызыл кумганчалар деп бөлүнөт. Кумганча клеткалар реакция көрсөткөн кызыл, көк жана жашыл табияттагы үч негизги түс. Ушул үч түскө карата сезгич болгон кумганча клеткаларынын ар кандай өлчөмдө стимулданышынын натыйжасында миллиондогон түс келип чыгат.

Кумганча клеткалары түс тууралуу маалыматтарды өздөрүндөгү пигменттер аркылуу электрдик сигналдарга айландырышат.7 Ал клеткаларга туташкан нерв клеткалары болсо электрдик сигналдарды мээнин белгилүү бөлүгүнө жиберишет. Өмүр бою көргөн түркүн түстүү дүйнөбүз мээбиздеги ошол бир канча сантиметр кубдук аймакта пайда болот.

 

5- Караңгы мээбиздеги түстүү дүйнө

Түстөрдүн пайда болушунун акыркы баскычы мээде ишке ашат. Жогоруда айтылгандай, көздөгү нерв клеткалары сүрөттөлүштөрдү электрдик сигналга айландырып, мээге жиберет жана сырткы дүйнөдө көргөн нерселерибиздин баары мээдеги көрүү борборунда кабылданат. Бирок бул жерде таң калаарлык бир чындыкты көрөбүз: мээ эттен турат жана ичи караңгы. Ичи капкараңгы болгон мээбизде заттардан келген электрдик сигналдар чечмеленет жана заттар, алардын түстөрү жана калган бардык өзгөчөлүктөрү элес катары пайда болот. Бир эттин ичинде мындай кабылдоо (сезүү) процесси кантип ишке ашат деген суроо, албетте, бул жердеги эң негизги суроо.

Өзгөчө түстөрдүн кабылданышы тууралуу көптөгөн суроолор бар. Электрдик сигналдар көрүү нервдери аркылуу мээге кантип жеткирилет жана мээде кандай физиологиялык таасирлерди пайда кылат деген суроолорго бул тармактагы илимпоздор дагы деле жооп бере алышпайт.8 Алар болгону түстөрдүн бир реалдуулук катары ичибизде, б.а. мээбиздеги көрүү борборунда кабылданаарын (сезилээрин) гана билишет.9 (Тереңирээк маалымат алуу үчүн «Заттын артындагы сыр» аттуу бөлүмдү караңыз.)

Негизи мээдеги процесстердин көпчүлүк бөлүгү дагы эле табышмак бойдон калууда. Бул тууралуу айтылгандар теорияларга гана таянат. Бирок мээ адамзат эң алгач пайда болгондон бери бардык функцияларын азыркыдай кемчиликсиз аткарып келүүдө. Адамдардын салмагы болжол менен бир килограмм болгон, караңгы эттин ичинде түстөрү, формалары, үндөрү, жыттары жана даамдары менен бирге, үч өлчөмдүү бир дүйнөнү көрүп сезиши Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун натыйжасы. Ар бир адам төрөлгөндө бул теңдешсиз жаратуу керемети менен кошо төрөлөт. Функцияларынын пайда болушуна да, алардын үзгүлтүксүз уланышына да, башка бир баскычына да адам эч качан кийлигише албайт.

Куранда Раббибиз төмөнкүчө кабар берет:

Айткын: «Силер Аллахтан башка сыйынган шериктериңерди көрдүңөрбү? Мага айткылачы; жерден эмнени жаратышкан? Же алардын асмандарда бир шериги барбы? Же Биз аларга бир китеп берип, алардын мындан (улам) апачык бир далилдери барбы? Жок, зулумдук кылгандар бир-бирине алдамчылыктан башка эч нерсе убада кылышкан жок. Күмөнсүз, Аллах асмандарды жана жерди талкаланышат деп (дайыма кудурети менен) кармап турат. Ант болсун, эгер талкаланышса, Андан башка аларды эч ким кармай албайт. Чындыгында, Ал Халим (абдан жумшак), кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 40-41)


Булактар:

3. F.Press, R. Siever, Earth, New York:W.H.Freeman, 1986, s.4

4. Ian M.Camplell, Energy and Atmosphere, London: Wiley, 1977, s.1-2

5. Enyclopedia Britannica, 1994, 15th ed. Cilt.18, s.203

6. Michael Denton, Nature's Destiny, s.55

7. Bilim ve Teknik Dergisi, Sayı: 366, s.81

8. Bilim ve Teknik Dergisi, Ekim 1986, s.6

9. Bilim Teknik Dergisi, Ekim 1986, s.6-9

ТҮС БЕРҮҮЧҮ МОЛЕКУЛАЛАР: ПИГМЕНТТЕР

Мурдакы бөлүмдө заттардагы пигмент молекулаларынын атомдук касиеттеринен улам нурларды ар кандай чагылдыраары жана анын негизинде түстөрдүн пайда болоору тууралуу сөз кылдык. Айланаңызга кайрадан көз чаптырып көрүңүз. Көзүңүзгө канчалык көп түс көрүнсө, демек ошончолук көп санда пигмент бар. Анткени айланабыздагы бардык заттардын түсү алардын курамындагы пигменттерден көз-каранды. Өсүмдүктөрдүн жашыл түсү, териңиздин түсү, көзүңүздүн өңү, жаныбарлардын түсү, кыскасы, бардык түстөр пигменттердин структуралык өзгөчөлүгүнөн келип чыгат.



Пигмент деген эмне?

Пигменттер көзүбүздө жана заттардын көбүнчө сырткы бетинде жайгашып, түстөрдү пайда кылган өзгөчө молекулалар. Пигмент молекулалары активдешиши үчүн белгилүү бир энергия керек. Албетте, түстөрдүн пайда болушунун бардык башка баскычтары сыяктуу, пигменттер менен нурдун ортосунда да кемчиликсиз шайкештик бар. Анткени жердин бетине келген «көзгө көрүнгөн нур» атайын организмдердеги түс молекуласы деп аталган «пигмент» молекулалары үчүн долбоорлонгон.

Ошондой эле, адамдын көзүнүн түзүлүшү да буга ылайыктуу. Көзүбүздүн тордомо челинде жайгашкан кумганча клеткаларынын үч негизги түстү, б.а. кызыл, жашыл жана көктү сезишинин себеби – бул алардын ичиндеги өзгөчө пигмент молекулалары. Ал пигменттердин түстүү дүйнө көрүшүбүз үчүн аткарган эң негизги кызматы – аларга келген нурдун «түс» энергиясын электрдик сигналга айландыруу. Башкача айтканда, биз түс деп атаган нерселердин баары негизи ошол пигменттердин аларга келген нурдун толкун узундугун электрдик сигналга айландырып мээге жиберишинен келип чыгат.10

Көзгө көрүнгөн нурдун энергия деңгээли организмдердин терилеринде, терилерин каптаган кабырчыктарында, түктөрүндө же жүндөрүндө жайгашкан пигмент молекулаларын стимулдоого керектүү энергия деңгээлине барабар. Көзгө көрүнгөн нурдун диапазонунун ичинде жайгашкан жана белгилүү түстөргө туура келген толкун узундуктары ошол пигменттерди кыймылга келтирип, жандыктардын түстөрүн пайда кылышат.11

Көрүнүп тургандай, жандыктардын көрүү борборлорундагы пигменттер да, денелериндеги пигменттер да дененин башка системаларына толук шайкеш келет. Бир жандыктын көрүү борборунда пигмент молекуласы жок болсо же талап кылынгандан аз болсо, айланасындагы түстөрдү айырмалай албайт.

