Бир дагы түс болбогон, капкараңгы дүйнөдө жашасак кандай болоорун ойлонуп көрдүңүз беле? Бир саамга буга чейин билгендериңиздин баарын унутуп ойлонуп көрүңүз. Денеңиздин, айланаңыздагы адамдардын, деңиздердин, асмандын, дарактардын, гүлдөрдүн, кыскасы, бүт нерсенин капкара экенин көз алдыңызга элестетүүгө аракет кылыңыз. Айланаңызда эч кандай түс жок деп элестетиңиз. Айланаңыздагы адамдардын, мышыктардын, иттердин, канаттуулардын, көпөлөктөрдүн, мөмө-жемиштердин эч биринин түсү болбосо, сезимдериңиз кандай болот эле, элестетип көрүңүз. Андай дүйнөдө жашоону эч качан кааламак эмессиз, туурабы?
Көп адамдар ушул
күнгө чейин канчалык түстүү бир дүйнөдө жашап жатканын, айланасындагы түстөрдүн
кантип мынчалык көп түрдүү болоорун эч ойлонбогон болушу керек. Түссүз дүйнөнүн
кандай болоору эч оюна келбеген чыгаар. Анткени көзү көргөн ар бир адам көзүн
ачаары менен түстүү дүйнөнү көрүп баштаган. Бирок жер жүзүнүн капкараңгы,
түссүз болушу ыктымалдыктан алыс эмес, тескерисинче азыркыдай түркүн түстүү
дүйнөдө жашап жатышыбыз таң калыштуу.
Түссүз бир дүйнө
дегенде оюбузга кара, ак жана боз түстөрдөн турган бир жер элестеши мүмкүн.
Бирок кара, ак жана боз дагы бир түс. Ошондуктан түссүз дүйнөнү элестетүү абдан
кыйын. Түссүздүктү сүрөттөө үчүн да сөзсүз бир түстү колдонууга мажбур болобуз.
«Бүт тарап түссүз, капкара болчу; жүзүнүн өңү кетип, бозоруп калган эле» деген
сыяктуу сөзсүз кандайдыр бир түстү колдонушубуз керек болот. Бирок булар
түссүздүктү эмес, ак-кара дүйнөнү сүрөттөйт.
Бир саамга
айланаңыздагы бүт нерсенин түсүнүн жоголуп кеткенин элестетип көрүңүз. Анда бүт
баары бири-бирине аралашып, буюмдарды бири-биринен айырмалай албай калабыз.
Мисалы, күрөң жыгач столдун үстүндө турган кызгылт сары апельсинди, кызыл
кулпунайларды же түркүн түстүү гүлдөрдү көрө албайбыз; анткени апельсин кызгылт
сары, стол күрөң, кулпунайлар кызыл болбойт... Сүрөттөп түшүндүрүү да ушунчалык
кыйын болгон мындай түссүз дүйнөдө кыска убакыт жашоо да адамды чоң азапка
салат. Адамдын сырткы дүйнө менен байланыш түзүшүндө, эс-тутумунун иштешинде,
мээсинин үйрөнүү функциясын аткарышында түстүн мааниси чоң. Себеби адам окуялар
менен жерлердин, кишилер менен буюмдардын ортосунда сырткы көрүнүштөрү жана
түстөрү аркылуу гана туура байланыш курат. Буюмдарды таанууда бир гана үн же
кармап көрүү жетиштүү болбойт. Адам үчүн сырткы дүйнө түстөрү менен гана бүтүн
көрүнөт.
Түстөрдүн көп
түрдүүлүгүнүн бизге пайдасы бир гана айланабызды таанышыбыз эмес. Табияттагы
түстөрдүн кемчиликсиз шайкештиги адамдын рухуна терең ырахат тартуулайт. Бирок
бул жерде бир нерсеге көңүл буруу керек: адамдар бул кооздукту көрүп, андан
ырахат алышы үчүн адамдарга өзгөчө долбоорлуу көздөр берилген. Жандыктар
дүйнөсүндө түстөрдү эң жакшы байкай алган эң функционалдуу көз – бул адамдын
көзү. Адамдын көзү миллиондогон түстү сезе алат.1 Көрүнүп тургандай, адамдын кемчиликсиз иштеген
көз механизми атайын түстүү дүйнөнү көрүшү үчүн долбоорлонгон. Ошондуктан
ааламда ушундай тартиптин бар экенин түшүнө алган жер бетиндеги жалгыз жандык –
бул акылы бар адам баласы. Бул маалыматтардан төмөнкүдөй жыйынтык чыгат:
Жер бетиндеги
жана асмандагы ар бир нерсе, ар бир дизайн, ар бир түс адамдар аны түшүнүп,
алар жөнүндө ой жүгүртүшү үчүн жаратылган. Табияттагы бардык түстөр адамдын
рухуна ырахат тартуулай тургандай кылып жасалган. Жандыктарда да, жансыз
дүйнөдө да кемчиликсиз симметрия жана түстөрдүн шайкештиги орун алган. Буларды
көргөндө ой жүгүрткөн адамдын оюна маанилүү суроолор туулат.
