Түстөр адамдар үчүн айлана-чөйрөсүн таанууда канчалык маанилүү болсо, башка организмдердин жашоосун улантышында да ошончолук маанилүү.
Организмдер
өздөрүндөгү жарык жана кабылдоо системасына таянган бир «түс тилине» ээ.
Башкача айтканда, организмдердин түрлөрүнө жараша түстөрдүн мааниси да өзгөрөт.
Ар бир организм жашоосун улантуу үчүн айлана-чөйрөсүндөгү түстөрдүн тилин
билиши шарт. Анткени тиричилик аракеттерине ошол тил багыт берет. Организмдер
бул түс тилин кантип колдонушат?
Эң биринчиден, организмдердин көпчүлүк бөлүгү азык табуу үчүн түстөрдүн жардамына муктаж болушат.
Экинчиден, тери, кабырчык же түк сыяктуу бөлүктөрдөгү түстөр өзгөчө
жылуулукту чыгаруу же сактоо сыяктуу өзгөчөлүктөрү аркылуу жашоонун уланышында
абдан маанилүү роль ойношот. Ошондой эле, жандыктар душмандарынан коргонууда да
түстөрүн колдонушат. Жашаган чөйрөсүнө окшош түстөрү аркылуу камуфляж болуп,
душмандарынан жашына алышат. Же денелериндеги түстөр менен сүрөттөр душмандарын
коркутат. Мындан тышкары, жандыктар түгөйлөрүн же балдарын түс аркылуу
таанышат. Мисалы, эне канаттуу балапанынын азык муктаждыгын тумшугунун түсүнөн байкайт.
Ошондой эле, балапан да энесин ушинтип тааныйт жана азыктын келгенин түшүнөт.16 Табияттагы бул мисалдардан да көрүнүп
тургандай, жандыктар жашоосун улантышы үчүн түстөрдүн маанилерин туура билиши
керек. Маалыматты туура алуу үчүн аны өздөштүрө турган ылайыктуу системалары
болушу шарт.
Эгер андай системалар
болбосо сырткы чөйрөнү кабылдай алышмак эмес жана жашоолорун улантууга керектүү
иш-аракеттерди жүргүзө алышмак эмес. Азыктарын таанып, душмандарын айырмалай
алышмак эмес. Натыйжада сырткы дүйнөдөн изоляция болуп, өлүмгө дуушар болушмак.
Организмдердеги
мындай системаларды эч качан кокусунан пайда болгон деп айтууга болбойт. Себеби
ар кандай система, ар кандай шайкештик, ар кандай долбоор, ар кандай программа,
ар кандай план, ар кандай тең салмактуулук бир жөнгө салуучу тарабынан
жаратылышы шарт. Мындай шайкештикти эч кемчиликсиз кылып жандыктардын ичине
жана алардын жашаган чөйрөсүнө жайгаштырган бир эрк жана күч-кудурет сөзсүз
түрдө бар. Ал күч-кудуреттин ээси улуу бир илим менен айлана-чөйрөнү да,
жандыктын өзүн да, анын колдонгон системаларын да ороп курчап турат. Ал
күч-кудуреттин ээси ааламдардын Рабби Аллах.
Организмдерди
изилдегенде түстөрдүн тилин чеберчилик менен колдонушаарын көрөбүз. Төмөндө жандыктардын
жашоосунда зор мааниге ээ болгон түстөрдүн тилинен мисалдар келтирилген:
Камуфляж
Жаныбарлардын
коргонуу тактикаларынын эң негизгилеринин бири – бул, албетте, камуфляж.
Камуфляж жасаган жаныбарлар жашаган чөйрөсүнө абдан шайкеш жаратылган дене
түзүлүштөрү аркылуу өзгөчө коргоого алынган. Бул жаныбарлардын денелери жашаган
чөйрөсүнө ушунчалык шайкеш болгондуктан, сүрөттөн караганда кээ бирлеринин
өсүмдүккө же жаныбарга тиешелүү экенин түшүнүү, же болбосо бир жерде турган
жаныбар менен өсүмдүктү бири-биринен айырмалоо дээрлик эч мүмкүн болбойт.
Жашаган
чөйрөсүнүн түсүнө жараша өзүнүн түсүн өзгөрткөн жаныбарлар ар дайым
илимпоздордун көңүлүн бурат. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр «бир жандык түзүлүшү ага эч
окшобогон башка бир жандыкка кантип опокшош боло алат» деген суроонун жообун
издейт.
Мисалы, бакчада
баратып жалбырак деп ойлоп, үстүнөн тебелеп кетишиңизге аз калган бир баканын
кандай процесстер менен ошондой чиймелерге жана түскө ээ болоорун ойлонуп
көргөн белеңиз? Баканын камуфляжы ал үчүн абдан маанилүү бир коргонуу каражаты.
Ал аркылуу башкаларга көрүнбөй калып, душмандарынан оңой кутулат.
Кызгылт гүлдүн
үстүндөгү кызгылт жөргөмүш гүлдөгү кызгылт түскө дал өзүндөй окшошо алса, ошол
эле жөргөмүш түрүнүн башка бир мүчөсү башка бир гүлдүн үстүндө, мисалы сары
гүлдүн үстүндө, ошол гүлгө окшошо алат.
Адам бир бутакты
карап үстүндө эч нерсе жок деп ойлоп турганда, күтүүсүздөн бир көпөлөк учуп
кетиши мүмкүн. Бир секунда мурда жалбыракка үстүндөгү куураган жана үзүлгөн
аймактарына чейин толук опокшош болгон ал көпөлөк камуфляж кереметинин эң мыкты
мисалдарынын бири.