Бул жерде «мындай өзгөчө молекулалар жандыктардын терилеринде кантип пайда болот?» деген суроонун жообуна токтолуу керек. Бул суроонун жообун да кайра эле суроолорду узатып берүүгө болот. Жандыктар жердин бетине келген жарык спектринин касиеттерин билип, ошого жараша өзгөчө пигмент молекулаларын тандап, ушундай түстөргө ээ болушканбы? Албетте, мындай кокустуктун ишке ашуу ыктымалдыгы нөлгө барабар.

Бул өзгөчө молекулалар жандыктардын терилерине атайын жайгаштырылган. Жандыктар да өз алдынча мындай нерсени жасай албайт, туш келди кокустуктардын натыйжасында да мындай нерсе пайда болбойт. Себеби мындай шайкештик бүт баарын башкарган бир Эрктин жаратуусу менен гана пайда болушу мүмкүн. Аллах бардык жандыктарды бөтөнчө өзгөчөлүктөр менен жараткан. Жандуу-жансыз бүт нерсенин өзүнө ылайыктуу пигменттери бар. Пигменттер нурду өздөрүнүн молекулярдык түзүлүшүнө жараша тандап сиңиришет. Пигменттердин нурга карата реакциясы ар кандай болот. Мындан улам химиялык реакция да ар түрдүү болот жана ар кандай түстөр келип чыгат.

Мисал катары өсүмдүктөрдү жашыл кылып көрсөткөн пигмент молекулаларын, б.а. хлорофиллдерди карайлы. Бул пигменттер күндөн келген белгилүү толкун узундуктарын сиңирип, жашыл түстү берген толкун узундугундагы нурду чагылтат. Ошол эле учурда күндүн нурунан алынган энергия өсүмдүктөрдүн бардык организмдердин азык булагы болгон углеводдорду өндүрүшүнө шарт түзөт.12 Башка пигмент молекулалары да өздөрүнүн молекулярдык өзгөчөлүгүнө жараша белгилүү толкун узундугундагы түстөрдү чагылтышат жана ар башка химиялык реакцияларды пайда кылышат.

Табиятта пигменттердин түрлөрү абдан көп. Пигмент молекулаларынын жандыктардын жашоосу үчүн атайын долбоорлонгонун көрүү үчүн бир канча мисал берүү жетиштүү болот.

 

Пигмент түрлөрүнөн мисалдар: коргоочу түс булагы меланин

Жандыктардын көздөрү нурга карата абдан сезгич болот жана оңой эле зыян тартып калышы мүмкүн. Бирок биз көздөрүбүздөгү Аллах тарабынан атайын жаратылган колдоочу системалардан улам күнгө коопсуз карай алабыз жана айланабызды кыйналбай көрө алабыз. Мындай колдоочу системалардын бири – бул көздөрүбүздөгү пигмент молекулалары.

Белгилүү болгондой, жандыктардын көздөрүнүн өңү ар кандай болот. Көздөрдүн өңүн да пигменттер пайда кылат. Меланин көздүн ичинде жайгашып, көзгө түс берген пигмент заттарынын бири. Чачыңыз менен териңиздин түсүн да меланин берет. Бирок меланиндин милдети бир гана түс берүү эмес. Изилдөөчүлөр көздөгү меланин затынын бир жагынан көздү зыяндуу нурлардан коргоп, экинчи жагынан көрүү жөндөмүн жогорулатаарын аныкташкан. Табияттагы нурдун зыяндуу таасирлеринен коргонуунун эң табигый ыкмасы болгон меланин заты өзгөчө жогору энергиялуу нурларды төмөн энергиялуу нурларга караганда күчтүүрөөк сиңирет. Башкача айтканда, көккө караганда ультра кызгылт көктү, жашылга караганда көктү жакшыраак сиңирет.13 Ошентип меланин көздүн линзасын зыяндуу ультра кызгылт көк нурлардан коргойт. Тордомо челдин кыртышына зыян тийгизе турган түстөрдү белгилүү деңгээлде фильтрлеп, тордомо челдин эң идеалдуу деңгээлде корголушуна шарт түзөт. Ошентип сары так оорусуна чалдыгуу тобокелдигин азайтат. Көздөгү меланини азыраак болгон кишилерде бул оору көбүрөөк кездешет. Көздөгү меланиндин 25%ы 50 жаштарда жоголот. Меланин көздүн корголушуна абдан маанилүү салым кошот.14

Бул мисалдардан да түшүнүктүү болгондой, меланин затынын ар бир кызматы бул заттагы өзгөчө долбоорду көрсөтөт. Мындай кереметтүү зат кантип пайда болгон деген суроого, албетте, мындай кереметтүү түзүлүштөгү, көп функциялуу бир зат кокусунан эч качан пайда болбойт деп гана жооп берүүгө болот. Меланин заты ааламдагы бүт нерселер сыяктуу, Аллах тарабынан атайын адамдарга пайдалуу кылып жаратылган.





 

Организмдердеги түстөрдүн булагы каротиноиддер

Каротиноиддер (жана липохромдор) сары, кызыл жана кызгылт сары түстү чагылдырган жана өсүмдүктөр тарабынан синтезделген пигмент молекулалар. Жаныбарлар бул пигменттен өсүмдүктөр менен азыктануу аркылуу гана пайдаланат. Уулуу губкалар, деңиз жоогазындары, уулуу деңиз бадыраңдары жана кээ бир моллюскалар денелериндеги каротиноид затынан улам же денесинин бир бөлүгү же болбосо толугу менен сары, кызыл же кызгылт сары түстө болушат. Мындан тышкары, көпөлөктөрдүн канаттарында жана канаттуулардын тумшуктарындагы сары бөлүктөрдө да каротиноид заты болот. Кээ бир курт-кумурскаларда атайын бездер сары жана кызыл түстү бөлүп чыгарышат. Ал кошулмалар көбүнчө күңүрт жашыл же түссүз болот, бирок уулуу курт-кумурскалардын канында ачык сары түскө айланат. Ал түстөр душмандарга карата эскертүү сыпатын билдирет. Ошондой эле, каротиноиддер кээ бир курт-кумурскалардын денелеринде уулуу кошулмаларга айланат, ошентип бир жагынан курал, экинчи жагынан эскертүү милдетин аткарат.15 Улуу Аллах жараткан бул өзгөчө системаны пайдаланып, көптөгөн жандыктар жашоолорун бейпил улантышат.

Бул жерге чейин табияттагы пигмент түрлөрүнүн бир канчасын гана карадык. Мындан «пигменттердин, аларды түзгөн атомдордун, пайда болгон түстөрдүн бүт баарында белгилүү бир тартип бар» деген жыйынтыкка келдик. Бул улуу тартиптин ээси бүт ааламдардын Рабби Аллах табиятта жараткан теңдешсиз түс чеберчилиги аркылуу бизге Өзүн таанытууда.

Жер жүзүн кыдырып көрүшкөн жокпу, ошондо алардын акыл жүгүртө турган жүрөктөрү жана уга турган кулактары болмок? Анткени, чындыгында көздөр сокур болбойт, көкүрөктөрдөгү жүрөктөр сокур болот. (Хаж Сүрөсү, 46)


Булактар:

10. Franklyn Branley, Color, From Rainbows to Lasers, Thomas Y. Crowell Comp. , New York, s.23-28

11. Solomon, Berg, Martin, Villie, Biology, Saunders College Publishing, 1993, s.192-193

12. Temel Britannica Ansiklopedisi, Cilt 7, s.16

13. http://www.netxpress.com/~ppt/story.htm

14. http://www.netxpress.com/~ppt/story.htm

15. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.110

ТҮСТӨРДҮН ТИЛИ

Түстөр адамдар үчүн айлана-чөйрөсүн таанууда канчалык маанилүү болсо, башка организмдердин жашоосун улантышында да ошончолук маанилүү.

