МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮ:
ЗАТТЫН АРТЫНДАГЫ СЫР «ВАХДЕТИ ВҮЖУД» ЭМЕС
Эң биринчиден, бул эмгектердин автору ахли сүннөт ишенимин бекем карманат жана «вахдети вүжуд» көз-карашын жактабайт. Мындан тышкары, «вахдети вүжуд» көз-карашын Мухйиддин Ибн Араби сыяктуу көптөгөн улуу Ислам аалымдары жактаган.
«Вахдети вүжуд» көз-карашын
түшүндүргөн көптөгөн белгилүү Ислам аалымдарынын тарыхта бул китептерде
айтылган кээ бир нерселерди ойлонуп сүрөттөгөнү анык. Бирок бул эмгектерде
айтылгандар «вахдети вүжуд» көз-карашы менен бирдей эмес.
Мисалы, «вахдети
вүжуд» көз-карашын жактагандардын бир бөлүгү туура эмес тыянак чыгарып, Куранга
жана ахли сүннөт ишенимине карама-каршы ойлорду айтышкан; мисалы Аллахтын
жараткан нерселерин толугу менен жок дешкен. Заттын артындагы сыр темасы түшүндүрүлгөндө
болсо эч качан мындай нерсе айтылбайт. Мында «Аллах бүт нерселерди жараткан,
бирок жаратылган нерселердин оригиналын Аллах көрөт, адамдар болсо алардын
мээлеринде пайда болгон сүрөттөлүштөрүн көрө алышат» деп түшүндүрүлөт.
Биз көргөн
нерселердин баары, тоолор, түздүктөр, гүлдөр, адамдар, деңиздер, кыскасы,
көргөн нерселерибиздин баары, Аллах Куранда бар экенин, жоктон жаратканын
билдирген нерселердин баары жаратылган жана бар. Бирок адамдар алардын оригиналдарын
сезүү органдары аркылуу көрө алышпайт, уга алышпайт жана сезе алышпайт. Ал нерселердин
мээлериндеги копияларын көрүп, сезишет. Бул бир илимий чындык жана учурда
медицина факультеттери баш болуп, бардык окуу жайларында окутулат. Мисалы, бул китепти
(текстти) окуган бир адам анын оригиналын көрө албайт, бул китептин оригиналына
тийе албайт. Бул китептин оригиналынан келген нур адамдын көзүндөгү кээ бир
клеткалар тарабынан электрдик сигналга айландырылат. Ал электрдик сигнал мээнин
артындагы көрүү борборуна барып, ал борборду стимулдайт. Жана адамдын мээсинин
арт жагында бул китептин сүрөттөлүшү пайда болот. Башкача айтканда, сиз азыр
көзүңүз менен көзүңүздүн алдындагы китепти окуп жаткан жоксуз. Бул китептеги жазуулар
сиздин мээңиздин артындагы көрүү борборунда пайда болуп жатат. Сиз окуган текст
мээңиздин артындагы «копия текст». Бул тексттин оригиналын болсо Аллах көрөт.
Жыйынтыктасак,
заттын мээбизде пайда болгон бир элес болушу ал «жок» деген мааниге келбейт. Бирок
бизге адамдар көрүп сезген заттын маңызы тууралуу маалымат берет: заттын оригиналын
эч бир адам көрүп сезе албайт.
Сыртта зат бар, бирок биз заттын оригиналына жете албайбыз!
