Мурдакы бөлүмдө заттардагы пигмент молекулаларынын атомдук касиеттеринен улам нурларды ар кандай чагылдыраары жана анын негизинде түстөрдүн пайда болоору тууралуу сөз кылдык. Айланаңызга кайрадан көз чаптырып көрүңүз. Көзүңүзгө канчалык көп түс көрүнсө, демек ошончолук көп санда пигмент бар. Анткени айланабыздагы бардык заттардын түсү алардын курамындагы пигменттерден көз-каранды. Өсүмдүктөрдүн жашыл түсү, териңиздин түсү, көзүңүздүн өңү, жаныбарлардын түсү, кыскасы, бардык түстөр пигменттердин структуралык өзгөчөлүгүнөн келип чыгат.
Пигмент деген эмне?
Пигменттер көзүбүздө жана заттардын көбүнчө сырткы бетинде жайгашып, түстөрдү пайда кылган өзгөчө молекулалар. Пигмент молекулалары активдешиши үчүн белгилүү бир энергия керек. Албетте, түстөрдүн пайда болушунун бардык башка баскычтары сыяктуу, пигменттер менен нурдун ортосунда да кемчиликсиз шайкештик бар. Анткени жердин бетине келген «көзгө көрүнгөн нур» атайын организмдердеги түс молекуласы деп аталган «пигмент» молекулалары үчүн долбоорлонгон.Ошондой эле, адамдын көзүнүн түзүлүшү да буга ылайыктуу. Көзүбүздүн тордомо челинде жайгашкан кумганча клеткаларынын үч негизги түстү, б.а. кызыл, жашыл жана көктү сезишинин себеби – бул алардын ичиндеги өзгөчө пигмент молекулалары. Ал пигменттердин түстүү дүйнө көрүшүбүз үчүн аткарган эң негизги кызматы – аларга келген нурдун «түс» энергиясын электрдик сигналга айландыруу. Башкача айтканда, биз түс деп атаган нерселердин баары негизи ошол пигменттердин аларга келген нурдун толкун узундугун электрдик сигналга айландырып мээге жиберишинен келип чыгат.10
Көзгө көрүнгөн
нурдун энергия деңгээли организмдердин терилеринде, терилерин каптаган
кабырчыктарында, түктөрүндө же жүндөрүндө жайгашкан пигмент молекулаларын
стимулдоого керектүү энергия деңгээлине барабар. Көзгө көрүнгөн нурдун
диапазонунун ичинде жайгашкан жана белгилүү түстөргө туура келген толкун
узундуктары ошол пигменттерди кыймылга келтирип, жандыктардын түстөрүн пайда
кылышат.11
Көрүнүп
тургандай, жандыктардын көрүү борборлорундагы пигменттер да, денелериндеги пигменттер
да дененин башка системаларына толук шайкеш келет. Бир жандыктын көрүү
борборунда пигмент молекуласы жок болсо же талап кылынгандан аз болсо,
айланасындагы түстөрдү айырмалай албайт.
Бул жерде
«мындай өзгөчө молекулалар жандыктардын терилеринде кантип пайда болот?» деген
суроонун жообуна токтолуу керек. Бул суроонун жообун да кайра эле суроолорду
узатып берүүгө болот. Жандыктар жердин бетине келген жарык спектринин
касиеттерин билип, ошого жараша өзгөчө пигмент молекулаларын тандап, ушундай
түстөргө ээ болушканбы? Албетте, мындай кокустуктун ишке ашуу ыктымалдыгы нөлгө
барабар.
Бул өзгөчө
молекулалар жандыктардын терилерине атайын жайгаштырылган. Жандыктар да өз
алдынча мындай нерсени жасай албайт, туш келди кокустуктардын натыйжасында да
мындай нерсе пайда болбойт. Себеби мындай шайкештик бүт баарын башкарган бир
Эрктин жаратуусу менен гана пайда болушу мүмкүн. Аллах бардык жандыктарды
бөтөнчө өзгөчөлүктөр менен жараткан. Жандуу-жансыз бүт нерсенин өзүнө ылайыктуу
пигменттери бар. Пигменттер нурду өздөрүнүн молекулярдык түзүлүшүнө жараша
тандап сиңиришет. Пигменттердин нурга карата реакциясы ар кандай болот. Мындан
улам химиялык реакция да ар түрдүү болот жана ар кандай түстөр келип чыгат.
Мисал катары
өсүмдүктөрдү жашыл кылып көрсөткөн пигмент молекулаларын, б.а. хлорофиллдерди
карайлы. Бул пигменттер күндөн келген белгилүү толкун узундуктарын сиңирип,
жашыл түстү берген толкун узундугундагы нурду чагылтат. Ошол эле учурда күндүн
нурунан алынган энергия өсүмдүктөрдүн бардык организмдердин азык булагы болгон
углеводдорду өндүрүшүнө шарт түзөт.12 Башка
пигмент молекулалары да өздөрүнүн молекулярдык өзгөчөлүгүнө жараша белгилүү
толкун узундугундагы түстөрдү чагылтышат жана ар башка химиялык реакцияларды
пайда кылышат.
Табиятта
пигменттердин түрлөрү абдан көп. Пигмент молекулаларынын жандыктардын жашоосу
үчүн атайын долбоорлонгонун көрүү үчүн бир канча мисал берүү жетиштүү болот.