Организмдер өздөрүндөгү жарык жана кабылдоо системасына таянган бир «түс тилине» ээ. Башкача айтканда, организмдердин түрлөрүнө жараша түстөрдүн мааниси да өзгөрөт. Ар бир организм жашоосун улантуу үчүн айлана-чөйрөсүндөгү түстөрдүн тилин билиши шарт. Анткени тиричилик аракеттерине ошол тил багыт берет. Организмдер бул түс тилин кантип колдонушат?



Эң биринчиден, организмдердин көпчүлүк бөлүгү азык табуу үчүн түстөрдүн жардамына муктаж болушат.

Экинчиден, тери, кабырчык же түк сыяктуу бөлүктөрдөгү түстөр өзгөчө жылуулукту чыгаруу же сактоо сыяктуу өзгөчөлүктөрү аркылуу жашоонун уланышында абдан маанилүү роль ойношот. Ошондой эле, жандыктар душмандарынан коргонууда да түстөрүн колдонушат. Жашаган чөйрөсүнө окшош түстөрү аркылуу камуфляж болуп, душмандарынан жашына алышат. Же денелериндеги түстөр менен сүрөттөр душмандарын коркутат. Мындан тышкары, жандыктар түгөйлөрүн же балдарын түс аркылуу таанышат. Мисалы, эне канаттуу балапанынын азык муктаждыгын тумшугунун түсүнөн байкайт. Ошондой эле, балапан да энесин ушинтип тааныйт жана азыктын келгенин түшүнөт.16 Табияттагы бул мисалдардан да көрүнүп тургандай, жандыктар жашоосун улантышы үчүн түстөрдүн маанилерин туура билиши керек. Маалыматты туура алуу үчүн аны өздөштүрө турган ылайыктуу системалары болушу шарт.

Эгер андай системалар болбосо сырткы чөйрөнү кабылдай алышмак эмес жана жашоолорун улантууга керектүү иш-аракеттерди жүргүзө алышмак эмес. Азыктарын таанып, душмандарын айырмалай алышмак эмес. Натыйжада сырткы дүйнөдөн изоляция болуп, өлүмгө дуушар болушмак.

Организмдердеги мындай системаларды эч качан кокусунан пайда болгон деп айтууга болбойт. Себеби ар кандай система, ар кандай шайкештик, ар кандай долбоор, ар кандай программа, ар кандай план, ар кандай тең салмактуулук бир жөнгө салуучу тарабынан жаратылышы шарт. Мындай шайкештикти эч кемчиликсиз кылып жандыктардын ичине жана алардын жашаган чөйрөсүнө жайгаштырган бир эрк жана күч-кудурет сөзсүз түрдө бар. Ал күч-кудуреттин ээси улуу бир илим менен айлана-чөйрөнү да, жандыктын өзүн да, анын колдонгон системаларын да ороп курчап турат. Ал күч-кудуреттин ээси ааламдардын Рабби Аллах.



Организмдерди изилдегенде түстөрдүн тилин чеберчилик менен колдонушаарын көрөбүз. Төмөндө жандыктардын жашоосунда зор мааниге ээ болгон түстөрдүн тилинен мисалдар келтирилген:

 

Камуфляж

Жаныбарлардын коргонуу тактикаларынын эң негизгилеринин бири – бул, албетте, камуфляж. Камуфляж жасаган жаныбарлар жашаган чөйрөсүнө абдан шайкеш жаратылган дене түзүлүштөрү аркылуу өзгөчө коргоого алынган. Бул жаныбарлардын денелери жашаган чөйрөсүнө ушунчалык шайкеш болгондуктан, сүрөттөн караганда кээ бирлеринин өсүмдүккө же жаныбарга тиешелүү экенин түшүнүү, же болбосо бир жерде турган жаныбар менен өсүмдүктү бири-биринен айырмалоо дээрлик эч мүмкүн болбойт.

Жашаган чөйрөсүнүн түсүнө жараша өзүнүн түсүн өзгөрткөн жаныбарлар ар дайым илимпоздордун көңүлүн бурат. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр «бир жандык түзүлүшү ага эч окшобогон башка бир жандыкка кантип опокшош боло алат» деген суроонун жообун издейт.

Мисалы, бакчада баратып жалбырак деп ойлоп, үстүнөн тебелеп кетишиңизге аз калган бир баканын кандай процесстер менен ошондой чиймелерге жана түскө ээ болоорун ойлонуп көргөн белеңиз? Баканын камуфляжы ал үчүн абдан маанилүү бир коргонуу каражаты. Ал аркылуу башкаларга көрүнбөй калып, душмандарынан оңой кутулат.

Кызгылт гүлдүн үстүндөгү кызгылт жөргөмүш гүлдөгү кызгылт түскө дал өзүндөй окшошо алса, ошол эле жөргөмүш түрүнүн башка бир мүчөсү башка бир гүлдүн үстүндө, мисалы сары гүлдүн үстүндө, ошол гүлгө окшошо алат.





















Адам бир бутакты карап үстүндө эч нерсе жок деп ойлоп турганда, күтүүсүздөн бир көпөлөк учуп кетиши мүмкүн. Бир секунда мурда жалбыракка үстүндөгү куураган жана үзүлгөн аймактарына чейин толук опокшош болгон ал көпөлөк камуфляж кереметинин эң мыкты мисалдарынын бири.

Алдыда тереңирээк каралгандай, жандыктардын үстүндө жүргөн заттарга окшошушу душмандарынын аларды байкашына бөгөт койот. Албетте, камуфляж жасаган жандыктар коргонуу максатында денелерин жалбыракка, бир бутакка же бир гүлгө өз алдынча окшотуп алышкан эмес. Ал тургай, алар ошондой окшоштугунан улам коргонуп жатканын да билишпейт. Анткен менен, бардык мисалдарда камуфляж абдан чеберчилик менен колдонулат. Гүлдүн түсүнө опокшош болгон бир курт-кумурска, жалбырактын бутагындай кыймылсыз турган бир жылан, нымдуу жердин түсүнө окшогон бир бака, кыскасы камуфляж жасаган бардык жаныбарлар камуфляждын атайын жаратылган бир коргонуу тактикасы экендигин көрсөткөн далилдерден.

Эч бир жаныбар мындай нерсени өз алдынча же кокусунан жасай албайт. Албетте, жаныбарларга камуфляж жөндөмүн берген, түстөрүн өзгөртө турган химия лабораторияларын денелерине орноткон улуу акыл жана илим ээси Аллах.

