Кээ бир жагдайлар адамдын эсинде жакшы сакталат жана эч өзгөрбөйт. Мисалы, эң тааныш нерселер болгон дарактардан баштайлы. Бардык дарактардын түсү жашыл жана жашыл чалыш. Күз келгенде алардын түсүнүн өзгөрөөрүн баарыбыз билебиз. Асмандын түсү көгүлтүр же бозомук түстөрдө болот. Мөмө-жемиштердин түстөрү да эч өзгөрбөйт, мисалы өрүктүн түсү менен, алчанын түсү ар дайым белгилүү, тааныш өң. Кыскасы жарыктын астында турган ар бир жандыктын, ар бир буюмдун бир түсү бар. Айланаңыздагы буюмдарды көңүл коюп караңыз. Эмнелерди көрүп жатасыз? Стол, отургучтар, терезеңизден көрүнгөн дарактар, асман, үйүңүздүн дубалдары, айланаңыздагы адамдардын жүздөрү, жеген мөмө-жемиштериңиз, окуп жаткан бул китебиңиз... Булардын баарынын бир түсү бар. Бул түстөрдүн кантип аныкталаарын, кантип жөнгө салынаарын жана кантип пайда болоорун ойлонуп көрдүңүз беле?
Жашоодо абдан маанилүү рольду ойногон түстөрдүн пайда болушуна эмнелер керек жалпысынан карайлы. (Булар алдыда тереңирээк каралат.) Бир түс, мисалы бир кызыл же бир жашыл пайда болушу үчүн төмөнкү процесстердин баары ушул кезек менен ишке ашышы шарт.
1-Түс пайда
болушу үчүн эң биринчиден жарык (нур) болушу керек. Ошондуктан эң алгач күндөн
келген нурлардын кандай өзгөчөлүктө болушу керек экендигинен баштайлы. Түстөр
пайда болушу үчүн күндөн жер бетине келген нурдун толкун узундугу белгилүү бир
аралыкта болушу шарт. Күндөн чыккан бардык нурлардын арасынан бир гана
«көрүнгөн нур» деп аталган бул нурдун жер бетине келүү ыктымалдыгы 1025тен бирге
барабар. Ушунчалык төмөн ыктымалдуулук ишке ашат жана түстөрдүн пайда болушуна
керектүү нурлар күндөн жерге келет.
2-Күндөн
космоско тараган нурлар чындыгында көзгө зыяндуу өзгөчөлүктөргө ээ. Ошондуктан
жерге келген нурлар көз кыйналбай кабыл ала турган жана зыян көрбөй турган
абалга келиши керек. Ал үчүн нурлар бир сүзгүчтөн (чыпкадан) өтүшү шарт. Бул
эбегейсиз чоң сүзгүч дүйнөнү курчап турган «атмосфера».
3-Атмосферадан
келген нур жер бетине тарайт жана алдынан чыккан заттардын баарына урунуп чагылат.
Нур урунган заттар нурду жутпай, чагылдыра турган өзгөчөлүктө болушу шарт. Көрүнүп
тургандай, заттардын түзүлүшү да жер жүзүнө келген бул нур менен түстөрдү пайда
кылууга шайкеш болушу керек. Бул шарт да аткарылат жана күндөн келген нур
заттарга урунганда, алардан жаңы бир жарык толкуну тарайт.
4-Түстөрдүн
пайда болушунун кийинки баскычында жарык толкундарын кабылдай турган бир
кабылдоочу, б.а. бир көз керек болот. Жарык толкундары көрүү органдарына да
шайкеш келиши шарт.
5-Күндөн келген
нурлар көзүбүздүн катмарларынан өтүп, тордомо чел аймагында электрдик сигналга
айландырылышы керек. Андан соң ал электрдик сигналдар адамдын мээсиндеги
сүрөттөлүштү өздөштүрө турган көрүү борборуна жеткирилиши шарт.
6-Биз кандайдыр
бир түстү көрдүк деп айта алышыбыз үчүн дагы бир баскыч ишке ашышы керек.
Түстөрдүн пайда болушунун акыркы баскычы – бул көрүү борборуна келген элетрдик
сигналдардын ал жердеги нерв клеткалары тарабынан «түс» катары кабыл алынышы.
Көрүнүп
тургандай, бир эле түс пайда болушу үчүн бири-биринен көз-каранды, бир катар
процесстер ишке ашышы шарт.
Түс тууралуу
алынган бардык маалыматтар түстүн пайда болушундагы ар бир процесстин абдан
кылдат тең салмактуулуктарга таянаарын көрсөтөт. Бул тең салмактуулуктар
болбосо, түстүү дүйнөнүн ордуна күңүрт жана караңгы бир дүйнөдө жашамакпыз, ал
тургай, көрүү жөндөмүбүздөн ажырамакпыз. Жогорудагы тизмеден бир эле тордомо
чел аймагындагы электрдик сигналдарды сезе турган клеткалардын болбогонун
элестетели. Анда күндөн келген нурлардын тиешелүү өзгөчөлүктөрдө болушу да,
көздүн башка бөлүктөрүнүн толук болушу да, атмосферанын бар болушу да жетиштүү
болбойт.
Көрүү процессинде тордомо челдин ролу
Тордомо челди
тереңирээк карайлы. Тордомо челде кызмат кылган «родопсин» аттуу пигмент затын
жок деп элестетели. Родопсин күчтүү жарыкта өзгөчөлүгүн жоготуп, караңгыда
кайра пайда болуучу бир зат. Көздө родопсиндердин саны жетиштүү деңгээлге
жеткенге чейин көз караңгыда тунук көрө албайт. Родопсиндин өзгөчөлүгү –
жарыктын натыйжалуулугун жогорулатышы. Бул зат дал керектүү учурда керектүү көлөмдө
иштелип чыгат. Родопсин тең салмактуулугу түзүлгөндө формалар байкала баштайт.
Көрүү процессинде абдан маанилүү болгон родопсин заты болбогондо эмне болмок?
Анда адамдар жарыкта гана көрө алышмак.2 Көрүнүп тургандай, көздө бүт тарабынан
ойлонулган кемчиликсиз бир система бар.
Бизди
караңгылыктан куткарып, бизге түстүү дүйнөнү тартуулаган бул система кимдин
чыгармасы?
Бул жерге чейин
айтылган бардык процесстер акылды, эркти жана күч-кудуретти талап кылат. Мындай
кезектин жана шайкештиктин кокусунан пайда болбой тургандыгы айдан ачык. Мындай
система убакыт аралыгында да эч качан пайда болбойт. Бул процесстерди кокусунан
пайда болот деп миллиондогон, ал тургай, миллиарддаган жыл күтүлсө да, баары
бир жыйынтык өзгөрбөйт. Күтүп отуруудан же кокустуктардын натыйжасында, түстүү
дүйнөнү пайда кыла турган системалар эч качан пайда болбойт. Бул кемчиликсиз
система атайын бир долбоор менен гана пайда болушу мүмкүн, бул болсо ал
жаратылган деген мааниге келет. Аллахтын
чексиз күч-кудурети жана акылы бүт ааламды курчап турат. Ааламдагы
системалардын бүт баарында Аллахтын теңдешсиз жаратуу чеберчилигинин мисалдары
бар. Түстөрдүн пайда болушундагы теңдешсиз чеберчилик да Аллахтын теңдешсиз
жаратуусунан келип чыккан. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү.
Асмандарды жана
жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир
гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)
Булактар:
2. Jillyn Smith, Sense and Sensebilities, Willey Science Edition, s.60-61




Hiç yorum yok:
Yorum Gönder