«Зат – бул элес» деген сөз «зат жок» деген мааниге келбейт. Тескерисинче, биз көрсөк да, көрбөсөк да заттык дүйнө бар. Бирок биз ал дүйнөнү мээбиздин ичиндеги бир копия, башкача айтканда, туюмдарыбыздын чечмелөөсү катары көрөбүз. Ошондуктан зат биз үчүн бир элес. Ошондой эле, сыртта заттын бар экенин бизден башка көргөн жандыктар да бар. Аллахтын периштелери, катчы кылып дайындаган элчилери да бул дүйнөгө күбө болушууда:
Анын оң жана сол тарабында отурган эки жазгыч жазып
жатканда, ал кандай сөз (кандай нерсе) айткан болсо, сөзсүз жанында даяр бир
көзөмөлчү турат. (Каф Сүрөсү, 17-18)
Баарынан маанилүүсү,
эң башта Аллах бүт баарын көрүп турат. Бул дүйнөнү бардык майда-бараттарына
чейин Аллах жараткан жана Аллах бүт баарын көрүп турат. Курандын аяттарында
мындай деп кабар берилет:
... Аллахтан коркуп
тартынгыла жана билип койгула, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Бакара Сүрөсү,
233)
Айткын: «Мени менен
араңарда күбө катары Аллах жетиштүү; күмөнсүз Ал пенделеринен толук кабардар,
көрүүчү.» (Исра Сүрөсү, 96)
Ошондой эле,
Аллахтын бардык окуяларды «Лавхи Махфуз» аттуу китепке жазып сактап койгонун
унутпаш керек. Биз көрбөсөк да булардын баары Лавхи Махфузда бар. Бүт баарынын
Аллахтын Кабатында Лавхи Махфуз аттуу «Негизги китепте» сакталаары төмөнкүчө
кабар берилет:
Күмөнсүз, ал –
Биздин кабатыбызда болгон Негизги Китепте; абдан улук, өкүм жана хикматка
(даанышмандыкка) толгон. (Зухруф Сүрөсү, 4)
...Кабатыбызда
(булардын баарын) сактап-коргогон бир китеп бар. (Каф Сүрөсү, 4)
Асманда жана жерде
апачык китепке (Лавхи Махфузга) жазылбаган, жашыруун эч нерсе жок. (Немл Сүрөсү,
75)
Бул дүйнөгө
келгенден баштап адамдарга коом тарабынан кээ бир түшүнүктөр сиңирилет. Алардын
бири жана балким эң маанилүүсү – бул, «көзгө көрүнгөн нерселер гана бар, көзгө
көрүнбөгөн нерселер болсо жок» деген түшүнүк. Бул туура эмес түшүнүк коомдун көпчүлүк
бөлүгү тарабынан кабыл алынып, муундан муунга эч талкуусуз өткөрүлүп келген.
Бирок адам бир
саамга бул түшүнүктү унутуп, калыс ойлоно баштаганда, такыр башкача, абдан
таасирдүү бир акыйкатты байкайт. Ал акыйкат төмөнкүдөй:
Төрөлгөндөн баштап
айланабызда көргөн нерселерибиздин бүт баарынын, дүйнөнүн, адамдардын,
жаныбарлардын, гүлдөрдүн, ал гүлдөрдүн түстөрүнүн, жыттарынын, мөмө-жемиштердин,
алардын даамдарынын, планеталардын, жылдыздардын, тоолордун, таштардын,
үйлөрдүн, космостун, кыскасы, бүт баарынын мээбиздеги копияларын гана көрүп
сезебиз жана оригиналдарын эч качан биле албайбыз. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн,
алгач сырткы дүйнө жөнүндө бизге маалымат берген сезүү органдарыбызды карайлы.
Көрүү, угуу, жыт
сезүү, даам сезүү, тийүү сезимдерибиздин баарынын иштөө механизми окшош. Сырттагы
заттардын оригиналдарынан келген таасирлер (үн, жыт, даам, сүрөттөлүш, катуулук
ж.б.) нервдерибиз аркылуу мээдеги сезүү борборлоруна жиберилет. Мээге жеткен
бул таасирлердин баары электрдик сигналдардан гана турат. Мисалы, көрүү
процессинде сырттагы бир булактан келген жарык бөлүкчөлөрү (фотондор) көздүн
арт жагындагы тордомо челге барат жана ал жерде бир катар процесстен соң
электрдик сигналдарга айландырылат. Ал сигналдар нервдер аркылуу мээнин көрүү
борборуна жиберилет. Жана биз бир канча сантиметр кубдук көрүү борборунда
түркүн түстүү, кооз, узуну, туурасы жана тереңдиги бар, үч өлчөмдүү бир дүйнөнү
көрөбүз.