 

Сойлоочулардагы камуфляж ыкмалары

Бир сойлоочу жапайы табиятта душмандарынан коргонуу үчүн эмне кылат? Ылдам кыймылдай албаган бул жандыктар үчүн эң жеңил ыкмалардын бири – бул, албетте, жашынуу. Эң жакшы жашынуу ыкмасы болсо жандыктын денесинин айлана-чөйрөгө окшош болушу. Түс менен чиймелер чындыгында көптөгөн жандыктар үчүн өмүрдү сактоочу өзгөчөлүккө ээ. Мисалы, Африканын тропикалык токойлорунда жашаган кара чаар жылан (rhinoceros viper) көк, кызыл, сары, ак жана кара түстөрдүн геометриялык оймо-чиймелери менен кооздолгон терисинен улам токойдун ичинде дээрлик эч байкалбайт. Сүрөттөрдө көрсөтүлгөн жыландардын түстөрү адамды таң калтырып, айлана-чөйрөсүнө толук шайкеш. Мындай кемчиликсиз шайкештик кээ бир суроолорду туудурат. Мынчалык шайкеш түстөр кантип пайда болгон? Бул кокусунан пайда болушу мүмкүнбү же муну сойлоочу өз алдынча жасай алабы?

Албетте, мүмкүн эмес. Сойлоочу эч качан алгач айлана-чөйрөсүн анализдеп, андан соң өзүнүн денесин кандайча өзгөртүү керек экенин чечип, оймо-чиймелерди жана түстөрдү аныктай албайт. Андан кийин денесинде мындай өзгөрүүгө керектүү химиялык процесстерди жүргүзө турган бир системаны өзү жасаган деп айтуу толугу менен наадандык болот. Сойлоочу кокусунан бул түстөргө ээ болуп калган деп айтуу да эч акылга сыйбайт.

Жер жүзүндөгү акылы бар бирден бир жандык болуп эсептелген адам баласы да денесинин кайсы бир жеринин түсүн өзгөртө албайт. Денесинин түсүн өзгөртө турган бир системаны денесинин ичине пайда кыла албайт. Демек бир сойлоочунун түсүнүн айланасындагы түстөргө толугу менен опокшош болушунун бир гана түшүндүрмөсү бар. Ал жандык улуу бир акыл ээси тарабынан жаратылган. Ал акыл теңдешсиз, чексиз кудуреттүү Улуу Раббибиз Аллахка тиешелүү. Аллах бардык жандыктардын муктаждыктарын эң мыкты билет.






 

Камуфляж боюнча эң белгилүү сойлоочу: хамелеон

Айлана-чөйрөсүнө жараша түсүн өзгөрткөн бир хамелеон көргөн белеңиз? Бул чындыгында сөзсүз көрүлө турган кубулуштардын бири. Себеби хамелеондун камуфляж жөндөмү ушунчалык теңдешсиз жана ыкчамдыгы менен адамды таң калтырат. Башка көптөгөн сойлоочулар да түсүн өзгөртүү жөндөмүнө ээ болгону менен, эч бири хамелеондой бат эмес. Хамелеон терисинин астындагы кызыл жана сары түстөрдү камтыган бөлүктөрүн, көк жана ак түстөрдү чагылтуучу катмарларды жана эң негизгиси абалга жараша терисинин түсүн өзгөрткөн хроматофор клеткаларын абдан чеберчилик менен колдоно алат.29 Мисалы, бир хамелеонду бир сапсары жерге койсоңуз, денесинин түсүнүн да сары түскө айланып, чөйрөгө окшошуп калганын көрөсүз. Ошондой эле, хамелеон жалгыз түскө эмес, ала түстөргө да окшошо алат. Мунун сыры болсо бул камуфляж чеберинин терисинин астындагы түс клеткаларынын көлөм жагынан чоңоюп, тездик менен жер которуп, айлана-чөйрөгө ыңгайлашышы. Хамелеон ушундай кемчиликсиз өзгөрүүнү өз алдынча жасай алабы? Эң чебер сүрөтчү да бир түстүн дал өзүн алуу үчүн бир канча саат убакыт коротсо, бул жаныбарлар кантип айлана-чөйрөсүнө дал өзүндөй окшошуп аралашып кетишет?

Мындай процессти хамелеон өз эрки менен жасайт деп айтуу, албетте, акылга сыйбайт. Себеби бир сойлоочу  эч качан өзүнүн дене көрүнүшүн өзгөртө албайт жана дене көрүнүшүн өзгөртө турган бир системаны денесинин ичине жайгаштыра албайт. Же болбосо ал жандык тууралуу «денесиндеги бардык клеткаларды, атомдорду башкара алат, аларды каалагандай жөнгө салып, керектүү пигменттерди пайда кыла алат» деп айткан киши абдан сандырак сөздү айткан болот. Мындай теңдешсиз жөндөмдү кокусунан пайда болгон деп айтуу да эч акылга сыйбайт. Табияттагы эч бир механизм мындай кемчиликсиз жөндөмдү пайда кылып, аны муктаж болгон жандыктарга берүү күчүнө ээ эмес. Хамелеондор да, жер жүзүндөгү бардык жаныбарлар сыяктуу, Аллах тарабынан жаратылган. Аллах теңдешсиз жаратуу чеберчилигин бизге ушул мисалдар аркылуу да көрсөтүүдө. Аллах улуу жана кудуреттүү.

Асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахты тасбих кылышат (аруулашат). Ал – улуу жана кудуреттүү (Азиз), өкүмдар жана даанышман. Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. (Ал) тирилтет жана өлтүрөт. Ал бүт нерсеге кудуреттүү. (Хадид Сүрөсү, 1-2)



 

Чөйрөгө жараша түсүн өзгөртүү

Жандыктар түстөрдү колдонуп бир гана душмандарынан коргонушабы? Албетте, жок. Кээ бир жаныбарлар денелерин каптаган жүндөрүнө түс берүүчү ферменттер аркылуу ысык-сууктан да коргонушат. Суук аймактарда жашаган жаныбарларда дененин эң сезгич бөлүктөрү болгон буттарынын учундагы, кулак жана мурундарындагы түктөр кочкул түстө болот. Кочкул түстөгү түктөр, адамдардын кышында кочкул кийимдерди кийип күндүн нурунан көбүрөөк пайдаланышы сыяктуу, жаныбарлардын да жылуулукту көбүрөөк алып, жакшыраак жылынышына шарт түзөт. Кургактыктагы жаныбарларда түстөрдүн өзгөрүшү көп кездешет. Мисалы, жайында түндүктөгү түлкүлөрдүн жүндөрү агарат, себеби денелеринин температурасы жогору болот. Кышында аба ырайы сууганы үчүн, денелеринин температурасы төмөндөп, ферменттер оңой иштей баштайт. Ошондуктан кышында түндүктөгү түлкүлөрдүн жүндөрү карарат. Ошондой эле, түндүк кеңдиктеринде жашаган коендор, түлкүлөр, суусар жана суурлар да жайында күрөң, кышында болсо ак түскө бөлөнүшөт.

Түстү өзгөртүүчү фермент тирозиназа деп аталат.

Кээ бир канаттуулар кыш айларында аппак болуп, жаз келгенде жердин жана өсүмдүктөрдүн түсүнө окшошуп калышат.

 

Кабар билдирүүчү түстөр

Жандыктар түстөрдү ар кандай багытта колдонушат. Алардын бири – бул бири-бирине ар кандай кабарларды билдирүү. Алдыда бул багыттагы мисалдардын бир бөлүгүн карайбыз.










 

Канаттуулардагы түстөр

Канаттуулардын кулпурган түктөрүнүн эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул алардын жансыз болушу. Түктүн толугу менен жансыз болушу анын үзүлгөн соң да түсүн ошол бойдон сакташына себеп болот.

Канаттуулардагы түркүн түстөр түктөрдүн ичинде жайгашкан жана түктөр пайда боло баштаган кезде топтолгон пигменттерден же түктөрдүн түзүлүшүнөн улам жарыктын кыймылынан келип чыгат.

