11 Ekim 2020 Pazar

ЭВОЛЮЦИЯ ТҮШҮНДҮРӨ АЛБАГАН НЕРСЕЛЕРДИН БИРИ: ШАЙКЕШТИК ЖАНА СИММЕТРИЯ

Биз жашап жаткан жер планетасында жана ал жайгашкан ааламда өтө улуу бир шайкештик бар. Терезеден сыртка бир көз чаптырганда эле бул шайкештиктин көптөгөн далилдерин көрөбүз; асмандагы булуттар, дарактар, гүлдөр, жаныбарлар жана ушуга окшогон бардык мисалдарда кемчиликсиз тартип жана симметрия бар.

Табиятты караганыбызда ар бир өсүмдүктүн же жаныбардын өзүнүн түрүнө таандык түстөргө жана оймо-чиймелерге ээ экенин көрөбүз. Ошондой эле, ал түстөрдүн жана оймо-чиймелердин ар биринин жандыктар үчүн ар кандай маанилери бар; жупталууга үндөө, ачуулануу, коркунучту эскертүү жана ушул сыяктуу көптөгөн нерселер жаныбарлардын ортосунда түстөр жана оймо-чиймелер аркылуу билдирилет.


«Бүт баары кокустуктардын натыйжасында, өзүнөн-өзү пайда болгон» деген ойду жактаган эволюция теориясы табияттагы чеберчилик, түстөрдүн көп түрдүүлүгү жана шайкештиктин алдында толук туңгуюкка кабылган. Эволюционисттердин жандыктардагы долбоордун алдында кандай абалга туш болгонун Чарльз Дарвин да мойнуна алууга мажбур болгон. Дарвин жандыктардагы түстөрдүн эмне үчүн белгилүү маанилерди билдирээрин түшүнө албаганын төмөнкүчө белгилеген:

Мени кыйнаган нерсе – бул эмне себептен кээ бир көпөлөк курттарынын абдан кооз жана чебер түстөрдө болоору. Кээ бирлери коркунучтардан коргонуу үчүн түскө бойолушкан. Бир гана физикалык шарттар үчүн ушунчалык жалтырак түстөрдө болушун түшүнө албай кыйналам... Эгер бирөө «эркек көпөлөктөр жыныстык тандоо аркылуу кооз көрүнүшкө ээ болгону менен, эмне үчүн ошол эле себеп менен көпөлөк курттарындай кооз эмес» деп сураса кантип жооп бересиң? Мен буга жооп бере албайм...54

Ошондой эле, Чарльз Дарвин дагы бир сөзүндө өзүнүн теориясына байланыштуу кандай парадоксалдуу абалга туш болушканын төмөнкүчө белгилейт:

Жалтырак түстүүлүк, эркек балыктардын инкубацияга жатышы, жалтырак ургаачы көпөлөктөр, бул кооздуктун табигый тандалуу аркылуу келип чыкканын элестете албайм.55

Табияттагы түстөрдүн, тартиптин жана симметриянын табигый тандалуу аркылуу келип чыгышы, албетте, мүмкүн эмес. Бул жерде эволюция теориясында айтылган «табигый тандалуу» түшүнүгүнө токтоло кетүү керек: белгилүү болгондой, табигый тандалуу эволюция теориясынын ойлоп табылган механизмдеринин бири. Табигый тандалуу боюнча, табияттагы жандыктардын айлана-чөйрөгө эң жакшы ыңгайлашкандары тирүү калып, алсыздары жана айлана-чөйрөгө ыңгайлаша албагандары өлүп жок болот. Эволюция теориясы боюнча, бир жандыкка пайдалуу болгон бир өзгөрүү калган өзгөрүүлөрдүн арасынан тандалып алынып, ал жандыкта сакталып калат жана андан соң кийинки урпакка өткөрүлөт. Мындай механизм аркылуу табияттагы жандыктардын түстөрүнүн, оймо-чиймелеринин, оймо-чиймелердеги симметриянын пайда болушу, албетте, мүмкүн эмес. Бул апачык чындык. Теориянын негиздөөчүсү болгонуна карабастан, Дарвин да ойдон чыгарылган табигый тандалуу механизминин мындай тартипти пайда кыла албашын моюнга алууга мажбур болгон. Мындан тышкары, Дж. Хоукс «New York Times Magazine» журналында жарыяланган «Nine Tentalizing Mysteries of Nature» аттуу макаласында табигый тандалуунун маанисиздигин төмөнкүчө сүрөттөгөн.