Ушул эле система
башка сезүү органдарыбызга да тиешелүү. Даамдар тилибиздеги кээ бир клеткалар
тарабынан, жыттар мурундун эпителийиндеги клеткалар тарабынан, тийүүгө таандык
сезимдер (катуулук, жумшактык ж.б.) теринин астына жайгаштырылган атайын
кабылдоочулар тарабынан жана үндөр кулактагы атайын механизм тарабынан
электрдик сигналга айландырылып, мээдеги тиешелүү борборлорго жиберилет жана
ошол борборлордо кабылданат.
Муну жакшыраак
түшүнүү үчүн төмөнкү мисалды карайлы: азыр лимонад ичип жатасыз дейли. Колуңуздагы
стакандын катуулугу менен муздактыгы теринин астындагы атайын кабылдоочулар тарабынан
электрдик сигналдарга айландырылып мээге жиберилет. Ошол эле учурда лимонадга
таандык күчтүү жыт, аны ичкен учуруңуздагы таттуу даам жана стакандагы сары түс
да тиешелүү сезүү органдарыңыз тарабынан электрдик заряд түрүндө мээге жиберилет.
Андан соң столго коюп жатканыңызда стакандын айнекке тийгенинен чыккан үн да
кулагыңыз тарабынан кабылданып, мээге электрдик сигнал түрүндө жөнөтүлөт. Жана бул
сезимдердин баары мээдеги ар кайсы, бирок бири-бири менен биргелешип иштеген
сезүү борборлору тарабынан чечмеленет. Сиз болсо бул чечмелөөлөрдүн
натыйжасында бир стакан лимонад ичтим деп ойлойсуз. Башкача айтканда, негизи бардык
окуялар мээдеги сезүү борборлорунда ишке ашат, бирок сиз ал сезген
нерселериңиздин баарын анык бар деп ойлойсуз.
Бирок бул жерде
жаңылышасыз, себеби мээңизде сезген сезимдериңиздин башыңыздын сыртында
оригиналы бар деп ойлошуңуз үчүн колуңузда эч кандай далил жок.
Бул жерге чейин
айтылгандар бүгүнкү күндө илим тарабынан толук далилденген, апачык чындыктар. Кайсы
илимпоздон сурабаңыз, бул системалардын иштешин жана сиз ичинде жашаган дүйнөнүн
негизи мээңизде кабылданган бир сезимдер жыйындысы экенин сизге айтып бере
алат. Мисалы, англис физик Джон Гриббин мээнин чечмелөөлөрү тууралуу мындай
дейт:
... Туюмдарыбыз
болсо сырткы дүйнөдөн келген сигналдардын мээбиздеги бир чечмелөөсү; бакчада
бир дарак тургандай сезилет... Бирок мээм сезүү органдарымдын элегинен өткөн
сигналдарды кабылдайт (өздөштүрөт). Дарак болгону бир сигнал. Андай болсо кайсынысы
чыныгы? Сезүү органдарым пайда кылган даракпы, же бакчадагы даракпы?58
Албетте, бул
терең ойлонууну талап кылган абдан маанилүү бир чындык. Ушул кезге чейин сыртты
караганыңызда, көргөн нерселериңиздин баарын «чыныгы нерселер» деп ойлоп келген
болушуңуз мүмкүн. Бирок илим да көрсөткөндөй, сырттагы заттардын чындап бар
экенин далилдөө мүмкүн эмес.
Кыскача сүрөттөлгөн
бул чындык жашооңузда байкашыңыз керек болгон эң улуу акыйкаттардын бири.