Кератин затынан түзүлгөн бул бөлүктөр айлана-чөйрөнүн шарттарынан улам кыска убакытта жешилгендиктен белгилүү убакыт сайын жаңыланып турат. Жаныбардын кооз түктөрү улам жаңыдан калыптанат. Себеби канаттуулардын түктөрү керектүү узундукка, ошол түрдүн оймо-чийме өзгөчөлүктөрүнө жеткенге чейин өсүүсүн улантат.

Түктөр өзгөчө түзүлүшүнөн улам айнек призманын нурду түстөргө ажыратышы сыяктуу бир көрүнүштү пайда кыла алышат. Ушундайча жарыктын сынышынан келип чыккан түстөр пигменттерден чыккан түстөрдөн кыйла тунук жана жалтырак болот. Мындай түктөрдүн түстөрү көктөн жашылга, кызгылт сарыдан кызылга өзгөрөт. Көбүнчө канаттуулардагы жашыл, көк жана металл түстөр нурдун чагылышынан жана сынышынан келип чыгат. Бирок кээ бир түстөр пигменттерден да болушу мүмкүн.38

Канаттууларда негизинен үч түрдүү пигмент кездешет. Алар кара, күрөң же күңүрт сары түстү берүүчү меланин пигменттери; кызыл, сары жана кызгылт сары түстү берүүчү каротиноиддер.




Канаттуулардагы көк, жашыл жана кээ бир жалтырак түстөр болсо түктөрдүн үстүндөгү микроскопиялык ичке катмарчаларда нурдун сынышынан жана чагылышынан пайда болот. Мисалы, кээ бир канаттуулардагы көк түс жарык спектриндеги бардык түстөрдүн түктөр тарабынан сиңирилип, бир гана көк түстүн чагылтылышынан келип чыгат.39

Гормондор да канаттуулардын түсүнүн өзгөрүшүнө маанилүү таасир берет. Кээ бир түрлөрдүн эркек менен ургаачыларындагы түстөрдүн айырмачылыгы жыныстык гормондордон келип чыгат. Мисалы, короздор менен тооктордун түктөрүнүн формасындагы жана түстөрүндөгү айырмачылыктар эстроген гормонунан көз-каранды.

Канаттуулардагы түстөр айлана-чөйрөсүнө ыңгайлашууда, эркек менен ургаачылардын бири-бирин таанышында жана көбөйүү мезгилинде эркек канаттуулардын ургаачыларды жандашында чоң роль ойнойт. Мындан тышкары, түктөргө түс берүүчү пигменттер түктүн чыдамдуулугун жогорулатат, күндүн нурларынан жылуулук топтойт жана зыяндуу ультра кызгылт көк нурлардын денеге киришине бөгөт койот.



 

Көпөлөктөр

Көпөлөктүн канаттарындагы түстөрдүн пайда болушу абдан кызыктуу. Көпөлөктүн канаттарынын үстүндөгү кабырчыктардан нур чагылат жана андан «чындыгында жок», бирок абдан симметриялуу жана кооз түстөр пайда болот. Эмне үчүн «чындыгында жок» деп айттык?

Көпөлөктөр денелерине салыштырмалуу абдан чоң аянтка жайылган канаттарынын кооздугу менен белгилүү. Көпөлөктүн канаттарындагы мындай кереметтүү оймо-чиймелер менен түстөр кантип пайда болот?

Көпөлөктөр негизи бир жуп тунук кабык канатка ээ. Алар ар кандай тыгыздыктагы кабырчыктар менен капталгандыктан, канаттардын тунуктугу билинбейт. Көпөлөктөрдүн канаттарынын аэродинамикасын (аба агымдарынан пайдаланып жасалган кыймылдар) күчөткөн жана аларга түс берген ушул кабырчыктар. Кабырчыктар тийип койсоң ордунан үзүлүп кала турганчалык назик болушат жана көпөлөктүн канатына илинген учтуу учтары бар. Ошолор аркылуу түшпөй ордунда турушат. Канаттын үстүнө үйдүн чатырындагы черепицаларга окшоп тизилген кабырчыктар же химиялык пигменттер аркылуу, же болбосо самындын көбүгү сымал өзүнө тийген нурду көк желенин (радуга) түстөрүнө сындыруучу түзүлүшү аркылуу түстөргө ээ болушат. Мындан тышкары, лабораториялык изилдөөлөр ар кайсы түстөрдүн ар кандай химиялык заттардан көз-каранды экенин көрсөткөн.40 Мисалы, птеридин аттуу бойок заттын туундулары көпөлөктөрдө көп кездешкен кызгылт, ак жана сары түстөрдү берет. Абдан көп кездешкен меланин аттуу бойок зат болсо канаттардагы кара темгилдерде жайгашат.


Ошондой эле, көпөлөктөрдүн канаттарындагы түстөр ар дайым көрүнгөндөй эмес. Мисалы, жашыл түстөгү кабырчыктар кара жана сары кабырчыктардын аралашмасынан келип чыгат. Көпөлөктөрдүн канаттары тууралуу акыркы изилдөөлөр пигменттердин кабырчыктарда синтезделээрин жана меланинди иштеп чыгуучу ферменттердин кабырчыктардын үстүңкү терисинде жайгашаарын көрсөткөн. Көпөлөктөрдөгү кулпурган түстөр бир гана бойок заттардан келип чыкпайт. Көпөлөктүн канаттарындагы кабырчыктардын түзүлүшү жана тартиби чагылуу, сынуу сыяктуу нур кубулуштарынын келип чыгышына жана укмуш кооз түстөрдүн пайда болушуна себеп болот. Мисалы, «Stilpnotio Salicis» аттуу көпөлөктүн аба көбүкчөлөрүнөн турган жарым тунук кабырчыктары бар. Ал кабырчыктарда бойок заты болбогонуна карабастан, ичинен нур өткөндө көпөлөктүн көрүнүшү сатинге окшошуп калат.


Аргиннис көпөлөгүнүн болсо канат кабырчыктарынын үстүңкү бети абдан жумшак жана канаттарында күмүш сымал чагылуулар бар. Кээ бир көпөлөктөрдө үстү-үстүнө жайгашкан эки кабырчык катмарынын ар кандай тизилиши да нурларды ар түрдүү чагылта алат, мисалы көпөлөктү карараак же күрөңүрөөк эмес, көк кылып көрсөтөт. Көпөлөктөрдүн канат түзүлүшүн түсүнө карап изилдегенде эле канчалаган кереметтерди көрөбүз. Бул кереметтүү кооздуктар, эч күмөнсүз, булардын баарын жараткан Аллахтын чексиз кудуретинин жана түгөнгүс чеберчилигинин бир далили.

Бул жерде белгилей кетчү жагдай, көпөлөктөрдүн канаттарындагы түстөрдүн жана оймо-чиймелердин бир кооздук катары жаратылганынан тышкары, бул жандыктар үчүн абдан маанилүү көптөгөн функциялары да бар.



Көпөлөктөрдөгү алдамчы көздөр

Көпчүлүк көпөлөктөрдүн үстүндө чоң бир жандыктын көздөрүнө окшогон кочкул түстөгү тоголок саймалар бар. Канаттардын үстүндөгү түстүү кабырчыктардан келип чыккан ал көздөр көпөлөктөрдүн эң негизги коргонуу механизмин түзөт. Көпөлөктөр эс алуу учурунда канаттарын жабык кармашат, кандайдыр бир душманга жолукканда же бир нерсе тийгенде канаттар ошол замат ачылып, канатта чоң, кочкул түстөгү көздүн сүрөтү пайда болот. Ошентип душманга керектүү сигнал берилет.