Алдыда
тереңирээк каралгандай, жандыктардын үстүндө жүргөн заттарга окшошушу
душмандарынын аларды байкашына бөгөт койот. Албетте, камуфляж жасаган жандыктар
коргонуу максатында денелерин жалбыракка, бир бутакка же бир гүлгө өз алдынча
окшотуп алышкан эмес. Ал тургай, алар ошондой окшоштугунан улам коргонуп
жатканын да билишпейт. Анткен менен, бардык мисалдарда камуфляж абдан
чеберчилик менен колдонулат. Гүлдүн түсүнө опокшош болгон бир курт-кумурска,
жалбырактын бутагындай кыймылсыз турган бир жылан, нымдуу жердин түсүнө окшогон
бир бака, кыскасы камуфляж жасаган бардык жаныбарлар камуфляждын атайын
жаратылган бир коргонуу тактикасы экендигин көрсөткөн далилдерден.
Эч бир жаныбар
мындай нерсени өз алдынча же кокусунан жасай албайт. Албетте, жаныбарларга
камуфляж жөндөмүн берген, түстөрүн өзгөртө турган химия лабораторияларын
денелерине орноткон улуу акыл жана илим ээси Аллах.
Сойлоочулардагы камуфляж ыкмалары
Бир сойлоочу жапайы
табиятта душмандарынан коргонуу үчүн эмне кылат? Ылдам кыймылдай албаган бул
жандыктар үчүн эң жеңил ыкмалардын бири – бул, албетте, жашынуу. Эң жакшы
жашынуу ыкмасы болсо жандыктын денесинин айлана-чөйрөгө окшош болушу. Түс менен
чиймелер чындыгында көптөгөн жандыктар үчүн өмүрдү сактоочу өзгөчөлүккө ээ.
Мисалы, Африканын тропикалык токойлорунда жашаган кара чаар жылан (rhinoceros
viper) көк, кызыл, сары, ак жана кара түстөрдүн геометриялык оймо-чиймелери
менен кооздолгон терисинен улам токойдун ичинде дээрлик эч байкалбайт.
Сүрөттөрдө көрсөтүлгөн жыландардын түстөрү адамды таң калтырып,
айлана-чөйрөсүнө толук шайкеш. Мындай кемчиликсиз шайкештик кээ бир суроолорду
туудурат. Мынчалык шайкеш түстөр кантип пайда болгон? Бул кокусунан пайда
болушу мүмкүнбү же муну сойлоочу өз алдынча жасай алабы?
Албетте, мүмкүн
эмес. Сойлоочу эч качан алгач айлана-чөйрөсүн анализдеп, андан соң өзүнүн
денесин кандайча өзгөртүү керек экенин чечип, оймо-чиймелерди жана түстөрдү
аныктай албайт. Андан кийин денесинде мындай өзгөрүүгө керектүү химиялык
процесстерди жүргүзө турган бир системаны өзү жасаган деп айтуу толугу менен
наадандык болот. Сойлоочу кокусунан бул түстөргө ээ болуп калган деп айтуу да
эч акылга сыйбайт.
Жер жүзүндөгү
акылы бар бирден бир жандык болуп эсептелген адам баласы да денесинин кайсы бир
жеринин түсүн өзгөртө албайт. Денесинин түсүн өзгөртө турган бир системаны
денесинин ичине пайда кыла албайт. Демек бир сойлоочунун түсүнүн айланасындагы
түстөргө толугу менен опокшош болушунун бир гана түшүндүрмөсү бар. Ал жандык
улуу бир акыл ээси тарабынан жаратылган. Ал акыл теңдешсиз, чексиз кудуреттүү Улуу
Раббибиз Аллахка тиешелүү. Аллах бардык жандыктардын муктаждыктарын эң мыкты
билет.
Камуфляж боюнча эң белгилүү сойлоочу: хамелеон
Айлана-чөйрөсүнө жараша түсүн өзгөрткөн бир хамелеон көргөн белеңиз? Бул чындыгында сөзсүз көрүлө турган кубулуштардын бири. Себеби хамелеондун камуфляж жөндөмү ушунчалык теңдешсиз жана ыкчамдыгы менен адамды таң калтырат. Башка көптөгөн сойлоочулар да түсүн өзгөртүү жөндөмүнө ээ болгону менен, эч бири хамелеондой бат эмес. Хамелеон терисинин астындагы кызыл жана сары түстөрдү камтыган бөлүктөрүн, көк жана ак түстөрдү чагылтуучу катмарларды жана эң негизгиси абалга жараша терисинин түсүн өзгөрткөн хроматофор клеткаларын абдан чеберчилик менен колдоно алат.29 Мисалы, бир хамелеонду бир сапсары жерге койсоңуз, денесинин түсүнүн да сары түскө айланып, чөйрөгө окшошуп калганын көрөсүз. Ошондой эле, хамелеон жалгыз түскө эмес, ала түстөргө да окшошо алат. Мунун сыры болсо бул камуфляж чеберинин терисинин астындагы түс клеткаларынын көлөм жагынан чоңоюп, тездик менен жер которуп, айлана-чөйрөгө ыңгайлашышы. Хамелеон ушундай кемчиликсиз өзгөрүүнү өз алдынча жасай алабы? Эң чебер сүрөтчү да бир түстүн дал өзүн алуу үчүн бир канча саат убакыт коротсо, бул жаныбарлар кантип айлана-чөйрөсүнө дал өзүндөй окшошуп аралашып кетишет?Мындай процессти хамелеон өз эрки менен жасайт деп айтуу, албетте, акылга сыйбайт. Себеби бир сойлоочу эч качан өзүнүн дене көрүнүшүн өзгөртө албайт жана дене көрүнүшүн өзгөртө турган бир системаны денесинин ичине жайгаштыра албайт. Же болбосо ал жандык тууралуу «денесиндеги бардык клеткаларды, атомдорду башкара алат, аларды каалагандай жөнгө салып, керектүү пигменттерди пайда кыла алат» деп айткан киши абдан сандырак сөздү айткан болот. Мындай теңдешсиз жөндөмдү кокусунан пайда болгон деп айтуу да эч акылга сыйбайт. Табияттагы эч бир механизм мындай кемчиликсиз жөндөмдү пайда кылып, аны муктаж болгон жандыктарга берүү күчүнө ээ эмес. Хамелеондор да, жер жүзүндөгү бардык жаныбарлар сыяктуу, Аллах тарабынан жаратылган. Аллах теңдешсиз жаратуу чеберчилигин бизге ушул мисалдар аркылуу да көрсөтүүдө. Аллах улуу жана кудуреттүү.