Капкараңгы жерде миллиондогон түс
Муну дагы бир аз тереңирээк ойлоно баштаганда, абдан кереметтүү чындыктарды көрөбүз. Сезүү борборлорубуз жайгашкан мээ деп аталган жер болжол менен 1400 граммдан турган бир кесим эт. Жана ал бир кесим эт баш сөөгү деп аталган бир сөөктүн ичинде коргоого алынган. Бул коргоодон улам баш сөөгүнүн ичине сырттан жарык да, үн да, жыт да кире албайт. Баш сөөгүнүн ичи капкараңгы, толугу менен жымжырт жана эч кандай жыт жок.Бирок ошол чымкый караңгы жерде миллиондогон түрдүү түстөрдөн, ар кандай даамдардан, жыттардан жана миллиондогон түрдүү үндөрдөн турган бизге таандык бир дүйнөдө жашайбыз. Бул кандайча болот?
Караңгы жерде
жарыкты, жытсыз жерде жытты, жымжырттык өкүм сүргөн жерде ызы-чууну жана башка
сезимдерди сизге эмне сездирет? Буларды сиз үчүн ким жаратат?
Негизи жашооңуздун
ар бир көз ирмеминде кандайдыр бир мааниде керемет орун алып, абдан таң калаарлык
окуялар ишке ашууда. Жогоруда айтылгандай, мисалы ичинде отурган бөлмөңүзгө
тиешелүү бардык сезимдер электрдик сигналдарга айландырылып, мээңизге барат. Жана
ал жерде бириктирилген сезимдер мээңиз тарабынан бир бөлмөнүн сүрөттөлүшү
катары чечмеленет. Башкача айтканда, сиз бир бөлмөнүн ичинде отурам деп ойлоп
жатканыңызда, чындыгында бөлмө сиздин ичиңизде, мээңизде турган болот. Бөлмөнүн
мээде жайгашкан, тагыраак айтканда, кабылданган жери болсо абдан кичинекей,
караңгы, жымжырт бир аймак. Бирок кандайдыр бир жол менен ошол кичинекей жерге
көз алдыңыздагы учу-кыйырсыз аалам батууда. Сиз ичинде отурган тар бөлмөнү да,
учу-кыйырсыз деңизди да бир эле жерде кабылдайсыз.
Тышкы дүйнө деп
аталган сигналдарды чечмелеп, аларды маңыздуу кылган биздин мээбиз. Мисалы,
угуу сезимин карайлы. Кулагыбызга келген үн толкундарын чечмелеп, аны
симфонияга айланткан негизи мээбиз. Башкача айтканда, музыка – мээбиз пайда
кылган бир сезим. Түстөр негизи көзүбүзгө келген нурдун ар кандай толкун
узундуктары. Ал ар кандай толкун узундуктарын түстөргө айланткан да кайра эле
мээбиз. Тышкы дүйнөдө түс жок. Алма кызыл эмес, асман көк эмес, дарактар да
жашыл эмес. Алар биз ошондой кабылдаганыбыз үчүн гана ошондой. Тышкы дүйнө
толугу менен кабылдагандан көз-каранды. Мисалы, көздөгү тордомо челде бир
көйгөйдүн пайда болушу түс сокурдугуна себеп болот. Кээ бир адамдар көктү
жашыл, кээ бирлери кызылды көк кылып көрөт. Андан соң сырттагы заттын түстүү
болуп болбошу маанисиз болуп калат. Белгилүү ойчул Беркли бул акыйкатка
төмөнкүчө көңүл бурган:
Башында түстөр,
жыттар ж.б. «чындап бар» деп кабыл алынчу, бирок кийинчерээк мындай
көз-караштар четке кагылды жана булардын сезүү органдарыбыздан улам гана бар болоору
аныкталды.59
Жыйынтыктасак,
биз заттарды алар түстүү болгону үчүн же сыртта материалдык оригиналы бар
болгону үчүн түстүү көрүп жаткан жокпуз. Анткени биз заттарды сүрөттөгөн бардык
сыпаттар «тышкы дүйнөдө» эмес, ичибизде.