 

Көпөлөктөрдүн камуфляжы

Көпөлөктөрдүн алдамчы көздөрүнөн тышкары, камуфляж жөндөмдөрү да таң калтырат. Камуфляж жасаган көпөлөктөр бадалдын түсүн көрүп, аны аныктап, анализдеп, эң мыкты иштеген бир система аркылуу денесинде түстөрдү иштеп чыгып бадалдын түсүнө окшошуп алышат, душманынын табитин билген башка бир түр болсо душманына жакпаган түстөргө бөлөнүп, эскертүүчү сигнал берет. Тагыраагы, көпөлөк эч качан буларды өз алдынча жасай албайт. Муну төмөнкүдөй бир мисал менен жакшыраак түшүнүүгө болот:

Бир лабораторияда кандайдыр бир түстү алууга аракет кылып жатасыз дейли. Бул жөнүндө эч кандай маалыматыңыз болбосо, ал лабораторияда эң алдыңкы шаймандар жана бардык мүмкүнчүлүктөр болсо да, керектүү жыйынтыкты ала албайсыз. Көпөлөктөрдөй айлана-чөйрөнүн дал өзүндөй түстү, дал өзүндөй оймо-чиймелерди пайда кылып, эч байкалбай кала турганчалык сапатка жетүү мындай турсун, кандайдыр бир нормалдуу түстү да ала албайсыз. Демек, көпөлөктөрдөгү бул кереметтүү системаны кокусунан пайда болгон деп айтуу, албетте, илимге жана акылга такыр туура келбейт. Бир тартип бар болсо, демек аны түзгөн бирөө бар. Жер жүзүндөгү кемчиликсиз тартип Рахман (мээримдүү) Аллахка тиешелүү. Акылман адамдар Аллахтын жаратуусу тууралуу терең ойлонууга милдеттүү. Улуу Раббибиз Аллах Нахл Сүрөсүндө мындай деп билдирет:

Жерде силер үчүн жаратып-көбөйткөн ар кандай түстөрдөгүлөрдү да (пайдаланууңарга берди). Күмөнсүз, мында сабак алып ойлонгон бир коом үчүн аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 13)

 

Нурду сиңирген кара темгилдер

Кээ бир көпөлөктөрдө өзгөчө канаттардын денеге жакын жайгашкан бөлүктөрүндө кабырчыктардан турган чоң кочкул түстүү темгилдер болот. Эки канатта симметриялуу жайгашкан ал темгилдер көпөлөктөрдүн учушунда абдан маанилүү бир функцияны аткарат. Дененин температурасын учууга керектүү деңгээлге жеткирүү үчүн көпөлөктөр ошол темгилдерди пайдаланышат. Кантип дейсизби?

Кабырчыктар түсүнө жараша жылуулукту максималдуу же минималдуу деңгээлге жеткирүү касиетине ээ. Күндүн астында белгилүү бир бурчту кармаганга аракет кылгансып, канаттарын ачып жаап жаткан көпөлөктөрдү баарыбыз көрсөк керек. Ошол кыймылдар аркылуу күндүн нурун алууга аракет кылган көпөлөктөргө канаттарындагы кара темгилдер жардам берет. Денесин жылытышы керек болгон көпөлөк күндүн нурларын ошол темгилдерге туштап канаттарын ачып жабат, ошентип денесин оңой гана жылыта алат. Ачык талаада күндүн астында жүргөн көпөлөктөрдүн түсү башкаларга караганда ачыгыраак, бадалдуу жердегилердин түсү болсо кочкулураак болот. Кээ бир Lepidoptera (канаттары какач менен жабылган) көпөлөктөр болсо канаттарында кабырчыктар болбогону үчүн, нурду чагылта алышпайт, ошондуктан жалтырак болушат. Көпөлөктөрдүн бул түрүн учуп жүргөндө көрүүгө болот, бирок бир жерге конгондо көрүү дээрлик эч мүмкүн эмес. Бул көпөлөктү эң сонун коргойт. Бардык жандыктар сыяктуу, көпөлөктөр да бардык муктаждыктарын толук камсыздай турган системалар менен бирге жаратылган жана алардын баары бири-биринен көз-каранды, бири болбосо экинчиси да болбой турган системалар.

Ааламдагы бардык нерселер сыяктуу, көпөлөктөр да Аллах тарабынан бардык өзгөчөлүктөрү жана керектүү бардык системалары менен бирге жаратылган.

 

Деңиздин астындагы түстөр

Суунун астындагы жашоо кургактыкка караганда такыр башкача. Сууда жашаган жандыктардын бардык өзгөчөлүктөрү суунун ичинде эч кыйналбай жашашына ыңгайлаштырылган. Адам сууда балыктай көрө албайт, анткени адамдын көзүндө суунун астында тунук көрө турган өзгөчөлүктөр жок. Мисалы, балыктыкындай линза системасы жок жана адамдын көзү балыктыкындай тоголок жана катуу эмес, ошондуктан сууда балыктардай тунук көрө албайт, суудагы сынууну анализ кыла албаганы үчүн аралыкты балыктардай так аныктай албайт.

Аллах ар бир жандыкты жашаган чөйрөсүнө эң ыңгайлуу өзгөчөлүктөрү менен жараткан. Деңиздин астындагы жандыктар Аллахтын жаратуу чеберчилигин көрсөткөн мисалдардын кичинекей бир бөлүгүн гана түзөт. Аллахтын жаратууда эч бир шериги жок жана баарын башкарып турат.

...Аллахтан башка кудай жок. Жана күмөнсүз, Аллах улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Али Имран Сүрөсү, 62)









Өсүмдүктөрдөгү түстөрдүн долбоору

Адам ойлонбосо, айланасындагы жандыктардын кереметтүү өзгөчөлүктөрүн байкай албайт. Мисалы, кабыктай жука канаттуу көпөлөктөрдүн кантип учаарын, ар дайым айланасынан көргөн гүлдөрдүн түстөрүнүн кантип мынчалык ар түрдүү болоорун, бийиктиги бир канча метрге жеткен дарактардын эң учундагы бутактарынын да кантип жапжашыл бойдон тураарын ойлонмоюнча, алардагы чеберчиликтерди билбейт. Ал тургай, бир гүлдөгү кереметтүү чеберчилик да көңүлүн бурбашы мүмкүн.

Бирок бул китепте каралгандай, курт-кумурскалардан канаттууларга, өсүмдүктөрдөн балыктарга чейин бардык жандыктарда кемчиликсиз чеберчилик апачык көрүнүп турат. Албетте, бул чеберчилик бардык жандыктардын жаратуучусу Аллахка таандык.