Асмандардагы жана
жердегилердин баары Аллахты тасбих кылышат (аруулашат). Ал – улуу жана кудуреттүү
(Азиз), өкүмдар жана даанышман. Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. (Ал) тирилтет
жана өлтүрөт. Ал бүт нерсеге кудуреттүү. (Хадид Сүрөсү, 1-2)
Чөйрөгө жараша түсүн өзгөртүү
Жандыктар
түстөрдү колдонуп бир гана душмандарынан коргонушабы? Албетте, жок. Кээ бир
жаныбарлар денелерин каптаган жүндөрүнө түс берүүчү ферменттер аркылуу
ысык-сууктан да коргонушат. Суук аймактарда жашаган жаныбарларда дененин эң
сезгич бөлүктөрү болгон буттарынын учундагы, кулак жана мурундарындагы түктөр
кочкул түстө болот. Кочкул түстөгү түктөр, адамдардын кышында кочкул кийимдерди
кийип күндүн нурунан көбүрөөк пайдаланышы сыяктуу, жаныбарлардын да жылуулукту
көбүрөөк алып, жакшыраак жылынышына шарт түзөт. Кургактыктагы жаныбарларда
түстөрдүн өзгөрүшү көп кездешет. Мисалы, жайында түндүктөгү түлкүлөрдүн жүндөрү
агарат, себеби денелеринин температурасы жогору болот. Кышында аба ырайы
сууганы үчүн, денелеринин температурасы төмөндөп, ферменттер оңой иштей
баштайт. Ошондуктан кышында түндүктөгү түлкүлөрдүн жүндөрү карарат. Ошондой
эле, түндүк кеңдиктеринде жашаган коендор, түлкүлөр, суусар жана суурлар да жайында
күрөң, кышында болсо ак түскө бөлөнүшөт.
Түстү өзгөртүүчү
фермент тирозиназа деп аталат.
Кээ бир
канаттуулар кыш айларында аппак болуп, жаз келгенде жердин жана өсүмдүктөрдүн
түсүнө окшошуп калышат.
Кабар билдирүүчү түстөр
Жандыктар
түстөрдү ар кандай багытта колдонушат. Алардын бири – бул бири-бирине ар кандай
кабарларды билдирүү. Алдыда бул багыттагы мисалдардын бир бөлүгүн карайбыз.
Канаттуулардагы түстөр
Канаттуулардын кулпурган түктөрүнүн эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул алардын жансыз болушу. Түктүн толугу менен жансыз болушу анын үзүлгөн соң да түсүн ошол бойдон сакташына себеп болот.
Канаттуулардагы түркүн түстөр түктөрдүн ичинде жайгашкан жана түктөр пайда боло баштаган кезде топтолгон пигменттерден же түктөрдүн түзүлүшүнөн улам жарыктын кыймылынан келип чыгат.
Кератин затынан
түзүлгөн бул бөлүктөр айлана-чөйрөнүн шарттарынан улам кыска убакытта
жешилгендиктен белгилүү убакыт сайын жаңыланып турат. Жаныбардын кооз түктөрү
улам жаңыдан калыптанат. Себеби канаттуулардын түктөрү керектүү узундукка, ошол
түрдүн оймо-чийме өзгөчөлүктөрүнө жеткенге чейин өсүүсүн улантат.
Түктөр өзгөчө
түзүлүшүнөн улам айнек призманын нурду түстөргө ажыратышы сыяктуу бир көрүнүштү
пайда кыла алышат. Ушундайча жарыктын сынышынан келип чыккан түстөр
пигменттерден чыккан түстөрдөн кыйла тунук жана жалтырак болот. Мындай
түктөрдүн түстөрү көктөн жашылга, кызгылт сарыдан кызылга өзгөрөт. Көбүнчө
канаттуулардагы жашыл, көк жана металл түстөр нурдун чагылышынан жана сынышынан
келип чыгат. Бирок кээ бир түстөр пигменттерден да болушу мүмкүн.38
Канаттууларда
негизинен үч түрдүү пигмент кездешет. Алар кара, күрөң же күңүрт сары түстү
берүүчү меланин пигменттери; кызыл, сары жана кызгылт сары түстү берүүчү каротиноиддер.
Канаттуулардагы
көк, жашыл жана кээ бир жалтырак түстөр болсо түктөрдүн үстүндөгү
микроскопиялык ичке катмарчаларда нурдун сынышынан жана чагылышынан пайда
болот. Мисалы, кээ бир канаттуулардагы көк түс жарык спектриндеги бардык
түстөрдүн түктөр тарабынан сиңирилип, бир гана көк түстүн чагылтылышынан келип
чыгат.39
Гормондор да
канаттуулардын түсүнүн өзгөрүшүнө маанилүү таасир берет. Кээ бир түрлөрдүн
эркек менен ургаачыларындагы түстөрдүн айырмачылыгы жыныстык гормондордон келип
чыгат. Мисалы, короздор менен тооктордун түктөрүнүн формасындагы жана
түстөрүндөгү айырмачылыктар эстроген гормонунан көз-каранды.
