11 Ekim 2020 Pazar

ТҮСТӨГҮ ДОЛБООР

Биз үчүн түс заттардын өзгөчөлүктөрүн белгилеп, аларды жакшыраак сүрөттөөгө жардам берген бир түшүнүк. Айланасындагы заттардын түстөрүн бир-бирден ойлонгон адам чындыгында түстөрдүн канчалык көп экенин оңой эле түшүнөт. Жандуу-жансыз бүт нерсенин бир түсү бар. 


Ошондой эле, дүйнөнүн бүт тарабында бир түргө тиешелүү жандыктардын түстөрү бирдей болот. Кайсы жакка барбаңыз, дарбыздын түсү ар дайым кызыл, киви жашыл, деңиз көк же көгүлтүр, кар ак, лимон сары, пилдердин түсү да дүйнөнүн бүт тарабында бирдей, дарактардын түсү да бирдей, эч өзгөрбөйт. Жасалма жол менен алынган түстөр да бирдей болот. Дүйнөнүн кайсы тарабына барбаңыз, сары менен кызылды аралаштырсаңыз кызгылт сары, кара менен акты аралаштырсаңыз боз түстү аласыз. Бул дагы эч качан өзгөрбөйт. Мына ушул жерде башкачараак ойлонуу керек.

Эң биринчиден заттардагы түстөр кантип пайда болот деген суроодон баштайлы. Муну төмөнкүдөй бир мисал менен түшүндүрүүгө болот. Бир дүкөнгө кирип, ал жерде түркүн түстүү, ар кандай оймо-чиймелери бар, түстөрү бири-бирине абдан шайкеш кездемелерди көрдүңүз дейли. Албетте, ал кездемелер ал жерге кокусунан келип калган эмес, аң-сезимдүү кишилер тарабынан оймо-чиймелери чийилип, түстөрү долбоорлонуп, тиешелүү бойокторго бойолгон жана дагы көптөгөн баскычтардан өткөн соң ал дүкөнгө коюлган. Кыскасы, ал кездемелер аларды долбоорлоп, даярдаган кишилердин эмгегинен пайда болгон. Сиз аларды көргөндө, «булар бул жерге кокусунан келип калыптыр», «кездемелердин үстүнө бойоктор төгүлүп, оймо-чиймелер кокусунан пайда болуп калыптыр» дебейсиз. Акылы бар эч бир адам минтип айтпайт. Ошол сыяктуу эле, табиятта биз ар дайым көргөн сүрөттөлүштөрдү, көпөлөктөрдү, гүлдөрдү, деңиздин астындагы кооз жайларды, дарактарды, булуттуу асманды жана башка нерселерди, ушул кездемелер сыяктуу, көз алдыбызга тартуулаган аң-сезимдүү бир Эрк бар. Ааламдагы кемчиликсиз сансыз түстөр атайын бир долбоордун натыйжасы. Бул долбоорду күндөн келген нурдун пайда болушунан баштап, ал нурдун мээбизде түстүү бир сүрөткө айланышына чейинки бардык баскыстардан көрүүгө болот. Бул болсо түстөрдөгү долбоордун бир ээсинин, б.а. бир долбоорчусунун бар экенин көрсөткөн эң чоң далилдердин бири. Албетте, абдан улуу акылга жана өтө улуу жаратуу кудуретине ээ болгон Аллах ааламдагы бардык түстөрдү жана адамды таң калтырган оймо-чиймелерди жаратууда.

Түстөрдүн пайда болуу баскычтарын жогоруда санап көрсөттүк. Бул бөлүмдө түстөгү улуу долбоор нур, мээ жана көз кезегинин негизинде каралат.

 

1- Нур, жашоо жана түс

Күн ааламдагы орто көлөмдөгү миллиарддаган жылдыздын бирөөсү. Күндү биз үчүн ааламдагы эң негизги жылдызга айланткан өзгөчөлүктөрү – бул анын көлөмү, айланасындагы планеталар менен болгон байланышы жана чыгарган өзгөчө нурлары. Күндүн бул өзгөчөлүктөрүнүн бирөөсү эле азыркы өлчөмүнөн башкачараак болгондо, жер бетинде жашоо болмок эмес. Чындыгында күн жер бетинде жашоо пайда болуп, уланышы үчүн эң идеалдуу көрсөткүчтөргө ээ.3 Ошондуктан илимпоздор күндү жер бетиндеги организмдердин «жашоо булагы» деп аташат.