Өсүмдүктөрдү карап көрөлү. Мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, гүлдөрдү жана дарактарды... Ар биринин түсү, жыты жана даамы ар түрдүү болгон өсүмдүктөр Аллахтын жаратуу чеберчилигинин далилдеринен. Сиз айланаңыздан ар дайым көргөн же кээде китептерден гана окуган өсүмдүктөрдүн ар биринин түсү жана оймо-чиймелери өзгөчө. Бүт баарынын көбөйүү формалары, курамындагы ширенин деңгээли, жыттары баары бири-биринен айырмалуу. Розаларды эстейли. Кызыл, ак, сары, кызгылт сары, кызгылт, чекелери ак, кош түстүү жана бир канча түстүү розаларды... Албетте, аларды көргөндө таң калбаган, ал гүлдөрдү жараткан Аллахтын чексиз кудуретин түшүнө албаган адам чоң сокурдук кылган болот. Аллах Куранда жаратылуу далилдерин көрүп, аларды аңдап түшүнбөгөн адамдар тууралуу сөз кылган:

Асмандарда жана жерде канчалаган аяттар бар; жанынан өтүп, андан тескери бурулуп кетишет. Алардын көпчүлүгү Аллахка ыйман кылышпайт, шерик кошуп гана турушат. (Йусуф Сүрөсү, 105-106)

 

Өсүмдүктөрдүн эмне үчүн жашыл түстө болоорун ойлонгон белеңиз?

Белгилүү болгондой, өсүмдүктөр дүйнөсүндө жашыл жана жашыл чалыш түстөр өкүмчүлүк кылат. Жашыл түстү түзгөн негизги зат болсо хлорофилл. Абдан маанилүү бир зат болгон хлорофилл өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасында чачыранды абалда жайгашкан хлоропласттардагы бир пигмент. Күндөн алган нурду жакшы сиңирүүчү касиетке ээ болгон бул пигменттер бир гана жашыл түстү чагылтышат. Бул касиет жалбырактарга жашыл түстү берүүдөн тышкары, «фотосинтез» деп аталган абдан маанилүү бир процесстин ишке ашышына да шарт түзөт.

Өсүмдүктөр фотосинтез процессинде ар кандай түстөрдүн жыйындысынан турган күндүн нурун колдонушат. Күндүн нурундагы түстөрдүн эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул алардын энергия жүктөрүнүн бири-биринен айырмалуу болушу. Ал түстөрдүн ажыратылышынан келип чыккан жана спектр деп аталган түстөрдүн тизмегинин бир учунда кызыл жана сары түстөр, тигил учунда болсо көк жана кызгылт көк түстөр жайгашат. Спектрдин көк тарабындагы түстөрдүн энергиясы эң жогору.

Түстөрдүн ортосундагы мындай энергия айырмачылыгы өсүмдүктөр үчүн абдан маанилүү, анткени фотосинтез жасоо үчүн абдан көп энергия керек. Ошондуктан өсүмдүктөр фотосинтез процессинде күндүн нурларынын эң жогорку энергиялууларын, б.а. спектрдин ультра кызгылт көк учундагы түстөр менен (көк жана кызгылт көк) бирге, спектрдин инфра кызыл учундагы түстөрдү (кызыл, кызгылт сары жана сары) сорушат, б.а. сиңиришет. Жалбырактардын бул процесстерди жасашына хлоропласттарда жайгашкан хлорофилл пигменти жардам берет.51

Өсүмдүк фотосинтез жасай алышы үчүн, хлорофилл заты тарабынан сиңирилген жарык бөлүкчөлөрүнүн энергия деңгээли жетиштүү болушу керек. Кыскача фотосинтез процессин карайлы. Өсүмдүк жарык бөлүкчөлөрүнөн алган энергия менен суу молекулаларын ажыратып, кычкылтек жана суутек молекулаларын алат. Өсүмдүк жашоосун улантышы үчүн, алынган суутек көмүр кычкыл газындагы көмүртек атомдору менен реакцияга кирип, өсүмдүктүн ширесине айланат. Башкача айтканда, өсүмдүк өзүнө азык даярдайт. Колдонулбаган кычкылтек болсо абага чыгарылат. Атмосферада биз дем алган кычкылтектин абдан чоң бөлүгү ушундай жол менен пайда болот.

Көрүнүп тургандай, өсүмдүктөрдүн жашыл түстө болушу кооздуктан тышкары, өсүмдүктөрдүн да, башка жандыктардын да жашоосун улантышы үчүн абдан маанилүү. Аллах өсүмдүктөрдүн жана калган бардык жандыктардын азыктанышына хлорофилл затын себепчи кылууда.




 

Өсүмдүктөрдүн түстөрү кантип пайда болот?

Жогоруда да айтылгандай, ар бир заттын чагылткан түсү ал заттагы пигмент молекулаларынан көз-каранды. Жашыл өсүмдүктөрдөгү негизги пигмент молекуласы болсо жогоруда айтылган «хлорофилл» заты. Мындан тышкары, өсүмдүктөрдө башка түстөрдү берүүчү пигменттер да болот жана ал пигменттер өсүмдүктөрдөгү сансыз түрдүү түстөрдү пайда кылат.

Мисалы, хлорофиллден тышкары өсүмдүктөрдө «каротиноид» аттуу пигменттер да бар. Жогоруда каралган ал пигменттердин кээ бирлери сары; жүгөрүлөргө, лимондорго, күн карамаларга түс беришет. Башка каротиноиддер саргыч кызыл; алар кант кызылчаларында, помидорлордо, розаларда, сабиздерде болот. Каротиноиддер, ошондой эле, жашыл жалбырактарда да болот. Анда эмне үчүн жалбырактар кызыл, сары же кызгылт сары эмес, негизинен жашыл түстө көрүнөт деген ой келиши мүмкүн. Буга хлорофиллдин жашылынын башка түстөрдү тосуп кала турганчалык күчтүү болушу себеп болот.52

Бирок күзүндө өзгөрүүлөр байкалат. Күндүн нуру азайганда өсүмдүктөр хлорофиллди иштеп чыгарууну токтотушат жана мындан улам жашыл түстү берүүчү пигменттердин күчү азайып, жалбырактардагы жашыл түс солгундай баштайт. Каротиноиддер жалбырактарды күрөң, сары жана кызыл түскө бөлөшөт. Ошондой эле, күзүндө кээ бир жалбырактардын сырткы катмарларында «антоцианин» аттуу бир пигменттер тобу иштелип чыгат. Ачык кызыл жана көк түстөгү бул пигменттер жалбырактарда кызыл жана кызгылт түстөрдү пайда кылышат. Эгер бир өсүмдүктө бир канча пигмент болсо, анда ал өсүмдүктө пигменттер чагылткан түстөрдүн аралашмасы көрүнөт.53

Түс берүүчү пигменттердин бүт баары тууралуу маалыматтар өсүмдүктүн ДНКсына жазылган. Ошондуктан өсүмдүктүн бир түрү дүйнөнүн кайсы тарабына барбасын, бирдей өзгөчөлүктө болот. Мисалы, дүйнөнүн бүт тарабындагы апельсиндердин түсү бирдей, формалары жана кабыктарынын кыртышы бирдей. Апельсиндин кабыгынын ичинде жайгашкан, кызгылт сары түстөгү, жыттуу, таттуу, суулуу баштыкчаларды ороп турган тунук кабыкчанын түсү дүйнөнүн эч бир жеринде өзгөрбөйт. Банандар дүйнөнүн бүт тарабында сары, помидорлор кызыл, розалар, фиалкалар, гвоздикалар, баары бирдей. Дүйнөнүн кайсы тарабына барбаңыз, табигый жол менен өскөн бир кулпунайдын башкача бир түстөгүсүн таба албайсыз. Дүйнөнүн бүт тарабындагы кулпунайлардын ДНКсына аларды биз билген кулпунайларга айландыруучу өзгөчөлүктөр жазылган. Кулпунайдын түсү, жыты, даамы ар дайым бирдей болот. Бул эч бир теңдеши жок тартип. Мындай тартипти кокусунан пайда болгон деп айтуу, албетте, мүмкүн эмес.