Канаттуулардагы
түстөр айлана-чөйрөсүнө ыңгайлашууда, эркек менен ургаачылардын бири-бирин
таанышында жана көбөйүү мезгилинде эркек канаттуулардын ургаачыларды жандашында
чоң роль ойнойт. Мындан тышкары, түктөргө түс берүүчү пигменттер түктүн
чыдамдуулугун жогорулатат, күндүн нурларынан жылуулук топтойт жана зыяндуу
ультра кызгылт көк нурлардын денеге киришине бөгөт койот.
Көпөлөктөр
Көпөлөктүн
канаттарындагы түстөрдүн пайда болушу абдан кызыктуу. Көпөлөктүн канаттарынын
үстүндөгү кабырчыктардан нур чагылат жана андан «чындыгында жок», бирок абдан
симметриялуу жана кооз түстөр пайда болот. Эмне үчүн «чындыгында жок» деп
айттык?
Көпөлөктөр
денелерине салыштырмалуу абдан чоң аянтка жайылган канаттарынын кооздугу менен
белгилүү. Көпөлөктүн канаттарындагы мындай кереметтүү оймо-чиймелер менен
түстөр кантип пайда болот?
Көпөлөктөр негизи бир жуп тунук кабык канатка ээ. Алар ар кандай тыгыздыктагы кабырчыктар менен капталгандыктан, канаттардын тунуктугу билинбейт. Көпөлөктөрдүн канаттарынын аэродинамикасын (аба агымдарынан пайдаланып жасалган кыймылдар) күчөткөн жана аларга түс берген ушул кабырчыктар. Кабырчыктар тийип койсоң ордунан үзүлүп кала турганчалык назик болушат жана көпөлөктүн канатына илинген учтуу учтары бар. Ошолор аркылуу түшпөй ордунда турушат. Канаттын үстүнө үйдүн чатырындагы черепицаларга окшоп тизилген кабырчыктар же химиялык пигменттер аркылуу, же болбосо самындын көбүгү сымал өзүнө тийген нурду көк желенин (радуга) түстөрүнө сындыруучу түзүлүшү аркылуу түстөргө ээ болушат. Мындан тышкары, лабораториялык изилдөөлөр ар кайсы түстөрдүн ар кандай химиялык заттардан көз-каранды экенин көрсөткөн.40 Мисалы, птеридин аттуу бойок заттын туундулары көпөлөктөрдө көп кездешкен кызгылт, ак жана сары түстөрдү берет. Абдан көп кездешкен меланин аттуу бойок зат болсо канаттардагы кара темгилдерде жайгашат.
Ошондой эле, көпөлөктөрдүн канаттарындагы түстөр ар дайым көрүнгөндөй эмес. Мисалы, жашыл түстөгү кабырчыктар кара жана сары кабырчыктардын аралашмасынан келип чыгат. Көпөлөктөрдүн канаттары тууралуу акыркы изилдөөлөр пигменттердин кабырчыктарда синтезделээрин жана меланинди иштеп чыгуучу ферменттердин кабырчыктардын үстүңкү терисинде жайгашаарын көрсөткөн. Көпөлөктөрдөгү кулпурган түстөр бир гана бойок заттардан келип чыкпайт. Көпөлөктүн канаттарындагы кабырчыктардын түзүлүшү жана тартиби чагылуу, сынуу сыяктуу нур кубулуштарынын келип чыгышына жана укмуш кооз түстөрдүн пайда болушуна себеп болот. Мисалы, «Stilpnotio Salicis» аттуу көпөлөктүн аба көбүкчөлөрүнөн турган жарым тунук кабырчыктары бар. Ал кабырчыктарда бойок заты болбогонуна карабастан, ичинен нур өткөндө көпөлөктүн көрүнүшү сатинге окшошуп калат.
Аргиннис көпөлөгүнүн болсо канат кабырчыктарынын үстүңкү бети абдан жумшак жана канаттарында күмүш сымал чагылуулар бар. Кээ бир көпөлөктөрдө үстү-үстүнө жайгашкан эки кабырчык катмарынын ар кандай тизилиши да нурларды ар түрдүү чагылта алат, мисалы көпөлөктү карараак же күрөңүрөөк эмес, көк кылып көрсөтөт. Көпөлөктөрдүн канат түзүлүшүн түсүнө карап изилдегенде эле канчалаган кереметтерди көрөбүз. Бул кереметтүү кооздуктар, эч күмөнсүз, булардын баарын жараткан Аллахтын чексиз кудуретинин жана түгөнгүс чеберчилигинин бир далили.
Бул жерде
белгилей кетчү жагдай, көпөлөктөрдүн канаттарындагы түстөрдүн жана оймо-чиймелердин
бир кооздук катары жаратылганынан тышкары, бул жандыктар үчүн абдан маанилүү
көптөгөн функциялары да бар.
Көпөлөктөрдөгү алдамчы көздөр
Көпчүлүк
көпөлөктөрдүн үстүндө чоң бир жандыктын көздөрүнө окшогон кочкул түстөгү
тоголок саймалар бар. Канаттардын үстүндөгү түстүү кабырчыктардан келип чыккан
ал көздөр көпөлөктөрдүн эң негизги коргонуу механизмин түзөт. Көпөлөктөр эс
алуу учурунда канаттарын жабык кармашат, кандайдыр бир душманга жолукканда же
бир нерсе тийгенде канаттар ошол замат ачылып, канатта чоң, кочкул түстөгү
көздүн сүрөтү пайда болот. Ошентип душманга керектүү сигнал берилет.
