11 Ekim 2020 Pazar

ЖЫЙЫНТЫК

Акылдуу жана абийирдүү ар бир адам айланасын караганда Жаратуучунун бар экенин заматта түшүнөт. Анткени Аллах бүт баарын Аны таанышыбыз жана алар тууралуу ойлонушубуз үчүн жараткан.

Муну түшүнгөн бир адам жашоону түзгөн кылдат тең салмактуулуктарды «кокусунан» пайда болгон деген көз-карашты толугу менен акылсыздык катары көрөт. Себеби бири-биринен көз-каранды болгон бул тартиптин ар бир бөлүгү абдан чоң мааниге ээ. Бул китепте каралган жандыктардагы түстөр да ааламдагы тартиптин негизги бөлүктөрүнүн бири.


Бул китептеги мисалдардан көрүнүп тургандай, табияттагы ар бир жандыктын түстөрүнүн, оймо-чиймелеринин, темгилдеринин, ал тургай, сызыктарынын да бир мааниси бар. Кээде өз ара байланыш каражаты, кээде болсо душмандарга эскертүү катары колдонулган түстөр жандыктардын жашоосу үчүн абдан маанилүү. Жандыктын өңүнүн ачык же кочкул болушу, сызыктарынын багыты да атайын пландалган.


Көңүл коюп караган адам бир гана жандыктардын эмес, табияттагы бүт нерсенин дал талап кылынгандай, орду ордунда жайгашканын заматта байкайт. Ошондой эле, бүт баарынын адамга кызмат кылып жатканын, асмандын көпкөк, көңүлдү көтөрүүчү өңүнүн, гүлдөрдүн кулпурган көрүнүштөрүнүн, жапжашыл дарактардын, жайыттардын, караңгы түндө жерге жарыгын чачкан айдын, жылдыздардын жана канчалаган сансыз сулуулуктардын Аллахтын чеберчилигинин үлгүлөрү экендигин түшүнөт.

Аллах бүт ааламды, анын ичиндеги жандуу-жансыздардын баарын кемчиликсиз жараткан. Бүт баарын башкарып турган улуу кудуреттүү Аллахтын зоболосу абдан бийик.

Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук (ибадат) кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 102)

Бул китептен окуган маалыматтардын негизинде Аллахтын улуу кудуретин жана чексиз чеберчилигин түшүнгөн адамдын эң негизги милдети – көргөн кооздуктарынын чыныгы кожоюнуна кайрылып, бир гана Аны ыраазы кыла тургандай өмүр сүрүү.







Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүмдар жана даанышмансың.» (Бакара Сүрөсү, 32)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ТҮСТҮҮ ДҮЙНӨ

Бир дагы түс болбогон, капкараңгы дүйнөдө жашасак кандай болоорун ойлонуп көрдүңүз беле? Бир саамга буга чейин билгендериңиздин баарын унуту...