Дүйнөнүн бүт тарабын курчаган бул теңдешсиз чеберчиликтин кожоюну – улуу бир акылдын ээси Аллах. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү.

Бир топуракта өсүп, бир сууну ичкен өсүмдүктөрдө ушунчалык ар кандай түстөр кантип пайда болот деп ойлонгон белеңиз?

Аллах Рад Сүрөсүндө бир сууну ичкенине карабастан, топурактан ар кандай түшүмдөрдүн чыгаарына төмөнкүчө көңүл бурат:

Жер бетинде бири-бирине жакын коңшу материктер бар; жүзүм бактары, эгиндер, бутактуу жана бутаксыз курма бактары да бар, булар бир эле суудан сугарылышат. Бирок түшүмдөрүндө (түшүмдүүлүк жана даамда) кээ бирин кээ биринен өйдө кылуудабыз. Шек жок, буларда акылын колдонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар бар. (Рад Сүрөсү, 4)

Өсүмдүктөр жасаган фотосинтез процессинин натыйжасында башка жандыктардын азык булагы болгон углеводдор пайда болот. Фотосинтезден алынган заттар өсүмдүктөрдүн өздөрү үчүн да, жаныбарлар үчүн да, адамдар үчүн да абдан маанилүү. Себеби дүйнө жүзүндөгү бардык жандыктардын негизги азык булагы өсүмдүктөр.



Аллах аятта көңүл бургандай, бир эле топурактан ар кандай түшүмдөрдүн чыгышын айланабыздагы жашылчалар жана мөмө-жемиштер аркылуу ойлонуп көрөлү. Мисалы, дарбыздарды, коондорду, кивилерди, банандарды, алчаларды, баклажандарды, помидорлорду, жүзүмдөрдү, шабдалыларды, фасольдорду карайлы. Кочкул сары түстөгү кабыгын ачканыңызда ичинен жыты өзгөчө болгон, ачык сары түстөгү банан чыгат. Алманын кызыл, жашыл же сары түстөрдөгү кабыгы жылмакай каптама менен оролот. Ичиндеги алмага гана таандык өзгөчө жыты бар канттуу суунун даамы менен жытын адамдар эч өзүндөй кылып туурай албай келишүүдө.






Мындан улам бир эле кара топурактан чыкканына карабастан, бардык гүлдөр, дарактар, жашылчалар жана мөмө-жемиштер кантип ушунчалык ар кандай түстө болушат деген суроо туулушу мүмкүн. Бул Аллахтын чексиз илиминин жана үлгүсүз жаратуусунун бир далили. Бир адам жаңы бир түстү жарата албайт. Адамдар чыгарган түстөрдүн баары табияттагы түстөрдүн негизинде алынган копиялар гана. Аллах болсо жоктон бар кылуучу жана жер жүзүндөгү жандыктарды толуктаган түстөрдүн баарын бир гана Ал жараткан. Аллахтын жаратуу чеберчилигинин теңдеши жок. Улуу кудуреттүү Аллахтын сыпаттарынын бири Мусаввир (сүрөттөөчү, бүт нерсеге калып жана келбет берүүчү). Аллах жараткан нерселеринин баарын эң кооз келбетте жараткан:








Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

Жер жүзүндөгү бардык өсүмдүктөрдүн түстөрү менен сырткы көрүнүштөрү адамдын рухуна абдан жагымдуу кылып жаратылган. Мөмө-жемиштерде жана жашылчаларда түстөрдүн абдан көп түрлөрү бар. Ошондой эле, гүлдөр менен дарактардын көрүнүштөрү жана түстөрү да абдан кооз.

Гүлдөрдөгү түстөрдүн жана оймо-чиймелердин долбоору эч теңдешсиз. Жер бетиндеги гүлдөрдүн жүз миңдеген түрүнүн ар биринин өзгөчөлүктөрү ар башка. Бүгүнкү күндө адамдар иштеп чыккан жыттар, оймо-чиймелер жана түстөр табияттагыларды тууроо аркылуу алынууда. Мисалы, фиалкалардын бархаттай жумшак жалбырактарынын кызгылт көк түсү жана жалбырактарынын кыртыштарындагы жылмакайлык эч теңдешсиз. Бархат кездемелер фиалкалардын кыртышын тууроо аркылуу өндүрүлүүдө, бирок сапаты жагынан баары бир төмөн болууда.

Ушинтип ой жүгүртүп, жер жүзүндөгү кайсы гана өсүмдүктү карабайлы, баары кемчиликсиз жаратылган деген жыйынтыкка келебиз. Жаратууда эч бир шериги жок Аллах даамы, жыты, түсү, оймо-чиймелери ар түрдүү болгон өсүмдүктөрдү адам үчүн жараткан. Биздин милдет Аллахтын жараткан далилдери тууралуу ой жүгүртүп, Ага шүгүр кылуу.





Булактар:

16. David Attenborough, The Life of Birds, Princeton University Press, New Jersey, 1998, s.263

17. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.41

18. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.52

19. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.20

20. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.26

21. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.71

22. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.76

23. Jill Bailey, Mimicry and Camouflage, BLA Publishing Ltd. , England, 1988, s.17

24. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.85

25. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s. .25

26. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.48-49

27. The Guinnes Enyclopedia of Living World, 1992, s.16

28. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.86-87

29. International Wildlife, September-October 1992, s.34

30. Jill Bailey, Mimicry and Camouflage, BLA Publishing Ltd. , England, 1988, s.18

31. Dr.Harold Cogger&Dr. Richard Zweifel, Enyc. of Reptiles&Amphibians, 1998, s.388

32. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.64

33. Dr.Harold Cogger&Dr. Richard Zweifel, Enyc. of Reptiles&Amphibians, 1998, s.200

34. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.129

35. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.126

36. David Attenborough, The Trials of Life, Princeton University Press, New Jersey s.235

37. David Attenborough, The Life of Birds, Princeton University Press, New Jersey, 1998, s.193

38. David Attenborough, The Life of Birds, Princeton University Press, New Jersey, 1998, s,158

39. David Attenborough, The Life of Birds, Princeton University Press, New Jersey, 1998, s.158

40. Ranger Rick, May 1999

41. Karl Roessler, Coral Kingdoms, Harry N. Abrams, Inc. , Publishers, 1986, s.69

42. National Geographic, October 1989, s.518

43. National Geographic, August 1997, s.32

44. The Guinnes Enyclopedia of Living World, 1992, s.167

45. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.56

46. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.122

47. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.62

48. Karl Roessler, Coral Kingdoms, Harry N. Abrams, Inc. , Publishers, 1986, s.44

49. National Geographic, Aralık 1996, s.118-120

50. Karl Roessler, Coral Kingdoms, Harry N. Abrams, Inc. , Publishers, 1986, s.125

51. Temel Britannica Ansiklopedisi, Cilt 7, s.16

52. Franklyn Branley, Color, From Rainbows to Lasers, Thomas Y. Crowell Comp. , New York, s.37

53. Franklyn Branley, Color, From Rainbows to Lasers, Thomas Y. Crowell Comp. , New York, s.38

КИРИШ СӨЗ: ТҮСТҮҮ ДҮЙНӨ

Бир дагы түс болбогон, капкараңгы дүйнөдө жашасак кандай болоорун ойлонуп көрдүңүз беле? Бир саамга буга чейин билгендериңиздин баарын унуту...