Көпөлөктөрдүн камуфляжы
Көпөлөктөрдүн
алдамчы көздөрүнөн тышкары, камуфляж жөндөмдөрү да таң калтырат. Камуфляж
жасаган көпөлөктөр бадалдын түсүн көрүп, аны аныктап, анализдеп, эң мыкты
иштеген бир система аркылуу денесинде түстөрдү иштеп чыгып бадалдын түсүнө
окшошуп алышат, душманынын табитин билген башка бир түр болсо душманына
жакпаган түстөргө бөлөнүп, эскертүүчү сигнал берет. Тагыраагы, көпөлөк эч качан
буларды өз алдынча жасай албайт. Муну төмөнкүдөй бир мисал менен жакшыраак
түшүнүүгө болот:
Бир
лабораторияда кандайдыр бир түстү алууга аракет кылып жатасыз дейли. Бул
жөнүндө эч кандай маалыматыңыз болбосо, ал лабораторияда эң алдыңкы шаймандар
жана бардык мүмкүнчүлүктөр болсо да, керектүү жыйынтыкты ала албайсыз.
Көпөлөктөрдөй айлана-чөйрөнүн дал өзүндөй түстү, дал өзүндөй оймо-чиймелерди пайда
кылып, эч байкалбай кала турганчалык сапатка жетүү мындай турсун, кандайдыр бир
нормалдуу түстү да ала албайсыз. Демек, көпөлөктөрдөгү бул кереметтүү системаны
кокусунан пайда болгон деп айтуу, албетте, илимге жана акылга такыр туура
келбейт. Бир тартип бар болсо, демек аны түзгөн бирөө бар. Жер жүзүндөгү
кемчиликсиз тартип Рахман (мээримдүү) Аллахка тиешелүү. Акылман адамдар
Аллахтын жаратуусу тууралуу терең ойлонууга милдеттүү. Улуу Раббибиз Аллах Нахл
Сүрөсүндө мындай деп билдирет:
Жерде силер үчүн
жаратып-көбөйткөн ар кандай түстөрдөгүлөрдү да (пайдаланууңарга берди).
Күмөнсүз, мында сабак алып ойлонгон бир коом үчүн аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 13)
Нурду сиңирген кара темгилдер
Кээ бир
көпөлөктөрдө өзгөчө канаттардын денеге жакын жайгашкан бөлүктөрүндө
кабырчыктардан турган чоң кочкул түстүү темгилдер болот. Эки канатта
симметриялуу жайгашкан ал темгилдер көпөлөктөрдүн учушунда абдан маанилүү бир
функцияны аткарат. Дененин температурасын учууга керектүү деңгээлге жеткирүү
үчүн көпөлөктөр ошол темгилдерди пайдаланышат. Кантип дейсизби?
Кабырчыктар
түсүнө жараша жылуулукту максималдуу же минималдуу деңгээлге жеткирүү касиетине
ээ. Күндүн астында белгилүү бир бурчту кармаганга аракет кылгансып, канаттарын
ачып жаап жаткан көпөлөктөрдү баарыбыз көрсөк керек. Ошол кыймылдар аркылуу
күндүн нурун алууга аракет кылган көпөлөктөргө канаттарындагы кара темгилдер
жардам берет. Денесин жылытышы керек болгон көпөлөк күндүн нурларын ошол
темгилдерге туштап канаттарын ачып жабат, ошентип денесин оңой гана жылыта
алат. Ачык талаада күндүн астында жүргөн көпөлөктөрдүн түсү башкаларга
караганда ачыгыраак, бадалдуу жердегилердин түсү болсо кочкулураак болот. Кээ
бир Lepidoptera (канаттары какач менен жабылган) көпөлөктөр болсо канаттарында
кабырчыктар болбогону үчүн, нурду чагылта алышпайт, ошондуктан жалтырак
болушат. Көпөлөктөрдүн бул түрүн учуп жүргөндө көрүүгө болот, бирок бир жерге конгондо
көрүү дээрлик эч мүмкүн эмес. Бул көпөлөктү эң сонун коргойт. Бардык жандыктар
сыяктуу, көпөлөктөр да бардык муктаждыктарын толук камсыздай турган системалар
менен бирге жаратылган жана алардын баары бири-биринен көз-каранды, бири
болбосо экинчиси да болбой турган системалар.
Ааламдагы бардык
нерселер сыяктуу, көпөлөктөр да Аллах тарабынан бардык өзгөчөлүктөрү жана
керектүү бардык системалары менен бирге жаратылган.
Деңиздин астындагы түстөр
Суунун астындагы
жашоо кургактыкка караганда такыр башкача. Сууда жашаган жандыктардын бардык
өзгөчөлүктөрү суунун ичинде эч кыйналбай жашашына ыңгайлаштырылган. Адам сууда
балыктай көрө албайт, анткени адамдын көзүндө суунун астында тунук көрө турган
өзгөчөлүктөр жок. Мисалы, балыктыкындай линза системасы жок жана адамдын көзү
балыктыкындай тоголок жана катуу эмес, ошондуктан сууда балыктардай тунук көрө
албайт, суудагы сынууну анализ кыла албаганы үчүн аралыкты балыктардай так
аныктай албайт.
Аллах ар бир
жандыкты жашаган чөйрөсүнө эң ыңгайлуу өзгөчөлүктөрү менен жараткан. Деңиздин
астындагы жандыктар Аллахтын жаратуу чеберчилигин көрсөткөн мисалдардын
кичинекей бир бөлүгүн гана түзөт. Аллахтын жаратууда эч бир шериги жок жана
баарын башкарып турат.