Жер бетиндеги жылуулуктун эң ылайыктуу температурада болушунун жана өсүмдүктөрдүн фотосинтез жасашынын бирден-бир булагы – бул күндүн нуру. Белгилүү болгондой, организмдер жылуулуксуз жана фотосинтезсиз жашай албайт. Мындан тышкары, жердин бетин жарык кылган жана түстүү дүйнөнү пайда кылган да – бул күндөн келген нурлар. Бул жерде дүйнөнүн эң негизги энергия булагы болгон бул нурлар кантип пайда болот деген суроо туулат. Жер бетиндеги организмдердин жашоосунун ачкычы деп атоого боло турган бул нурлардын ушунчалык маанилүү кызматтарды аткарышы жана ага керектүү бардык өзгөчөлүктөргө бирдей ээ болушу кокустук эмес. Мунун себебин нурдун түзүлүшүн изилдегенде жакшыраак түшүнөбүз.

Космостогу жылдыздардан тараган энергия космос мейкиндигинде толкун формасында кыймылдайт. Күндөн да энергия катары толкун формасында нур жана жылуулук келет. Жылдыздардан тараган бул энергиянын кыймылын бир көлдүн бетине ыргытылган таштан анда пайда болгон толкундарга салыштырууга болот. Көлдөгү толкундар ар кандай узундукта болот, ошол сыяктуу эле жылуулук менен нур тараганда да ар кандай толкун узундуктары келип чыгат.

Бул жерде ааламдагы нурдун толкун узундуктары тууралуу маалымат берүү туура болот. Ааламдагы жылдыздардын жана башка жарык булактарынын баарынан бирдей нур тарабайт. Ал нурлар толкун узундугуна жана жыштыгына жараша класстарга бөлүнөт. Ааламдагы толкун узундуктарынын аралыгы абдан чоң. Мисалы, эң кыска толкун узундугу эң узун толкун узундугунан 1025 эсеге кичине. (1025 деген сан 1 санынын жанына 25 даана нөлдү жазуудан келип чыккан эбегейсиз чоң сан.)

Ааламдагы 10дун 25-даражасынчалык чоң аралыкты камтыган нур спектринин ичинде күндөн тараган нурлардын баары абдан тар бир бөлүмгө батырылган. Күндөн тараган толкун узундуктарынын 70%ы 0,3 микрондон 1,5 микронго чейинки өтө тар интервалдын ичинде жайгашкан. Күндүн нурларынын эмне үчүн ушунчалык тар интервалга батырылганын изилдегенибизде, кызыктуу бир жыйынтык чыгат: ушул интервалда жайгашкан нурлар гана жер бетиндеги организмдердин жашоосуна жана түстөрдүн пайда болушуна шарт түзөт.

«Energy and the Atmosphere» аттуу китебинде англис физик Ян Кэмпбелл бул улуу долбоорду «укмуш таң калыштуу» деп сыпаттап, буга төмөнкүчө көңүл бурган:

Күндөн тараган нурлардын жер бетиндеги жашоону колдоого керектүү абдан тар интервалга батырылганы чындыгында абдан кереметтүү көрүнүш.4

10дун 25-даражасынчалык электромагниттик спектрден күндөн чыккан бул бир бирдиктик нур интервалынын көпчүлүк бөлүгү «көзгө көрүнгөн нур» деп аталат. Бул бирдиктин бир аз астындагы жана үстүндөгү аралыкта жайгашкан нурлар болсо жер жүзүнө инфра кызыл жана ультра кызгылт көк нурлар катары келет. Кыскача бул эки нур түрүнүн өзгөчөлүктөрүн да карайлы.

Инфра кызыл нурлар жер жүзүнө жылуулук толкундары катары келсе, ультра кызгылт көк нурлар жогорку энергиялуу болот жана жандыктарга зыян тийгизиши мүмкүн. Инфра кызыл нурлар атмосферадан өтүп, жерге жылуулук берет, ошентип жерди организмдердин жашоосуна ыңгайлаштырат. Ультра кызгылт көк нурлар болсо белгилүү өлчөмдө гана жер бетине жете алат. Эгер андан көбүрөөк келсе, организмдердин кыртыштары жабыр тартып, өлүмдөргө себеп болот. Аз болсо организмдерге керектүү энергия жетпей калат.