Бул акыйкатты
балким ушул күнгө чейин эч ойлонбогон болушуңуз мүмкүн.
Сыртыбызда эмне бар?
Бул жерге чейин «баарын
башыбыздын ичинде сезебиз, сезүү органдарыбыз көрсөткөндөн башка бир нерсени
кабылдай албайбыз» деп айттык. Дагы бир кадам алдыга жылалы: «биз кабылдаган
нерселер чындап эле барбы, же баары элеспи?»
Муну төмөнкүдөй
бир суроо менен баштайлы: көрүү-угуу үчүн тышкы дүйнө болушу шартпы?
Жок, кабылдоо
үчүн тышкы дүйнөгө эч кандай муктаждык жок. Кандайдыр бир жол менен мээге
сигнал жиберилсе эле, бардык сезүү органдары иштеп, сезимдер, сүрөттөлүштөр
жана үндөр пайда боло алат. Түштөр мунун апачык далили.
Түш көргөндө,
денеңиз демейде караңгы, жымжырт бөлмөдө, кыймылсыз жаткан болот жана
көздөрүңүз жумулуу болот. Мээңиз кабылдашы үчүн сырттан сизге жарык да, үн да,
башка кандайдыр бир нерсе да келбейт. Бирок түшүңүздө бүт баарын ойгоо
кездегидей эле көрүп сезесиз. Түшүңүздө да эрте менен ойгонуп, жумушка шашасыз.
Же эс алууга чыгып, деңиздин жээгине барасыз жана ал жерде күндүн ысыгын
сезесиз.
Ал тургай, түш
көрүп жатканда көргөндөрүңүздүн чындык экенине толук ишенесиз жана ойгонгондо
гана ойлонуп, бүт баарынын түш экенин түшүнөсүз. Түшүңүздө коркуу, толкундануу,
кубануу, кайгыруу сыяктуу сезимдерди сезесиз жана ар кандай сүрөттөлүштөрдү
көрүп, үндөрдү угуп, заттын катуулугун туясыз. Бирок бул сезимдерге жана
кабылдоолорго себепчи боло турган эч кандай булак жок. Караңгы жана жымжырт бир
бөлмөдө жаткан болосуз. Түшкө байланыштуу бул таң калаарлык чындык жөнүндө
белгилүү ойчул Декарт мындай дейт:
Түшүмдө бир
нерселерди кылганымды, бир жактарга барганымды көрөм; ойгонгондо болсо эч нерсе
кылбаганымды, эч жакка барбаганымды, тынч гана төшөктө жатканымды түшүнөм. Менин
азыр түш көрүп жатпаганыма, ал тургай, бүт өмүрүмдүн түш эмес экенине ким
кепилдик бере алат?60
Демек түштөрүбүздү
чындык деп ойлоп, ойгонгонубузда гана түш экенин түшүнгөнүбүз сыяктуу, бул
дүйнө жашообузду да чындык деп айта албайбыз. Анда балким бир күнү «чыныгы
жашоо» деп ойлогон бул жашообуздан ойготулуп, чындап чыныгы жашоого өтөбүз. «Жок,
бул андай эмес» деп айткыдай колубузда бир дагы далил жок. Тескерисинче илимий
ачылыштардын баары бизге көрүп сезген нерселерибиздин заттык реалдуулугунун жок
экендиги тууралуу олуттуу маалыматтарды берүүдө.
Демек чындык
апачык көрүнүп турат: ичинде жашап жаткан дүйнөнү бар деп кабыл алып, биз ошол дүйнөнүн
ичинде жашап жатабыз деп ойлоп жатканыбызда, чындыгында мындай дүйнөнүн заттык
реалдуулугун жакташыбызга эч кандай негиз жок. Булардын баары бизге жасалма түрдө
берилген, чындыгында реалдуулугу жок сезимдерден гана турушу мүмкүн.