Өсүмдүктөрдөгү түстөрдүн долбоору
Адам ойлонбосо, айланасындагы жандыктардын кереметтүү өзгөчөлүктөрүн байкай албайт. Мисалы, кабыктай жука канаттуу көпөлөктөрдүн кантип учаарын, ар дайым айланасынан көргөн гүлдөрдүн түстөрүнүн кантип мынчалык ар түрдүү болоорун, бийиктиги бир канча метрге жеткен дарактардын эң учундагы бутактарынын да кантип жапжашыл бойдон тураарын ойлонмоюнча, алардагы чеберчиликтерди билбейт. Ал тургай, бир гүлдөгү кереметтүү чеберчилик да көңүлүн бурбашы мүмкүн.Бирок бул китепте каралгандай, курт-кумурскалардан канаттууларга, өсүмдүктөрдөн балыктарга чейин бардык жандыктарда кемчиликсиз чеберчилик апачык көрүнүп турат. Албетте, бул чеберчилик бардык жандыктардын жаратуучусу Аллахка таандык.
Өсүмдүктөрдү карап көрөлү. Мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, гүлдөрдү жана дарактарды... Ар биринин түсү, жыты жана даамы ар түрдүү болгон өсүмдүктөр Аллахтын жаратуу чеберчилигинин далилдеринен. Сиз айланаңыздан ар дайым көргөн же кээде китептерден гана окуган өсүмдүктөрдүн ар биринин түсү жана оймо-чиймелери өзгөчө. Бүт баарынын көбөйүү формалары, курамындагы ширенин деңгээли, жыттары баары бири-биринен айырмалуу. Розаларды эстейли. Кызыл, ак, сары, кызгылт сары, кызгылт, чекелери ак, кош түстүү жана бир канча түстүү розаларды... Албетте, аларды көргөндө таң калбаган, ал гүлдөрдү жараткан Аллахтын чексиз кудуретин түшүнө албаган адам чоң сокурдук кылган болот. Аллах Куранда жаратылуу далилдерин көрүп, аларды аңдап түшүнбөгөн адамдар тууралуу сөз кылган:
Асмандарда жана
жерде канчалаган аяттар бар; жанынан өтүп, андан тескери бурулуп кетишет.
Алардын көпчүлүгү Аллахка ыйман кылышпайт, шерик кошуп гана турушат. (Йусуф
Сүрөсү, 105-106)
Өсүмдүктөрдүн эмне үчүн жашыл түстө болоорун ойлонгон белеңиз?
Белгилүү
болгондой, өсүмдүктөр дүйнөсүндө жашыл жана жашыл чалыш түстөр өкүмчүлүк кылат.
Жашыл түстү түзгөн негизги зат болсо хлорофилл. Абдан маанилүү бир зат болгон
хлорофилл өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасында чачыранды абалда жайгашкан хлоропласттардагы
бир пигмент. Күндөн алган нурду жакшы сиңирүүчү касиетке ээ болгон бул
пигменттер бир гана жашыл түстү чагылтышат. Бул касиет жалбырактарга жашыл
түстү берүүдөн тышкары, «фотосинтез» деп аталган абдан маанилүү бир процесстин
ишке ашышына да шарт түзөт.
Өсүмдүктөр
фотосинтез процессинде ар кандай түстөрдүн жыйындысынан турган күндүн нурун
колдонушат. Күндүн нурундагы түстөрдүн эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул
алардын энергия жүктөрүнүн бири-биринен айырмалуу болушу. Ал түстөрдүн
ажыратылышынан келип чыккан жана спектр деп аталган түстөрдүн тизмегинин бир
учунда кызыл жана сары түстөр, тигил учунда болсо көк жана кызгылт көк түстөр
жайгашат. Спектрдин көк тарабындагы түстөрдүн энергиясы эң жогору.
Түстөрдүн
ортосундагы мындай энергия айырмачылыгы өсүмдүктөр үчүн абдан маанилүү, анткени
фотосинтез жасоо үчүн абдан көп энергия керек. Ошондуктан өсүмдүктөр фотосинтез
процессинде күндүн нурларынын эң жогорку энергиялууларын, б.а. спектрдин ультра
кызгылт көк учундагы түстөр менен (көк жана кызгылт көк) бирге, спектрдин инфра
кызыл учундагы түстөрдү (кызыл, кызгылт сары жана сары) сорушат, б.а.
сиңиришет. Жалбырактардын бул процесстерди жасашына хлоропласттарда жайгашкан
хлорофилл пигменти жардам берет.51
Өсүмдүк
фотосинтез жасай алышы үчүн, хлорофилл заты тарабынан сиңирилген жарык
бөлүкчөлөрүнүн энергия деңгээли жетиштүү болушу керек. Кыскача фотосинтез
процессин карайлы. Өсүмдүк жарык бөлүкчөлөрүнөн алган энергия менен суу
молекулаларын ажыратып, кычкылтек жана суутек молекулаларын алат. Өсүмдүк
жашоосун улантышы үчүн, алынган суутек көмүр кычкыл газындагы көмүртек атомдору
менен реакцияга кирип, өсүмдүктүн ширесине айланат. Башкача айтканда, өсүмдүк
өзүнө азык даярдайт. Колдонулбаган кычкылтек болсо абага чыгарылат. Атмосферада
биз дем алган кычкылтектин абдан чоң бөлүгү ушундай жол менен пайда болот.