Канаттуулар, балыктар, гүлдөр ж.б. көз жоосун алган кооздуктар үчүн бир гана табигый тандалууга карыздар экендигибизге ишенүү кыйын. Мындан тышкары, адамдын аң-сезими ушундай механизмден келип чыгышы мүмкүнбү? Кантип цивилизациянын жетишкендиктерин жараткан адамдын мээси, Сократ, Леонардо да Винчи, Шекспир, Ньютон жана Эйнштейн сыяктуулардын атын түбөлүккө калтырган жаратман кыял (фантазия) «жашоо күрөшү» деп аталган жунгли мыйзамынын бизге бир белеги болсун.56

Эволюционисттердин бул моюнга алууларынан да көрүнүп тургандай, өздөрүнүн теорияларынын кандай туңгуюкка кабылганын өздөрү да билишет. Ансыз деле жер жүзүндө чагылгандардын, жаан-чачындардын натыйжасында кокусунан пайда болгон бир клетка акырындап түркүн түстүү жандыктарга айланган деген көз-карашты акылы бар эч бир адам жактабайт. Ойлоп көрүңүз, бир илимпоз чыгып, бир даана клетканы, мисалы бир бактериянын клеткасын алып, эң ыңгайлуу лаборатория шарттарын камсыз кылса, керектүү материалдардын баарын колдонсо, миллиондогон жыл (болбойт, бирок болду деп элестетели) ал клетканы эволюция кылуу үчүн аракет кылса, аягында кандай жыйынтык алат? Бир бактерияны түстөрү көз жоосун алган бир павлинге, же кемтиксиз оймо-чиймелери бар бир кабыланга, же болбосо бархаттай кызыл жалбырактуу бир розага айландыра алабы? Албетте, мындай нерсе акылы бар бир адамдын оюна да келбейт жана акылы бар адам эч качан мындай нерсени айтпайт. Бирок эволюция теориясынын көз-карашы дал ушундай.

 

Эволюциянын «түс» туюгу

Жандыктардын түстөрүнүн жана түсүн өзгөртүү системаларынын табигый тандалуу аркылуу пайда болбой тургандыгын бир мисал аркылуу карайлы. Мисал катары хамелеонду алалы. Хамелеон айланасындагы түстөргө окшошо алат жана айлана-чөйрөсүнө жараша түсүн өзгөртө алат. Жашыл жалбырактын үстүндө турганда жашыл түскө айланат, күрөң бутактын үстүнө өткөндө болсо териси кыска убакыттын ичинде күрөң түскө өзгөрөт. Түсүн өзгөртүү процессинин кантип ишке ашаарын чогуу ойлонолу.

Бир жандыктын терисинин түсү денесинде бир катар татаал процесстердин ишке ашышынын натыйжасында өзгөрөт. Бир адам өзүнүн түсүн же башка бир жандыктын түсүн өзгөртө албайт. Себеби адамдын денесинде буга ылайыктуу системалар жок. Мындай системаны адам өз алдынча да жасай албайт. Себеби бул өндүрүп, ордуна тагып койо турган бир техникалык шайман эмес. Кыскасы бир жандыктын түсү өзгөрүшү үчүн ал жандык түсүн өзгөртүү механизми менен бирге пайда болушу шарт.

Жер бетиндеги алгачкы хамелеонду карап көрөлү... Эгер ал жандыкта түсүн өзгөртүү касиети болбогондо, кандай болмок? Эң биринчиден, хамелеон жашына албаганы үчүн оңой жем болмок. Ошол сыңары, оңой эле байкалып калганы үчүн аңчылык кылышы да абдан татаалдамак. Бул мындан башка коргонуу системасы болбогон хамелеондун өлүшүнө же ач калып, белгилүү убакыттан соң тукум курут болушуна себеп болмок. Бирок бүгүнкү күндө дүйнөдө дагы эле хамелеондордун бар болушу мындай болбогондугунун эң негизги далили. Демек хамелеондордо эң алгач пайда болгондо эле бул кемчиликсиз система бар болгон.

Эволюционисттер хамелеондор бул системаны көп убакыт аралыгында иштеп чыгышкан дешет. Бул жерде төмөнкүдөй суроолор туулат. Хамелеон түсүн өзгөртүү үчүн мынчалык комплекстүү системаны иштеп чыгуунун ордуна, эмне үчүн жөнөкөйүрөөк коргонуу системасын иштеп чыгуу жолун тандаган эмес? Эмне үчүн коргонуунун ушунча көп түрү турса, түсүн өзгөртүү ыкмасын тандаган?


Түсүн өзгөртө турган химиялык процесстерди жүргүзүүчү механизм хамелеондо кантип пайда болгон? Бир сойлоочу мындай механизмди ойлоп таап, андан соң керектүү системаларды денесинде пайда кыла алабы? Ошондой эле, ал сойлоочу клеткаларындагы ДНКларга түсүн өзгөртүүгө керектүү маалыматты кодго айлантып жаза алабы?



Албетте, мындай нерсе эч качан болбойт. Ушул жана ушуга окшогон суроолорго берилген жооптордон бир гана жыйынтык келип чыгат: бир жандык өзүнүн түсүн өзгөртө ала тургандай комплекстүү бир системага эч качан өз алдынча ээ боло албайт.