Булардын баары организмдердин жашоосу үчүн абдан маанилүү. Күндөн келген нурлардын функцияларынан да көрүнүп тургандай, дүйнөдөгү бардык системаларда бир тартип жана көзөмөл бар. Бул жерде кыскача сүрөттөлгөн ушунчалык кылдат тең салмактуулукка таянган бир системанын кокусунан пайда болушу, албетте, мүмкүн эмес. Бул кемчиликсиз системанын дагы бир функциясын карап, анын кокусунан пайда болбой тургандыгын дагы бир жолу көрөлү.

 

2- Жер жүзүн курчаган соот: атмосфера

Күндүн нурларынын кээ бирлеринин организмдерге зыян алып келиши мүмкүн экенин жогоруда айттык. Бул зыянга бөгөт коюунун бир жолун табуу керек.

Келиңиздер, мунун жолун чогуу табууга аракет кылалы жана күндүн нурларын электен өткөрө турган натыйжалуу системаны пландоого аракеттенели. Бирок бул системанын бүт жер шарын күндүн зыяндуу таасирлеринен коргоп, үзгүлтүксүз иштей турган, кароону талап кылбаган, ошол эле учурда космостон келген башка коркунучтарды да заматта жок кыла турган, көп функциялуу бир система болушу керек экенин унутпайлы. Мындай жагдайда оюбузга ар кандай альтернативалар келип, долбоорлор иштелип чыгат. Бирок иштелип чыккан долбоорлордун эч бири азыркы жер шарын курчап турган чыпкалуу коргоочудай көп тараптуу жана натыйжалуу болбойт. Бул чыпкалуу коргоочу – биздин атмосферабыз. Жердин атмосферасы зыяндуу нурларды фильтрлөөдө 100% ийгиликтүү жана жерди коргошу үчүн Аллах тарабынан атайын долбоорлонгон.

Атмосферанын өзгөчө катмарларынан улам мындай нурлар керектүү өлчөмдө гана жер бетине жетет. Себеби атмосфера күндөн келген нурлардын баарын толкун узундугуна жараша белгилүү процесстерден өткөрөт. Атмосферабызды нурлардын баарын фильтрлөө үчүн долбоорлонгон эбегейсиз чоң тазалоочу курулмага салыштырууга болот. Дүйнө жүзүндө бир дагы үлгүсү кездешпеген бул эбегейсиз тазалоочу курулма Аллах жараткан өзгөчө түзүлүшүнүн жардамы менен бул процесстерди жасай алат. Аллах асмандардын жаратылуусуна төмөнкүчө көңүл бурат.

Албетте, асмандардын жана жердин жаратылышы адамдардын жаратылышынан жогорураак (татаалыраак). Бирок көп адамдар билишпейт. (Момун Сүрөсү, 57)

Күндөн келген нурлар абдан өзгөчө нурлар. Ал нурлар жер бетине жете алышы үчүн атмосферадан өтө ала турган өзгөчөлүктө болушу шарт. Ошондой эле, атмосфера да ал нурларды өткөрө турган түзүлүшкө ээ болушу керек. Антпесе, атмосферанын бар болушу да, нурлардын түзүлүшүнүн ыңгайлуу болушу да эч маанисиз болуп калат. Атмосферанын нурларды өткөрүү касиетинен улам күндөн келген нурлар жер бетине тоскоолдуксуз жете алат. Бирок бул жерде абдан маанилүү бир жагдайга токтолуу керек.

Атмосфера бир гана организмдердин жашоосуна керектүү көзүбүзгө көрүнгөн жана ага жакынкы инфра кызыл нурларды өткөрүп, өлүмгө себеп боло турган башка нурлардын өтүшүнө толугу менен бөгөт койот. Ошентип күндөн жана күндөн башка булактардан, б.а. космостун башка аймактарынан жер планетасына келген зыяндуу нурларга карата жердин атмосферасы абдан маанилүү бир «электин» (фильтрдин) функциясын аткарат.5 Белгилүү астроном Майкл Дентон бул акыйкатты төмөнкүчө белгилеген:

Атмосферанын газдары көзгө көрүнгөн нурдан жана ага жакынкы инфра кызыл нурдан сырткары, калган бардык нурларды абдан күчтүү сиңиришет. Көңүл бурулган болсо, атмосфера электромагниттик спектрдин абдан масштабдуу альтернативаларынын арасынан көзгө көрүнгөн нурларды жана ага жакынкы инфра кызыл нурларды камтыган өтө тар интервалга гана өтүүгө уруксат берет. Дээрлик бир дагы гамма, ультра кызгылт көк жана микротолкундуу нурлар жер бетине жетпейт.6

Көрүнүп тургандай, атмосферанын түзүлүшүндө да абдан улуу бир долбоор бар. Күн 1025да 1 ыктымалдыктын арасынан бир гана бизге пайдалуу болгон жана дүйнөнү түстүү кыла турган нурларды жиберүүдө, ансыз да атмосфера бир гана ошол нурлардын жер бетине өтүшүнө жол берүүдө. Ошондой эле, атмосферанын ичиндеги газдардын касиеттеринен улам күндүн нурлары менен түздөн-түз байланышта болгон организмдердин көздөрү да коркунучтардан корголууда. Булардын баары Аллахтын бүт нерсени белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткандыгын көрсөткөн далилдерден.

Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Анын) баласы жок. Мүлктө Анын шериги жок, бүт нерсени жаратып, аны калыпка (тартипке) салган, белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)


 

3- Затка тийген нур

Күндөн чыккан нур секундасына 300 000 километрлик укмуш чоң ылдамдык менен жол жүрүп, жерге жетет. Нурдун бул ылдамдыгы себептүү үзгүлтүксүз түрдө түстүү бир дүйнөнү көрөбүз. Бул үзгүлтүксүз сүрөттөлүш кантип пайда болот?

Атмосферадан өтүп, эбегейсиз чоң ылдамдык менен жер бетине келген нур жер бетиндеги заттарга урунат. Нур ошондой ылдамдык менен затка урунганда, атомдору менен өз ара аракеттешип, түстөрдү пайда кыла турган толкун узундуктарына ажырайт. Ошентип колуңуздагы китеп, китептин саптары, сүрөттөрү, сырттагы пейзаж, дарактар, имараттар, унаалар, асман, канаттуулар, мышыктар, кыскасы, көзүбүз көргөн нерселердин баары өзүнүн түстөрүн чагылтат.

Түстөрдү чагылткан молекулалар пигменттер деп аталат. Башкача айтканда, ар бир заттын чагылткан түсү анын курамындагы пигмент молекулаларынан көз-каранды. Ар бир пигмент молекуласынын атомдук касиеттери ар башка. Тагыраак айтканда, ал молекулалардагы атомдордун саны, түрү жана тизилиши ар башка. Бири-биринен ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган пигменттерге нур урунганда, ар кандай түстөрдүн чагылуусуна себеп болот. Бирок түс түшүнүгүнүн пайда болушуна бул дагы жетиштүү болбойт. Заттан чагылып, белгилүү бир түстүн касиетин камтыган нур өздөштүрүлүп, көрүлүшү үчүн аны өздөштүрө турган бир көз системасына жетиши керек.

 

4- Көзгө келген нур

Заттардан чагылган нурлар түс катары кабылданышы үчүн көзгө жетиши керек. Көз болсо эле маселе чечилип калбайт. Нурлар көздөн кийин, көз менен шайкеш иштеген бир мээге барышы шарт.

Эң жакын мисал болгон өзүбүздүн көзүбүз менен мээбизди карап көрөлү. Адамдын көзү көптөгөн органеллдерден жана бөлүктөрдөн турган, абдан татаал түзүлүшкө ээ. Алардын баарынын бирдей жана шайкеш иштешинин натыйжасында көрөбүз жана түстөрдү кабылдайбыз. Көз жаш бездери менен, айнекчели менен, чел кабыгы менен, түстүү чели жана кареги менен, чечекейи менен, тордомо чели менен, тамырдуу чели менен, көз булчуңдары жана кабактары сыяктуу кыртыш жана органеллдери менен теңдешсиз система. Мындан тышкары, мээ менен байланыштырган нерв тармагы жана абдан комплекстүү визуалдык талаасы менен бир бүтүн катары, эч качан кокусунан пайда болбой турганчалык өзгөчө түзүлүшкө ээ.

Көздү кыскача сүрөттөгөн соң көрүү кубулушунун кантип ишке ашаарына да көз чаптыралы. Көзгө келген жарык нурлары алгач айнекчелден, анан каректен, андан соң чечекейден өтүп тордомо челге барат.

Түстүн өздөштүрүлүшү тордомо челдин кумганчаларынан башталат. Нурдун белгилүү түстөрүнө интенсивдүү түрдө реакция көрсөткөн үч негизги кумганча клетка тобу бар. Алар көк, жашыл жана кызыл кумганчалар деп бөлүнөт. Кумганча клеткалар реакция көрсөткөн кызыл, көк жана жашыл табияттагы үч негизги түс. Ушул үч түскө карата сезгич болгон кумганча клеткаларынын ар кандай өлчөмдө стимулданышынын натыйжасында миллиондогон түс келип чыгат.