Көрүнүп
тургандай, өсүмдүктөрдүн жашыл түстө болушу кооздуктан тышкары, өсүмдүктөрдүн
да, башка жандыктардын да жашоосун улантышы үчүн абдан маанилүү. Аллах
өсүмдүктөрдүн жана калган бардык жандыктардын азыктанышына хлорофилл затын
себепчи кылууда.
Өсүмдүктөрдүн түстөрү кантип пайда болот?
Жогоруда да айтылгандай, ар бир заттын чагылткан түсү ал заттагы пигмент молекулаларынан көз-каранды. Жашыл өсүмдүктөрдөгү негизги пигмент молекуласы болсо жогоруда айтылган «хлорофилл» заты. Мындан тышкары, өсүмдүктөрдө башка түстөрдү берүүчү пигменттер да болот жана ал пигменттер өсүмдүктөрдөгү сансыз түрдүү түстөрдү пайда кылат.Мисалы, хлорофиллден тышкары өсүмдүктөрдө «каротиноид» аттуу пигменттер да бар. Жогоруда каралган ал пигменттердин кээ бирлери сары; жүгөрүлөргө, лимондорго, күн карамаларга түс беришет. Башка каротиноиддер саргыч кызыл; алар кант кызылчаларында, помидорлордо, розаларда, сабиздерде болот. Каротиноиддер, ошондой эле, жашыл жалбырактарда да болот. Анда эмне үчүн жалбырактар кызыл, сары же кызгылт сары эмес, негизинен жашыл түстө көрүнөт деген ой келиши мүмкүн. Буга хлорофиллдин жашылынын башка түстөрдү тосуп кала турганчалык күчтүү болушу себеп болот.52
Бирок күзүндө өзгөрүүлөр байкалат. Күндүн нуру азайганда өсүмдүктөр хлорофиллди иштеп чыгарууну токтотушат жана мындан улам жашыл түстү берүүчү пигменттердин күчү азайып, жалбырактардагы жашыл түс солгундай баштайт. Каротиноиддер жалбырактарды күрөң, сары жана кызыл түскө бөлөшөт. Ошондой эле, күзүндө кээ бир жалбырактардын сырткы катмарларында «антоцианин» аттуу бир пигменттер тобу иштелип чыгат. Ачык кызыл жана көк түстөгү бул пигменттер жалбырактарда кызыл жана кызгылт түстөрдү пайда кылышат. Эгер бир өсүмдүктө бир канча пигмент болсо, анда ал өсүмдүктө пигменттер чагылткан түстөрдүн аралашмасы көрүнөт.53Түс берүүчү пигменттердин бүт баары тууралуу маалыматтар өсүмдүктүн ДНКсына жазылган. Ошондуктан өсүмдүктүн бир түрү дүйнөнүн кайсы тарабына барбасын, бирдей өзгөчөлүктө болот. Мисалы, дүйнөнүн бүт тарабындагы апельсиндердин түсү бирдей, формалары жана кабыктарынын кыртышы бирдей. Апельсиндин кабыгынын ичинде жайгашкан, кызгылт сары түстөгү, жыттуу, таттуу, суулуу баштыкчаларды ороп турган тунук кабыкчанын түсү дүйнөнүн эч бир жеринде өзгөрбөйт. Банандар дүйнөнүн бүт тарабында сары, помидорлор кызыл, розалар, фиалкалар, гвоздикалар, баары бирдей. Дүйнөнүн кайсы тарабына барбаңыз, табигый жол менен өскөн бир кулпунайдын башкача бир түстөгүсүн таба албайсыз. Дүйнөнүн бүт тарабындагы кулпунайлардын ДНКсына аларды биз билген кулпунайларга айландыруучу өзгөчөлүктөр жазылган. Кулпунайдын түсү, жыты, даамы ар дайым бирдей болот. Бул эч бир теңдеши жок тартип. Мындай тартипти кокусунан пайда болгон деп айтуу, албетте, мүмкүн эмес.
Дүйнөнүн бүт
тарабын курчаган бул теңдешсиз чеберчиликтин кожоюну – улуу бир акылдын ээси
Аллах. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү.
Бир топуракта
өсүп, бир сууну ичкен өсүмдүктөрдө ушунчалык ар кандай түстөр кантип пайда
болот деп ойлонгон белеңиз?
Аллах Рад
Сүрөсүндө бир сууну ичкенине карабастан, топурактан ар кандай түшүмдөрдүн
чыгаарына төмөнкүчө көңүл бурат:
Жер бетинде
бири-бирине жакын коңшу материктер бар; жүзүм бактары, эгиндер, бутактуу жана
бутаксыз курма бактары да бар, булар бир эле суудан сугарылышат. Бирок
түшүмдөрүндө (түшүмдүүлүк жана даамда) кээ бирин кээ биринен өйдө кылуудабыз.
Шек жок, буларда акылын колдонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар бар. (Рад
Сүрөсү, 4)
Өсүмдүктөр
жасаган фотосинтез процессинин натыйжасында башка жандыктардын азык булагы
болгон углеводдор пайда болот. Фотосинтезден алынган заттар өсүмдүктөрдүн өздөрү
үчүн да, жаныбарлар үчүн да, адамдар үчүн да абдан маанилүү. Себеби дүйнө
жүзүндөгү бардык жандыктардын негизги азык булагы өсүмдүктөр.
Аллах аятта
көңүл бургандай, бир эле топурактан ар кандай түшүмдөрдүн чыгышын айланабыздагы
жашылчалар жана мөмө-жемиштер аркылуу ойлонуп көрөлү. Мисалы, дарбыздарды,
коондорду, кивилерди, банандарды, алчаларды, баклажандарды, помидорлорду,
жүзүмдөрдү, шабдалыларды, фасольдорду карайлы. Кочкул сары түстөгү кабыгын
ачканыңызда ичинен жыты өзгөчө болгон, ачык сары түстөгү банан чыгат. Алманын
кызыл, жашыл же сары түстөрдөгү кабыгы жылмакай каптама менен оролот. Ичиндеги
алмага гана таандык өзгөчө жыты бар канттуу суунун даамы менен жытын адамдар эч
өзүндөй кылып туурай албай келишүүдө.