Жер жүзүн түстүү
кылган эмне? Дүйнөнү укмуш кооз кылган түстөр кантип пайда болот? Жер жүзүндөгү
ар түркүн түстөрдүн жана алардын ортосундагы шайкештиктин долбоору кимге
тиешелүү? Булардын баарын көптөгөн кокустуктардын жана максатсыз өзгөрүүлөрдүн натыйжасында
пайда болгон деп айтууга болобу? Албетте, эч ким минтип айта албайт. Башаламан
кокустуктар миллиондогон түс мындай турсун, эч нерсени пайда кыла албайт. Мисалы,
бир көпөлөктүн канаттарын ойлонуп көрүңүз; же ар бири искусство шедеври болгон
түркүн түстүү гүлдөрдү. Буларды «өзүнөн-өзү, эч кандай плансыз пайда болгон»
деп эч бир акылдуу адам айта албайт.
Бул чындыкты
төмөнкүдөй мисал менен оңой эле түшүнүүгө болот. Бир адам табияттагы дарактарды,
гүлдөрдү чагылдырган бир сүрөттү көргөндө, ал сүрөттөгү түстөрдүн шайкештигин, белгилүү
тартиптеги формаларды кокусунан пайда болгон дебейт, ал тургай, мындай нерсе
оюна да келбейт. Ал адамдын алдынан бир киши чыгып: «мобул сен көрүп турган
краскалар шамал болуп кулап түштү, андан соң жамгыр жана башканын таасири
менен, арадан көп убакыт өткөнүнө байланыштуу ушундай бир сүрөт пайда болду»
десе. Ал кишиге эч кимдин ишенбеши анык. Бул жерде абдан кызыктуу бир жагдай
бар. Мындай акылсыз сөздөрдү айтууга эч ким батына да албайт, бирок эмнегедир
табияттагы кемтиксиз түстөр менен симметрия ушундай кокустуктардын натыйжасында
пайда болгон деп айтылат, ал тургай, бул тууралуу эволюционисттер тарабынан
«кокустук гипотезалары» даярдалып, ар кандай изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу
негизсиз теорияларды чыгаруудан эч тартынышпайт.
Көрүнүп
тургандай, бул анык сокурдук. Жана муну түшүнүү да абдан кыйын. Бир аз ой
жүгүртүп бул сокурдуктан кутулган киши болсо бул дүйнөдө абдан кереметтүү
чөйрөдө жашап жатканын түшүнөт. Ошондой эле, ал киши жашоо үчүн эң ыңгайлуу
шарттары бар бул чөйрөнүн кокусунан пайда болбой тургандыгына толук ишенет. Ой
жүгүрткөн адам бир сүрөттүн сүрөтчүсү бар экенин бир караганда эле түшүнгөндөй,
айланасындагы түркүн түстүү, кулпурган, симметриялуу жана абдан кооз чөйрөнүн
да бир Жаратуучусу бар экенин түшүнөт. Ал Жаратуучу – жаратууда эч бир шериги
жок, бүт нерсени бири-бирине шайкеш жараткан, бизди миллиондогон түстөр менен
кооздолгон сансыз сулуулуктары бар бул дүйнөгө жайгаштырган Аллах. Аллах
жараткан нерселердин баары бири-бирине төп келет. Аллах теңдешсиз жаратуу
чеберчилигин Куран аяттарында төмөнкүчө кабар берет:
АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ
Аллах жаратуу
үчүн план, долбоор түзүүгө муктаж эмес.
Китепте кез-кезде
колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын
бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план
түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси
Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир
нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай
кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол»
деп айтышы гана жетиштүү болот. Курандын аяттарында мындай деп айтылат:
Бир нерсени каалаганда,
Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана
жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир
гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)
Булактар:
1. Bilim ve Teknik Dergisi, Mart 1985, s.23



Hiç yorum yok:
Yorum Gönder