Мээбиз тышкы дүйнөдөн өзүнчөбү?
Жогоруда түшүндүрүлгөндөй,
тышкы дүйнө деп аталган нерселердин баары бизге көрсөтүлгөн сезимдер гана
болсо, алардын баарын көрүп сезип жатат деп ойлогон мээбиз кандай болот? Мээбиз
да бардык заттар сыяктуу, атомдордон, молекулалардан турган бир жыйынды эмеспи?
Зат деп аталган бүт
нерселер сыяктуу, мээбиз да бир кабылдоо, башкача айтканда, өзгөчө бир нерсе эмес.
Анткени мээ деп аталган бир кесим этти да сезүү органдарыбыз аркылуу көрүп тааныйбыз.
Ал дагы биз сыртта бар деп ойлогон бүт нерселер сыяктуу, биз үчүн бир элес
гана.
Андай болсо
булардын баарын ким кабылдайт? Көргөн, уккан, сезген, жыттаган, даамын сезген
мээ эмес болсо, анда эмне?
Мына ушул жерде
апачык акыйкатты түшүнөбүз: адам аң-сезимдүү, көрө алган, сезе алган, ойлоно
алган, сын-пикир жүргүзө алган бир жандык катары, затты түзгөн атомдордон жана
молекулалардан такыр башка бир нерсе. Адамды адам кылган – Аллах тарабынан ага
берилген «рух». Болбосо адамдын аң-сезимин жана бардык адамдык жөндөмдөрүн болжол
менен 1,5 килограммдык, болгондо да элес түрүндө гана бар болгон бир кесим этке
жүктөө акылга эч туура келбейт.
Бизге эң жакын зат Аллах
Жогоруда түшүндүрүлгөндөй,
тышкы дүйнө деп аталган нерселердин баары бизге көрсөтүлгөн сезимдер гана
болсо, алардын баарын көрүп сезип жатат деп ойлогон мээбиз кандай болот? Мээбиз
да бардык заттар сыяктуу, атомдордон, молекулалардан турган бир жыйынды эмеспи?
Зат деп аталган бүт
нерселер сыяктуу, мээбиз да бир кабылдоо, башкача айтканда, өзгөчө бир нерсе эмес.
Анткени мээ деп аталган бир кесим этти да сезүү органдарыбыз аркылуу көрүп тааныйбыз.
Ал дагы биз сыртта бар деп ойлогон бүт нерселер сыяктуу, биз үчүн бир элес
гана.
Андай болсо
булардын баарын ким кабылдайт? Көргөн, уккан, сезген, жыттаган, даамын сезген
мээ эмес болсо, анда эмне?
Мына ушул жерде
апачык акыйкатты түшүнөбүз: адам аң-сезимдүү, көрө алган, сезе алган, ойлоно
алган, сын-пикир жүргүзө алган бир жандык катары, затты түзгөн атомдордон жана
молекулалардан такыр башка бир нерсе. Адамды адам кылган – Аллах тарабынан ага
берилген «рух». Болбосо адамдын аң-сезимин жана бардык адамдык жөндөмдөрүн болжол
менен 1,5 килограммдык, болгондо да элес түрүндө гана бар болгон бир кесим этке
жүктөө акылга эч туура келбейт.