Мындан улам бир
эле кара топурактан чыкканына карабастан, бардык гүлдөр, дарактар, жашылчалар
жана мөмө-жемиштер кантип ушунчалык ар кандай түстө болушат деген суроо туулушу
мүмкүн. Бул Аллахтын чексиз илиминин жана үлгүсүз жаратуусунун бир далили. Бир
адам жаңы бир түстү жарата албайт. Адамдар чыгарган түстөрдүн баары табияттагы
түстөрдүн негизинде алынган копиялар гана. Аллах болсо жоктон бар кылуучу жана
жер жүзүндөгү жандыктарды толуктаган түстөрдүн баарын бир гана Ал жараткан.
Аллахтын жаратуу чеберчилигинин теңдеши жок. Улуу кудуреттүү Аллахтын
сыпаттарынын бири Мусаввир (сүрөттөөчү, бүт нерсеге калып жана келбет берүүчү).
Аллах жараткан нерселеринин баарын эң кооз келбетте жараткан:
Ал – Аллах, Ал –
жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун
ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал –
Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)
Жер жүзүндөгү
бардык өсүмдүктөрдүн түстөрү менен сырткы көрүнүштөрү адамдын рухуна абдан
жагымдуу кылып жаратылган. Мөмө-жемиштерде жана жашылчаларда түстөрдүн абдан
көп түрлөрү бар. Ошондой эле, гүлдөр менен дарактардын көрүнүштөрү жана түстөрү
да абдан кооз.
Гүлдөрдөгү
түстөрдүн жана оймо-чиймелердин долбоору эч теңдешсиз. Жер бетиндеги гүлдөрдүн
жүз миңдеген түрүнүн ар биринин өзгөчөлүктөрү ар башка. Бүгүнкү күндө адамдар
иштеп чыккан жыттар, оймо-чиймелер жана түстөр табияттагыларды тууроо аркылуу
алынууда. Мисалы, фиалкалардын бархаттай жумшак жалбырактарынын кызгылт көк
түсү жана жалбырактарынын кыртыштарындагы жылмакайлык эч теңдешсиз. Бархат
кездемелер фиалкалардын кыртышын тууроо аркылуу өндүрүлүүдө, бирок сапаты
жагынан баары бир төмөн болууда.
Ушинтип ой
жүгүртүп, жер жүзүндөгү кайсы гана өсүмдүктү карабайлы, баары кемчиликсиз
жаратылган деген жыйынтыкка келебиз. Жаратууда эч бир шериги жок Аллах даамы,
жыты, түсү, оймо-чиймелери ар түрдүү болгон өсүмдүктөрдү адам үчүн жараткан.
Биздин милдет Аллахтын жараткан далилдери тууралуу ой жүгүртүп, Ага шүгүр
кылуу.
Булактар:
16. David Attenborough, The Life of Birds, Princeton University Press, New Jersey, 1998, s.263
17. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.41
18. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.52
19. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.20
20. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.26
21. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.71
22. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.76
23. Jill Bailey, Mimicry and Camouflage, BLA Publishing Ltd. , England, 1988, s.17
24. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.85
25. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s. .25
26. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.48-49
27. The Guinnes Enyclopedia of Living World, 1992, s.16
28. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.86-87
29. International Wildlife, September-October 1992, s.34
30. Jill Bailey, Mimicry and Camouflage, BLA Publishing Ltd. , England, 1988, s.18
31. Dr.Harold Cogger&Dr. Richard Zweifel, Enyc. of Reptiles&Amphibians, 1998, s.388
32. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.64
33. Dr.Harold Cogger&Dr. Richard Zweifel, Enyc. of Reptiles&Amphibians, 1998, s.200
34. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.129
35. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.126
36. David Attenborough, The Trials of Life, Princeton University Press, New Jersey s.235
37. David Attenborough, The Life of Birds, Princeton University Press, New Jersey, 1998, s.193
38. David Attenborough, The Life of Birds, Princeton University Press, New Jersey, 1998, s,158
39. David Attenborough, The Life of Birds, Princeton University Press, New Jersey, 1998, s.158
40. Ranger Rick, May 1999
41. Karl Roessler, Coral Kingdoms, Harry N. Abrams, Inc. , Publishers, 1986, s.69
42. National Geographic, October 1989, s.518
43. National Geographic, August 1997, s.32
44. The Guinnes Enyclopedia of Living World, 1992, s.167
45. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.56
46. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.122
47. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.62
48. Karl Roessler, Coral Kingdoms, Harry N. Abrams, Inc. , Publishers, 1986, s.44
49. National Geographic, Aralık 1996, s.118-120
50. Karl Roessler, Coral Kingdoms, Harry N. Abrams, Inc. , Publishers, 1986, s.125
51. Temel Britannica Ansiklopedisi, Cilt 7, s.16
52. Franklyn Branley, Color, From Rainbows to Lasers, Thomas Y. Crowell Comp. , New York, s.37
53. Franklyn Branley, Color, From Rainbows to Lasers, Thomas Y. Crowell Comp. , New York, s.38










































































Hiç yorum yok:
Yorum Gönder