Пигмент түрлөрүнөн мисалдар: коргоочу түс булагы меланин
Жандыктардын көздөрү нурга карата абдан сезгич болот жана оңой эле зыян тартып калышы мүмкүн. Бирок биз көздөрүбүздөгү Аллах тарабынан атайын жаратылган колдоочу системалардан улам күнгө коопсуз карай алабыз жана айланабызды кыйналбай көрө алабыз. Мындай колдоочу системалардын бири – бул көздөрүбүздөгү пигмент молекулалары.Белгилүү болгондой, жандыктардын көздөрүнүн өңү ар кандай болот. Көздөрдүн өңүн да пигменттер пайда кылат. Меланин көздүн ичинде жайгашып, көзгө түс берген пигмент заттарынын бири. Чачыңыз менен териңиздин түсүн да меланин берет. Бирок меланиндин милдети бир гана түс берүү эмес. Изилдөөчүлөр көздөгү меланин затынын бир жагынан көздү зыяндуу нурлардан коргоп, экинчи жагынан көрүү жөндөмүн жогорулатаарын аныкташкан. Табияттагы нурдун зыяндуу таасирлеринен коргонуунун эң табигый ыкмасы болгон меланин заты өзгөчө жогору энергиялуу нурларды төмөн энергиялуу нурларга караганда күчтүүрөөк сиңирет. Башкача айтканда, көккө караганда ультра кызгылт көктү, жашылга караганда көктү жакшыраак сиңирет.13 Ошентип меланин көздүн линзасын зыяндуу ультра кызгылт көк нурлардан коргойт. Тордомо челдин кыртышына зыян тийгизе турган түстөрдү белгилүү деңгээлде фильтрлеп, тордомо челдин эң идеалдуу деңгээлде корголушуна шарт түзөт. Ошентип сары так оорусуна чалдыгуу тобокелдигин азайтат. Көздөгү меланини азыраак болгон кишилерде бул оору көбүрөөк кездешет. Көздөгү меланиндин 25%ы 50 жаштарда жоголот. Меланин көздүн корголушуна абдан маанилүү салым кошот.14
Бул мисалдардан
да түшүнүктүү болгондой, меланин затынын ар бир кызматы бул заттагы өзгөчө
долбоорду көрсөтөт. Мындай кереметтүү зат кантип пайда болгон деген суроого,
албетте, мындай кереметтүү түзүлүштөгү, көп функциялуу бир зат кокусунан эч
качан пайда болбойт деп гана жооп берүүгө болот. Меланин заты ааламдагы бүт
нерселер сыяктуу, Аллах тарабынан атайын адамдарга пайдалуу кылып жаратылган.
Организмдердеги түстөрдүн булагы каротиноиддер
Каротиноиддер
(жана липохромдор) сары, кызыл жана кызгылт сары түстү чагылдырган жана
өсүмдүктөр тарабынан синтезделген пигмент молекулалар. Жаныбарлар бул
пигменттен өсүмдүктөр менен азыктануу аркылуу гана пайдаланат. Уулуу губкалар,
деңиз жоогазындары, уулуу деңиз бадыраңдары жана кээ бир моллюскалар
денелериндеги каротиноид затынан улам же денесинин бир бөлүгү же болбосо толугу
менен сары, кызыл же кызгылт сары түстө болушат. Мындан тышкары, көпөлөктөрдүн
канаттарында жана канаттуулардын тумшуктарындагы сары бөлүктөрдө да каротиноид
заты болот. Кээ бир курт-кумурскаларда атайын бездер сары жана кызыл түстү
бөлүп чыгарышат. Ал кошулмалар көбүнчө күңүрт жашыл же түссүз болот, бирок
уулуу курт-кумурскалардын канында ачык сары түскө айланат. Ал түстөр
душмандарга карата эскертүү сыпатын билдирет. Ошондой эле, каротиноиддер кээ
бир курт-кумурскалардын денелеринде уулуу кошулмаларга айланат, ошентип бир
жагынан курал, экинчи жагынан эскертүү милдетин аткарат.15 Улуу Аллах жараткан бул өзгөчө системаны
пайдаланып, көптөгөн жандыктар жашоолорун бейпил улантышат.
Бул жерге чейин
табияттагы пигмент түрлөрүнүн бир канчасын гана карадык. Мындан «пигменттердин,
аларды түзгөн атомдордун, пайда болгон түстөрдүн бүт баарында белгилүү бир
тартип бар» деген жыйынтыкка келдик. Бул улуу тартиптин ээси бүт ааламдардын
Рабби Аллах табиятта жараткан теңдешсиз түс чеберчилиги аркылуу бизге Өзүн
таанытууда.
10. Franklyn Branley, Color, From Rainbows to Lasers, Thomas Y. Crowell Comp. , New York, s.23-28
11. Solomon, Berg, Martin, Villie, Biology, Saunders College Publishing, 1993, s.192-193
12. Temel Britannica Ansiklopedisi, Cilt 7, s.16
13. http://www.netxpress.com/~ppt/story.htm
14. http://www.netxpress.com/~ppt/story.htm
15. Marco Ferrari, Colors for Survival, Barnes and Noble Books, New York, 1992, s.110








Hiç yorum yok:
Yorum Gönder