Ал – жараткан нерселеринин
баарын эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган (Зат). Кийин
анын урпагын бир маңыздан, болгону бир суудан жасаган. Кийин аны «оңдоп, бир
калыпка салды» жана ага рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөрдү жана
көңүлдөрдү жаратты. Канчалык аз шүгүр кыласыңар? (Сажда Сүрөсү, 7-9)
БУЛ ТЕМАНЫН МААНИЛҮҮЛҮГҮ
Бул бөлүмдө каралган заттын артындагы сыр темасын туура түшүнүү абдан маанилүү. Биз көргөн нерселердин баары, тоолор, түздүктөр, гүлдөр, адамдар, деңиздер, кыскасы, көргөн нерселерибиздин баары, Аллах Куранда бар экенин, жоктон жаратканын билдирген нерселердин баары жаратылган жана бар. Бирок адамдар алардын оригиналдарын сезүү органдары аркылуу көрө алышпайт, уга алышпайт жана сезе алышпайт. Ал нерселердин мээлериндеги копияларын көрүп, сезишет. Бул бир илимий чындык жана учурда медицина факультеттери баш болуп, бардык окуу жайларында окутулат. Мисалы, бул китепти (текстти) окуган бир адам анын оригиналын көрө албайт, бул китептин оригиналына тийе албайт. Бул китептин оригиналынан келген нур адамдын көзүндөгү кээ бир клеткалар тарабынан электрдик сигналга айландырылат. Ал электрдик сигнал мээнин артындагы көрүү борборуна барып, ал борборду стимулдайт. Жана адамдын мээсинин арт жагында бул китептин сүрөттөлүшү пайда болот. Башкача айтканда, сиз азыр көзүңүз менен көзүңүздүн алдындагы китепти окуп жаткан жоксуз. Бул китептеги жазуулар сиздин мээңиздин артындагы көрүү борборунда пайда болуп жатат. Сиз окуган текст мээңиздин артындагы «копия текст». Бул тексттин оригиналын болсо Аллах көрөт.Бирок бир
нерсени унутпаш керек, заттын мээбизде пайда болгон бир элес болушу ал «жок»
деген мааниге келбейт. Бирок бизге адамдар көрүп сезген заттын маңызы тууралуу маалымат
берет: заттын оригиналын эч бир адам көрүп сезе албайт. Ошондой эле, сыртта
заттын бар экенин бизден башка көргөн жандыктар да бар. Аллахтын периштелери,
катчы кылып дайындаган элчилери да бул дүйнөгө күбө болушууда:
Анын оң жана сол тарабында отурган эки жазгыч жазып
жатканда, ал кандай сөз (кандай нерсе) айткан болсо, сөзсүз жанында даяр бир
көзөмөлчү турат. (Каф Сүрөсү, 17-18)
Баарынан маанилүүсү,
эң башта Аллах бүт баарын көрүп турат. Бул дүйнөнү бардык майда-бараттарына
чейин Аллах жараткан жана Аллах бүт баарын көрүп турат. Курандын аяттарында
мындай деп кабар берилет:
... Аллахтан коркуп
тартынгыла жана билип койгула, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Бакара Сүрөсү,
233)
Айткын: «Мени менен
араңарда күбө катары Аллах жетиштүү; күмөнсүз Ал пенделеринен толук кабардар,
көрүүчү.» (Исра Сүрөсү, 96)
Ошондой эле,
Аллахтын бардык окуяларды «Лавхи Махфуз» аттуу китепке жазып сактап койгонун
унутпаш керек. Биз көрбөсөк да булардын баары Лавхи Махфузда бар. Бүт баарынын
Аллахтын Кабатында Лавхи Махфуз аттуу «Негизги китепте» сакталаары төмөнкүчө
кабар берилет:
Күмөнсүз, ал –
Биздин кабатыбызда болгон Негизги Китепте; абдан улук, өкүм жана хикматка
(даанышмандыкка) толгон. (Зухруф Сүрөсү, 4)
...Кабатыбызда
(булардын баарын) сактап-коргогон бир китеп бар. (Каф Сүрөсү, 4)
Асманда жана жерде
апачык китепке (Лавхи Махфузга) жазылбаган, жашыруун эч нерсе жок. (Немл Сүрөсү,
75)
Булактар:
58. Taşkın Tuna, Uzayın Ötesi, s.194
59. Treaties Concerning the Principle of Human Knowledge", 1710, Works of George Berkeley, vol.1, ed.A. Fraser, Oxford, 1871
60. Macit Gökberk, Felsefe Tarihi, s.263








Hiç yorum yok:
Yorum Gönder