Түсүн өзгөртүүчү системалар эле эмес, жандыктардагы түстөрдүн жана оймо-чиймелердин ар түрдүүлүгү да ой жүгүртө турган нерселердин бири. Тоту куштардагы түстөр, балыктардын кулпурган өңдөрү, көпөлөктөрдүн канаттарындагы симметрия, гүлдөрдөгү көз жоосун алган оймо-чиймелер жана бардык жандыктардын түстөрү эч качан өзүнөн-өзү пайда боло албайт. Ушунчалык кемтиксиз оймо-чиймелер, жандыктын жашоосунда абдан маанилүү кызматтарды аткарган түстөр жана формалар жаратылуунун апачык далилдеринен. Айланабыздагы түстөрдүн улуу долбоор менен жаратылганы апачык көрүнүп турат.

Муну төмөнкүдөй мисал менен жакшыраак көрсөтүүгө болот: кандайдыр бир буюмдун долбоорун түзүп жатасыз жана ал долбоор квадраттардан турат дейли. Ал квадраттардын бирөөсүн эле чийүү үчүн да эсептөөлөрдү жүргүзүп, төрт тарабы бири-бирине барабар боло тургандай жана төрт бурчу ар дайым 90 градусту түзө тургандай кылып пландашыңыз керек. Квадратты ошондо гана чийе аласыз. Көрүнүп тургандай, бир квадратты чийүү үчүн да акыл керек.

Ушул эле логика менен айланабыздагы жандыктарды карап көрөлү. Жандыктарда эч бир кемчиликсиз шайкештик, гармония жана план бар. Бир квадратты чийүүгө да акыл керек экенин түшүнгөн адам ааламдагы тартиптин, шайкештиктин, түстөрдүн жана формалардын да өтө улуу бир акыл тарабынан жаратылганын заматта түшүнөт. Демек аалам системасын кокусунан пайда болгон деп айтуу акылга да, илимге да эч туура келбейт. Бүт аалам чексиз кудуреттүү Аллах тарабынан жаратылган. Аллах бүт баарын эң кооз жараткан.



 

Табияттагы симметрия кокусунан пайда болбойт!

Ааламдагы шайкештиктин эң ачык көрсөткүчтөрүнүн бири – бул, албетте, симметрия. Жандыктардын дене түзүлүшү симметрияга ээ. Табияттагы бүт нерселерди, мисалы бир урукту, бир мөмөнү же кандайдыр бир жалбыракты карап көргөнүбүздө симметрияны ошол замат байкайбыз. Бир жалбырактуу өсүмдүктү карап көрөлү. Жалбырактар өсүмдүктүн айланасын спиральдай оройт. Мында да бир симметрия бар. Ошол сыяктуу эле бир уруктун данектеринин жайгашышында да, жалбырактын тамырларынын тизилишинде да белгилүү бир тартип бар.

Табияттагы симметрияга дагы бир мисал катары көпөлөктүн канаттарын көрсөтө алабыз. Көпөлөктүн эки канатында тең окшош түс жана окшош сүрөт болот. Бир канаттагы сүрөт экинчи канатта да дал ошол жерде жайгашат.

Айланабызда симметриянын дагы көптөгөн түрлөрү бар, бул жерде биз бир канчасын гана мисал келтирдик. Бирок эң негизгиси мындай: айтылган мисалдардан бир гана тыянак чыгат. Жандыктарда теңдешсиз тартип, тагыраак айтканда, кереметтүү чеберчилик бар. Ааламдын эч качан кокусунан пайда болбой тургандыгынын эң чоң далилдеринин бири – ушул тартип жана кооздуктарды камтыган чеберчилик. Профессор Жемаль Йылдырым эволюционист болгонуна карабастан, «Evrim Kuramı ve Bağnazlık» (Эволюция теориясы жана фанатизм) аттуу китебинде бул акыйкатты төмөнкүчө белгилеген:

Жандыктардагы болгондо да белгилүү бир максатты көздөгөн бул тартипти шанс же кокустуктун натыйжасы деп эсептөө чындыкка жакындабайт.57

Ааламдагы бүт нерселер Аллах тарабынан улуу бир тартип менен жаратылган. Улуу Аллах бүт баарын башкарып турат:

Силердин кудайыңар жалгыз Аллах, Андан башка кудай жок; Ал Рахман (мээримдүү), Рахим (кечиримдүү). Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жердин арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Бакара Сүрөсү, 163-164)






Булактар:

54. Francis Darwin, Life and Letters,Vol.II, s. 275

55. Francis Darwin, Life and Letters,Vol.II, s. 305

56. J. Hawkes, Nine Tentalizing Mysteries of Nature, New York Times Magazine, 1957, s.33

57 CemalYıldırım, Evrim Kuramı ve Bağnazlık, Bilgi Yayınevi, Ocak 1989, s.108

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ: ТҮСТҮҮ ДҮЙНӨ

Бир дагы түс болбогон, капкараңгы дүйнөдө жашасак кандай болоорун ойлонуп көрдүңүз беле? Бир саамга буга чейин билгендериңиздин баарын унуту...