Кумганча клеткалары түс тууралуу маалыматтарды өздөрүндөгү пигменттер аркылуу электрдик сигналдарга айландырышат.7 Ал клеткаларга туташкан нерв клеткалары болсо электрдик сигналдарды мээнин белгилүү бөлүгүнө жиберишет. Өмүр бою көргөн түркүн түстүү дүйнөбүз мээбиздеги ошол бир канча сантиметр кубдук аймакта пайда болот.

 

5- Караңгы мээбиздеги түстүү дүйнө

Түстөрдүн пайда болушунун акыркы баскычы мээде ишке ашат. Жогоруда айтылгандай, көздөгү нерв клеткалары сүрөттөлүштөрдү электрдик сигналга айландырып, мээге жиберет жана сырткы дүйнөдө көргөн нерселерибиздин баары мээдеги көрүү борборунда кабылданат. Бирок бул жерде таң калаарлык бир чындыкты көрөбүз: мээ эттен турат жана ичи караңгы. Ичи капкараңгы болгон мээбизде заттардан келген электрдик сигналдар чечмеленет жана заттар, алардын түстөрү жана калган бардык өзгөчөлүктөрү элес катары пайда болот. Бир эттин ичинде мындай кабылдоо (сезүү) процесси кантип ишке ашат деген суроо, албетте, бул жердеги эң негизги суроо.

Өзгөчө түстөрдүн кабылданышы тууралуу көптөгөн суроолор бар. Электрдик сигналдар көрүү нервдери аркылуу мээге кантип жеткирилет жана мээде кандай физиологиялык таасирлерди пайда кылат деген суроолорго бул тармактагы илимпоздор дагы деле жооп бере алышпайт.8 Алар болгону түстөрдүн бир реалдуулук катары ичибизде, б.а. мээбиздеги көрүү борборунда кабылданаарын (сезилээрин) гана билишет.9 (Тереңирээк маалымат алуу үчүн «Заттын артындагы сыр» аттуу бөлүмдү караңыз.)

Негизи мээдеги процесстердин көпчүлүк бөлүгү дагы эле табышмак бойдон калууда. Бул тууралуу айтылгандар теорияларга гана таянат. Бирок мээ адамзат эң алгач пайда болгондон бери бардык функцияларын азыркыдай кемчиликсиз аткарып келүүдө. Адамдардын салмагы болжол менен бир килограмм болгон, караңгы эттин ичинде түстөрү, формалары, үндөрү, жыттары жана даамдары менен бирге, үч өлчөмдүү бир дүйнөнү көрүп сезиши Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун натыйжасы. Ар бир адам төрөлгөндө бул теңдешсиз жаратуу керемети менен кошо төрөлөт. Функцияларынын пайда болушуна да, алардын үзгүлтүксүз уланышына да, башка бир баскычына да адам эч качан кийлигише албайт.

Куранда Раббибиз төмөнкүчө кабар берет:

Айткын: «Силер Аллахтан башка сыйынган шериктериңерди көрдүңөрбү? Мага айткылачы; жерден эмнени жаратышкан? Же алардын асмандарда бир шериги барбы? Же Биз аларга бир китеп берип, алардын мындан (улам) апачык бир далилдери барбы? Жок, зулумдук кылгандар бир-бирине алдамчылыктан башка эч нерсе убада кылышкан жок. Күмөнсүз, Аллах асмандарды жана жерди талкаланышат деп (дайыма кудурети менен) кармап турат. Ант болсун, эгер талкаланышса, Андан башка аларды эч ким кармай албайт. Чындыгында, Ал Халим (абдан жумшак), кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 40-41)


Булактар:

3. F.Press, R. Siever, Earth, New York:W.H.Freeman, 1986, s.4

4. Ian M.Camplell, Energy and Atmosphere, London: Wiley, 1977, s.1-2

5. Enyclopedia Britannica, 1994, 15th ed. Cilt.18, s.203

6. Michael Denton, Nature's Destiny, s.55

7. Bilim ve Teknik Dergisi, Sayı: 366, s.81

8. Bilim ve Teknik Dergisi, Ekim 1986, s.6

9. Bilim Teknik Dergisi, Ekim 1986, s.6-9

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ТҮСТҮҮ ДҮЙНӨ

Бир дагы түс болбогон, капкараңгы дүйнөдө жашасак кандай болоорун ойлонуп көрдүңүз беле? Бир саамга буга чейин билгендериңиздин баарын унуту...